INILIFE.RU

Ааламдын ажарлуу айымдарына арналган майрамдык маанай Ак-Там айыл аймагында…

Ааламдын ажарлуу айымдары майрамыныздар менен!Ак-Там айылдык аймагында айымдардын майрамына арналган иш-чаралар болуп отту.Жогорку Кенештин депутаты АзизбекТурсунбаевдин, аймактагы 100 айымга арналган белектери жана Айылдык аймактын атынан чыгаан айымдарга майрамдык белектер тапшырылды.

 

Эң ыйык инсандар майрамы…Апалар майрамы…

8-март аялдардын эл аралык майрамына арналган иш чара райондук маданият үйүндө болуп өттү. Майрамда райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Э. Абдыкадыров, депутаттардын кошмо жыйынынын төрагасы М. Мамырбеков, Ала-Бука айылдык аймагынын башчысы М. Дооранбек уулу куттуктоо айтып, жалпы аялзатын майрамы менен куттуктады. 30670 Аскер бөлүгүнүн жоокерлери аялдарды тосуп алып, гүлдөрдү беришти. Ошондой эле Жогорку кеңештин депутаты А.Турсунбаевдин белектери, райондук мамлекеттик администрациясынын белектери райондун социалдык-экономикалык экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Ардак грамота менен белектер берилди. Баткен согушунун катышуучулары Ш.Мадраимов, М.Ашырбековдун энелерине «Эне даңк» медалы, Ала-Бука колледжинин директору, доцен С.Рысбаевага төш белги тапшырылды. Иш чараны райондун жигиттери маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулган концерт коштоп турду. Ошону менен бирге райондук үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун директорунун орунбасары Ж.Тажибекова, Т.Балтагулов атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын завучу К.Сатиева КРӨ Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Сатыбалдиевдин Ардак грамоталары тапшырылды.

8-Март Аялдардын эл аралык майрамы..

Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылдык аймагында 8-Март Аялдардын эл аралык майрамына карата иш чара айыл өкмөтү тарабынан уюштурулуп өткөрүлдү. Иш чарага эмгектин ардагерлери, баатыр энелер, аялдар кеңештери чакырылып, майрамдык концерт, сый белектери менен тартууланды. Концерттин акырында энелер үчүн фуршет уюштурулду. Ак-Коргон айыл өкмөт башчысы Г.Фарманкулов, райондук этностор аралык агенттиктин катчысы Ю. Тураббаев жана айыл аймактын белгилүү инсандары куттуктоо жолдошту. Райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси Г.Курманбаева райондун акими Э.Абдыкадыровдун куттуктоосун жалпы айылдык аймактын аялдарына арнады.

«Дени сак эне — дени сак улут»

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен бардык айылдык аймактарынан, райондук мекеме ишканалардан түзүлгөн аялдар командаларынын арасында 8-Март аялдардын эл аралык майрамына карата’Дени сак эне- дени сак улут» аттуу спорттук мелдеш болуп өттү. Бул мелдеште Ак-Коргон айылдык аймагынын волейболчу кыздары биринчи орунду ээлеп, сыйлыктар жана кубоктун ээси болушту. Ал эми экинчи орунду Ала-Бука айылдык аймагынын кыздары багындырышты, сыйлыктарды райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Усенбаева тапшырып, жеңиштери менен куттуктады.

Ак калпак майрамы Ак-Коргондо..

Ак-Коргон айыл аймагында, 21 чи лицей мугалимдери,окуучулары жана Ак-Коргон айыл өкмөтү биргеликте 5-март ак калпак күнүнө карата жүрүш жасашты. Анын негизги максаты, улуттук баш кийимибиздин баркын даңазалоо жана баалуулугун түшүндүрүү болуп саналат.Ак калпак күнүнөр кут болсун.

Жаңы кодекстер тууралуу жыйын Ак-Коргон айыл өкмөтүндө…

Ала-Бука районунун Ак-коргон айыл өкмөтүндө 2019-жылдын 1-январынан баштап ишке кирген жаңы кодекстер,балдарга ырайымсыз мамиле жана зордук зомбулуктун алдын алуу,чек-ара маселелери ошондой эле терроризм,экстремизм көйгөйлөрүн камтыган чоң жыйын болуп өттү. Жыйынга Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары К.Усенбаева,РИИБнын башчысы милициянын полковниги Р.Сулайманов,райондук прокурорунун жардамчысы Н.Бедияров,аскер болугунун юристи И.Асанов,жана Ак-Коргон айыл аймагынын башчысы Г.Фарманкулов ошондой эле көптөгөн райондук жетекчилер катышышты. Жыйында чогулган элдердин көйгөйлүү суроолоруна жооп берилди.

 

 

Ак-Коргон айыл өкмөтүндө аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата жакшы саамалыктар…

Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл өкмөтүндө,аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын адкагында көптөгөн иш чаралар өтүп жатат. Буга мисал келтирсек,Сафед-Булан айылында жабык кичи футбол аянтчасынын ачылышы. Ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбаев Азизбек Атакозуевич, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрация сынын башчысы аким Эмилбек Абдыкадыров, Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн башсысы Галибжан Фарманкулов жана башка кишилер катышышты.Ачылышта КР гимни ойнолуп,жаштарга жылуу сөздөр айтылды. Андан сырткары ошол эле айыл өкмөтүндө көк-бөрү боюнча да оюндар өттү . Ага Аксы районунан да көк-бөрүчүлөр катышышты.Иш чара өтө жогорку деңгээлде өтүп, аксакалдар өз баталарын беришип, элибизге, жерибизге жылуу тилектер айтылды.

Жарыя…


 

БАЛАТЫ МАЙРАМЫ….

Ала-Бука районунда акимдин балаты майрамы жогорку деңгээлде өттү. Аз камсыз болгон, турмуш шарты оор үй бүлөлөрдөн 60 бала катышып, белектер менен кайтышты. Балдар үчүн билим берүү бөлүмүнүн чыгармачылык үйүнүн тарбиялануучулары майрамдык маанай тартуулашты. Мындан сырткары Шекафтар шаарчасындагы мектеп интернатта тарбияланып жаткан Ала-Букадан барган 41 турмуш шарты оор балдар да рай администрациясынын башчысы аким Э.Абдыкадыровдун белектерине ээ болушту.

Толугун окуу »

«Биз биргебиз!»

3-декабрь Бүткүл дүйнөлүк ДМЧАдын күнүнө арналган»Биз биргебиз!» иш-чарасы болуп өттү.  Райондун аймагындагы бардык айылдык аймактардан келген 100 жаранга райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.Абдыкадыров, орун басары К.Усенбаева, Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын төрагасы М.Мамырбековдор белектерди тапшырып, «Бакыт Ордо» тойканасында сый тамак тартууланды.

 

Scroll To Top