АЙМАКТАР | Alabuka.kg | Page 6
КАБАРЛАР
INILIFE.RU
Башкы бет / АЙМАКТАР (page 6)

АЙМАКТАР

Аялдардын эл аралык майрамы Өрүктү айыл аймагында…

Өрүктү айыл аймагында “Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылынын алкагында 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата “Кайнене берген сабактан келиндер өсөт дарактай” аттуу концерттик программа райондук денгээлде болуп өттү.

Ага утурлай Р. Надырбеков атындагы маданият үйүндө айылдар аралык жылына өтүүчү “Ыр кесе” аттуу концерттик программа болуп, майрамдык маанаай шаан-шөөкөт менен уланды.

Ошону менен эле бирге Шакен Жоробекова атындагы маданият үйүндө 8- март Аялдардын эл аралык майрамына карата уюштурулган концерттик программага Өрүктү айыл аймагынан 9 аял катышып Ызабаева Гуля айым ардак граммота менен сыйланды.

Аялдардын эл аралык майрамынын урматына салтанаттуу майрамдык иш-чара 1-Май айыл аймагында…

Аялдардын эл аралык майрамынын урматына салтанаттуу майрамдык иш-чараны жогорку денгээлде өткөрүлдү. Аймагыбыз Сиздер менен ар убак сыймыктанат!!! Бар бол,аялзаты!!!

Ааламдын ажарлуу айымдарына арналган майрамдык маанай Ак-Там айыл аймагында…

Ааламдын ажарлуу айымдары майрамыныздар менен!Ак-Там айылдык аймагында айымдардын майрамына арналган иш-чаралар болуп отту.Жогорку Кенештин депутаты АзизбекТурсунбаевдин, аймактагы 100 айымга арналган белектери жана Айылдык аймактын атынан чыгаан айымдарга майрамдык белектер тапшырылды.

 

Аймактарды өнүктүрүү жылына карата дагы бир жакшы саамалык…

Көк-Серек айыл өкмөтүндө МТЗ 82 тракторлору 3 даана, прицеп 1даана, пресспадборщик 1даана тапшырылды. Аристен каржыланып калган 15 пайызын элдин салымы жергиликтүү бюджеттен каржыланды. айыл чарба техникалары  тандалган айдоочуларга тапшырылды.

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын Өрүктү айыл аймагына иш-сапары…

2018-жылдын 13-ноябрында райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Абдыкадыров Эмилбек Ысакович Өрүктү айыл айманынын аппарат кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда төмөнкү маселелер каралды:
1. Аппарат кызматкерлери менен таанышуу.
2. Айыл аймагында 2018-жылга түзүлгөн иш пландардын аткарылышын талкуулоо.
3. 2019-жылдын иш план түзүү жана иш пландын аткарылышы тиешелүү адистерге жүктөлдү.

 

Аймактарды өнүктүрүү жылына карата иш-аракеттер…

Өрүктү айыл аймагынын Орто-Токой, Чолок-Тума айылдарында жаңы курулуп жаткан 75 орундуу “Ширин” мектепке чейинки билим берүү  уюмунун капиталдык курулушунун капсула коюу аземи болуп өттү. Балдар бакчасы Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондунан каржыланып, 20 865 000 миң  сомдук тендерди Мавлянкулов Жаркынбек жетектеген ОсОО “ТЧК” компаниясы утуп алды.

 

Региондорду өнүктүрүү жылы!

Таза суу менен айыл элин камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн негизги милдеттеринин бири.
Ак-Там айылында 1300 метрге таза суу линиясы тартылып, жаны резервуар куруу иштери жана негизги борбордук сыйымдуулугу 800 метр/куб болгон башкы курулманын реабилитациялоо иштери жүрүүдө. Долбоордун жалпы сметалык баасы 4 253 000 сом. Долбоор райондук өнүктүүрүү фонду тарабынан каржыланууда.

Аймактарды өнүктүрүү жылы! …

Аймактарды өнүктүрүү жылы! АРИС уюму жана Ак-Там айылдык аймагынын биргелешкен долбоорунун алкагында  дагы бир МТЗ-82 макраксындагы трактор айыл чарба шаймандары менен кошо алынды. Жалпы суммасы 2 361 000 сомду тузот. Долбоордун 25 пайызы жергиликтуу бюджеттин эсебинен 75 пайызы АРИС уюму тарабынан каржыланды.

Региондорду өнүктүрүү жылы… Ак-Там айылдык аймагында.

Региондорду өнүктүрүү жылы! Ак-Там айылдык аймагынын Кызыл-Ата айылында көп жылдардан бери айыл эли күтүп келген балдар бакчасынын пайдубалын түптөө аземи, айыл аксакалдары, район жетекчилери жана КР Жогорку Кеңешинин депутаты Азизбек Турсунбаевдин катышуусунда болуп өттү! Балдар бакчасынын жалпы сметалык баасы 22.480.000 сом. Балдар бакчасы 90 орунга ылайыкташтырылган.Курулуш райондук өнүктүүрүү фонду тарабынан каржыланууда. Айылдык аймагыбызда социалдык курулуштардын башаты болсун!

Ак-Там айылдык аймагында дыйкандар комбайндуу болушту.

Ак-Там айылдык аймагында жакшы саамалык болуп өттү.Президентибиздин аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында, дыйкандар көптөн бери самап келген дан оруучу “Палессе” үлгүсүнөгү комбайндуу болушту.Райондук өнүктүрүү фондуна атайын долбоордун негизинде өздүк баасы 5 650 000 сомдук техника, Ак-Там айыл өкмөтү тарабынан сатып алынды.

Scroll To Top
Translate »