INILIFE.RU

1-Май айыл аймагы — спорттун, эмгектин, алдыңкы маданияттын мекени!!! …

Акыркы учурларда спорттун волейбол түрүнөн 1-Май айыл аймагынын курама командасы жакшы ийгиликтерди жаратууда. Чаткал районунун Сумсар айыл аймагында өткөн «Мавлянов Эмирлан» атындагы «Достук » кубогунда 1-Май айыл аймагынын волейболчүлары II орунду багындырышты.
Волейболчулар салтанаттуу кабыл алынып, каалоо-тилектер,алкыштар айтылып, белек-бечкектер тапшырылды.Бул жетишкендик «1-Май айыл аймагы спорттун, эмгектин, алдыңкы маданияттын мекени!!! » деген ураанага дагы бир мисал…

Сары-Талаа айылында асфальттоо иштери башталды.

2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында  Ала-Бука айыл аймагындагы Сары-Талаа айылынын Н.Орозалиев кочосун асфальттоо иштери башталды.

Чернобыль апаатынын 33 жылдыгы белгиленди.

Ала-Бука педагогикалык коледжинде Чернобыль апаатынын 33 жылдыгы белгиленди. Ала -Бука районунан 28 ардагер чакырылып, Ала-Бука коледжинин студенттери тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары К.Усенбаева баштаган мекеме уюмдардын өкүлдөрү катышып, өз сыйлыктарын тартуулашты.Ошондой Чернобыль АЭСнын катышуучуларына ардак громата жана акчалай сыйлыктар Ала-Бука айыл өкмөтү тарабынан да берилди. Чернобыль апаатынын катышуучулары менен биргеликте  үй-бүлө мүчөлөрунө сый-тамак тартууланды.

Нурмолдо эс алуу паркында ишенбилик…

13-апрель 2019-жылы Ала-Бука айылдык аймагынын Нурмолдо паркында ишембилик болуп өттү, ишембиликти Айыл Өкмөтү жана мекеме-уюмдардын кызматкерлери өткөрүштү.

«Элдердин достугу» фестивалы Ак-Коргон айыл аймагында…

2019-жыл региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында, Ак-Коргон айыл аймагында 16-апрель күнү «элдердин достугу» аттуу фестиваль болуп өттү.Бул иш чарага район акими Э.Абдыкадыров, райондук администрация башчысынын орун басары К.Усенбаева, Ташкенттен келген журналист В.Турдубаева жана областык телевидениядан, КР улуттук «Кызыл жарым ай» коомунан келип катышып, белектерди тапшырышты.Бул иш-чарада кыргыз, өзбек, тажик улутундагылар өз салттарын, тамак аш, улуттук кийимдерин көрсөтүштү.Фестивалдын максаты улуттар достугун чындоо болуп,жогорку деңгээлде өттү.

Балдарга карата ырайымсыз мамилелерди жана зордук зомбулук, укук бузуулардын алдын алуу боюнча, көчмө жыйын Ак-Коргон айыл өкмөтүндө…

Ак-Коргон айыл өкмөтүндө, 2019-жылдын 3-апрелинде, балдарга карата ырайымсыз мамилелерди жана зордук зомбулук, укук бузуулардын алдын алуу боюнча, көчмө жыйын болуп өттү.Көчмө жыйынга Ала-Бука РМА башчысынын орун басары К.Усенбаева, райондук СОС өнүгүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Г.Чокоева жана айыл аймагындагы мектеп, ҮБДТ, ГСВ  оруукана жетекчилери,соц. педагогтор, соц кызматкерлер, айыл башчылары катышышты. Жыйынды Айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т. Төрөбеков алып барды. Жыйында ар кандай көйгөйлүү маселелер каралып талкууланды.

Өрүктү айыл аймагында жыл жыйынтыгынын жыйыны…

Өрүктү айыл аймагынын башчысы Рустам Кийикбаев 2018-жыл аралыгында аткарылган иштер боюнча бүгүн жергиликтүү тургундарга отчёт берди.  Иш-чарага Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Абдыкадыров Эмилбек Ысакулович жана мекеме уюмдардын жетекчилери  катышты.2018-жылда айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкош тургундарга, ишкерлерге, спортсмендерге «Ардак грамота» жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Өрүктү айылынын тургуну,акын, «Жазуучулар союзунун мүчөсү» Турумбетова Василяга Өрүктү айыл аймактын «Ардактуу айымы» наамы жана акчалай сыйлык берилди.

Ак-Коргон айылдык аймагында отчеттук жыйналыш….

Бүгүн Ак-Коргон айылдык аймагында райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.Абдыкадыровдун эл менен болгон жолугушуусу жана Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Фарманкуловдун отчеттук жыйналышы болуп өттү. Мында 2018-ж. аткарылган иштер жана 2019-жылга коюлган милдеттер тууралуу айтылып, суроо-жооптор айтылды. Эң көйгөйлүү болгон сугат суу, Падек айылындагы таза суу, оорукана, жол, балдар үчүн күбөлүк алуу үчүн аймакка филиал ачуу проблемалары көтөрүлдү. Райондон барган жетекчилер суроолорго жооп беришип, көйгөйлөрдү чечүүдө чечкиндүү кадамдарга баруу керек экендиги аким тарабынан белгиленди. Жыйындын аягында айылдык аймактын социалдык-экономикалык тармагына зор салымын кошкон тургундар айыл өкмөтүнүн»Ардак грамоталары»менен сыйланышты.

Ак-Коргон айыл аймагында жыл жаңырткан нооруз майрамы….

Ак-Коргон айыл аймагында жыл жаңырткан нооруз майрамы болуп өттү. Бул майрамга Кыргыз Республикасынын Жалал-Абал областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ызабеков Ырысбек Темирбекович, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Абдыкадыров Эмилбек Ысакулович жана Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Фармакулов Голибжон Рахманбердиевич катышышты. Аба ырайынын ынжыктыгына карабастан топтолгон эл көтөрүңкү маанайда тосушту. Көптөгөн кол өнөрчүлүк, элдик тамак-аш,ыр-бийлер менен коштолду. Жыйылган эл майрамдык көтөрүңкү денгээлде тосушту.

1-Май айыл аймагында эл аралык деңгээлдеги ишембилик…

         Республикалык масштабда жарыяланган ишембилик  1-Май айыл аймагында эл аралык деңгээлге чыгып, жогорку даражада өткөрүлдү!!! Коншулаш Өзбекстан Республикасынын Касан-Сай районунан ишембиликке 21 даана атайын техника, 200 чукул коноктор келишти. Ишембиликтин кульминациясы-район хокими Баходир аке өзү баштап, кечке чейин Ала-Бука районунун акиминин орун басары Бектур Сагымбаев баштаган жетекчилер менен бирге болду!!! Эки элдин ынтымагына багышталып, мал союлуп, бата тиленип, ыр-бий аралашкан эмгек майрамы өзгөчө болду!!!

Scroll To Top