Бала- бакыт, бала-кубаныч… Рамазан айындагы ары сооптуу, ары пайдалуу иш-аракеттер уланууда. Ала-Бука айылынын С.Ибраимов жана Кулбаев көчөлөрүндөгү эки кабаттуу үйлөрдүн алдына балдар ойноочу аянтчалар курулуп, пайдаланууга берилди. Бала кубанса, аалам кубанат демекчи кичинекей наристелердин кубанычында чек жок!… Ошондой эле Сары-Талаа айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына тургузулган эстеликтин калыбына келтирүү жумуштары да аткарылды. Ошону менен эле катар Сапалак айылындагы Рыскулбеков көчөсүнө трансформатор орнотулду.
Бейиш- Эне таманы астында «…Орозонуздар кабыл болсун!…
Нуркул Орозалиев көчөсүн асфальттоо иштери башталды…
Эч ким, эч нерсе унутулбайт!… 9-май Улуу Жеңиш күнү!…
Жеңиш майрамы Ала-Бука районунда чоң салтанат менен белгиленди. Иш-чара Жеңиш эс алуу паркындагы «белгисиз жоокер» эстелигине гүл кою менен башталып, согушта курман болгон жоокерлерге багышталып куран окутулуп, алардын жаркын элестерин эскерүү митинги өткөрүлдү. Майрамдык иш-чара райондун борбордук аянтын көздөй улантылып,»өлбөс полк» жүрүшү өттү. Маданий массалык иш-чаралар, куралдуу күчтөрдөн түзүлгөн аскердик жана оор техникалык парад майрамдык маанайды көркүнө чыгарды.
Райондун акими Э.Абдыкадыров жана Жогорку Кеңештин депутаты А.Турсунбаев жана башкалар райондун калкын дегеле бүтүндөй Кыргызстандыктарды Улуу Жеңиштин 74 жылдык маарекеси менен куттукташты. 9-Май Жеңиштин Улуу майрамына урматына Ала-Бука айыл аймагындагы согуш маалындагы ооруктун катышуучуларына,эмгектин ардагерлерине жана майыптарына, согуш ардагерлеринин жесир аялдарына Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбаев Азизбек Атакозуевичтин катышуусунда белектер тапшырылды.
Райондогу мекеме иш-каналардын жетекчилиги, айыл өкмөт башчылары, райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте согуштун 2 ардагерине токулуу жылкы миндиришти.
Улуу жеңиш күнү 1-Май айылында….
1-Май айыл аймагынын эли Улуу Жеңишти 74 жылдык майрамын согуштун ардагери, кадырлуу аксакал Насирдин ата менен бирге майрамдады.
Салтанатка Жогорку Кенештин депутаты А.Турсунбаев,Ала-Бука районунун акими Э.Абдыкадыров баштаган жетекчилер катышышты. Ардагерге тойлорго, жакшылыктарга минип жүрсүн деп, жорго тулпар белеке берилди. Ооруктун,эмгектин ардагерлерине баалуу, акчалай сыйлыктар тапшырды.
Курманбаев Абдиназар агабыздын жаркын элесине арналган турнир….
Ак-Там айыл аймагына караштуу Жапа-Салды айылында СССРдин волейбол спорт түрү боюнча курама командасынын оюнчусу жана волейбол боюнча спорт чебери маркум Курманбаев Абдиназар агабыздин жаркын элесине арналган спорттук турнир болуп өттү. Ачылыш аземинде Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Эмилбек Ысакулович баштаган бир катар жетекчилер, маркумдун туугандары сөзгө чыгышып, спортчуларга ийгилик каалашты. Иш-чарага район аймагынан келген волейбол командалары катышышып, жыйынтыгында:1-орунду Сары-Талаа, 2-орунду Кош-Алмурут, 3-орунду Келте жана 4-орунду Баймак командалары ээлешти. Жеңүүчүлөргө турнир кубогу жана акчалай сыйлыктар ташырылды.
Улуу жеңишке 74 жыл! ….
Өрүктү айыл аймагынын жалпы иш коллективи мектеп окуучулары, мугалимлери жана айылдык маданият өкүлдөрү менен биргеликте Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына арналган чакан иш-чара өткөрүштү. Иш-чара согуштун жана тылда эмгектенген ардагерлерин эскерүү менен башталып, Өрүктү айыл аймагынын башчысы Р.Н.Кийикбаев жана А.Жуманазаров орто мектебинин директору Н.Усенбаева- катышуучуларды жана жалпы элибизди улуу жеңиштин майрамы менен куттуктап, окуучуларды патритоттуулукка чакырды. Окуучулар өздөрүнүн даярдаган Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестинен чакан көрүнүш аткарып беришти.
Китеп кербени Ала-Букада….
1-Май айыл аймагы — спорттун, эмгектин, алдыңкы маданияттын мекени!!! …
Акыркы учурларда спорттун волейбол түрүнөн 1-Май айыл аймагынын курама командасы жакшы ийгиликтерди жаратууда. Чаткал районунун Сумсар айыл аймагында өткөн «Мавлянов Эмирлан» атындагы «Достук » кубогунда 1-Май айыл аймагынын волейболчүлары II орунду багындырышты.
Волейболчулар салтанаттуу кабыл алынып, каалоо-тилектер,алкыштар айтылып, белек-бечкектер тапшырылды.Бул жетишкендик «1-Май айыл аймагы спорттун, эмгектин, алдыңкы маданияттын мекени!!! » деген ураанага дагы бир мисал…