Аялдардын эл аралык майрамынын урматына салтанаттуу майрамдык иш-чараны жогорку денгээлде өткөрүлдү. Аймагыбыз Сиздер менен ар убак сыймыктанат!!! Бар бол,аялзаты!!!
Ааламдын ажарлуу айымдарына арналган майрамдык маанай Ак-Там айыл аймагында…
Эң ыйык инсандар майрамы…Апалар майрамы…
8-март аялдардын эл аралык майрамына арналган иш чара райондук маданият үйүндө болуп өттү. Майрамда райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Э. Абдыкадыров, депутаттардын кошмо жыйынынын төрагасы М. Мамырбеков, Ала-Бука айылдык аймагынын башчысы М. Дооранбек уулу куттуктоо айтып, жалпы аялзатын майрамы менен куттуктады. 30670 Аскер бөлүгүнүн жоокерлери аялдарды тосуп алып, гүлдөрдү беришти. Ошондой эле Жогорку кеңештин депутаты А.Турсунбаевдин белектери, райондук мамлекеттик администрациясынын белектери райондун социалдык-экономикалык экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Ардак грамота менен белектер берилди. Баткен согушунун катышуучулары Ш.Мадраимов, М.Ашырбековдун энелерине “Эне даңк” медалы, Ала-Бука колледжинин директору, доцен С.Рысбаевага төш белги тапшырылды. Иш чараны райондун жигиттери маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулган концерт коштоп турду. Ошону менен бирге райондук үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун директорунун орунбасары Ж.Тажибекова, Т.Балтагулов атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын завучу К.Сатиева КРӨ Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Сатыбалдиевдин Ардак грамоталары тапшырылды.
“Дени сак эне – дени сак улут”
Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен бардык айылдык аймактарынан, райондук мекеме ишканалардан түзүлгөн аялдар командаларынын арасында 8-Март аялдардын эл аралык майрамына карата’Дени сак эне- дени сак улут” аттуу спорттук мелдеш болуп өттү. Бул мелдеште Ак-Коргон айылдык аймагынын волейболчу кыздары биринчи орунду ээлеп, сыйлыктар жана кубоктун ээси болушту. Ал эми экинчи орунду Ала-Бука айылдык аймагынын кыздары багындырышты, сыйлыктарды райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Усенбаева тапшырып, жеңиштери менен куттуктады.
Жарыя…
БАЛАТЫ МАЙРАМЫ….
Ала-Бука районунда акимдин балаты майрамы жогорку деңгээлде өттү. Аз камсыз болгон, турмуш шарты оор үй бүлөлөрдөн 60 бала катышып, белектер менен кайтышты. Балдар үчүн билим берүү бөлүмүнүн чыгармачылык үйүнүн тарбиялануучулары майрамдык маанай тартуулашты. Мындан сырткары Шекафтар шаарчасындагы мектеп интернатта тарбияланып жаткан Ала-Букадан барган 41 турмуш шарты оор балдар да рай администрациясынын башчысы аким Э.Абдыкадыровдун белектерине ээ болушту.
“Биз биргебиз!”
3-декабрь Бүткүл дүйнөлүк ДМЧАдын күнүнө арналган”Биз биргебиз!” иш-чарасы болуп өттү. Райондун аймагындагы бардык айылдык аймактардан келген 100 жаранга райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.Абдыкадыров, орун басары К.Усенбаева, Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын төрагасы М.Мамырбековдор белектерди тапшырып, “Бакыт Ордо” тойканасында сый тамак тартууланды.
1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү!….
Бүгүн Ала-Бука районунун борборунда “Бүткүл дүйнөлүк СПИД ке каршы күнүнө” карата акция болуп өттү. Акцияга аймактык ооруканасынын, үй бүлөлүк медицина борборунун жана Ала-Бука колледжинин студенттеринин, Т.Балтагулов атындагы орто мектебинин окуучулары активдүүлүгүн көрсөтүштү. Жалпы райондун тургундарына жана конокторуна маалыматтар берилип, маалым кагаздар таркатылды
Аймактарды өнүктүрүү жылына карата дагы бир жакшы саамалык…
Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын Өрүктү айыл аймагына иш-сапары…
2018-жылдын 13-ноябрында райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Абдыкадыров Эмилбек Ысакович Өрүктү айыл айманынын аппарат кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда төмөнкү маселелер каралды:
1. Аппарат кызматкерлери менен таанышуу.
2. Айыл аймагында 2018-жылга түзүлгөн иш пландардын аткарылышын талкуулоо.
3. 2019-жылдын иш план түзүү жана иш пландын аткарылышы тиешелүү адистерге жүктөлдү.
Alabuka.kg Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайты





















