АЙМАКТАР | Alabuka.kg
INILIFE.RU
Башкы бет / АЙМАКТАР

АЙМАКТАР

1-май айыл өкмөтүндө тажрыйба алмашуу боюнча семинар өткөрүлдү….

Аткаруучулук тартипти күчөтүү, иш кагаздарын жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы 120 Токтому менен бекитилген Типтүү нускаманын негизинде иш алып баруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин токтомдорун сапаттуу аткаруу, «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасы, «Мамлекеттик сыйлык» автоматташтырылган системасы, «Жеке маалыматтарды коргоо» системасы менен практика жүзүндө тажрыйба алмашуу боюнча семинар өткөрүлдү.

Семинарга Ала-Бука районундук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Мыйзанбек уулу Талантбек, жалпы бөлүм башчысы Айжамал Орозбаева, уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча жетектөөчү адиси Эркин уулу Баяман, социалдык маселелер боюнча адиси Нураида Шарипова, райондун аймагындагы айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары катышты.

Семинардын жүрүшүндө аткаруу тартибин күчөтүү боюнча маселелер каралып, кемчиликтерди жоюунун жолдору талкууланды. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, тескемелерди, токтомдорду аткаруу боюнча тийиштүү кызматкерлерге бир катар тапшырмалар берилди.

Автоматташтырылган маалымат системаларынын иштөөсү боюнча райондук мамлекеттик администрациясынын адистери тарабынан практика жүзүндө маалымат берилди.

Жарыя!…. Т. Балтагулов айыл аймагындагы жер участогун узак жылдык мөөнөткө ижарага берүү жөнүндө…

Жер участогун узак жылдык мөөнөткө ижарага берүү жөнүндө жарыя…

Ачык бюджет, өнүгүүгө карай жол…

Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагында 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетинин кирешеси жана чыгашасы боюнча «Ачык бюджет өнүгүүгө карай жол» аталышында Коомдук угуу жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Коомдук угууга Айылдык кеңештин депутаттары, мекеме — уюмдардын жетекчилери, жергиликтүү активисттер, ардагерлер, жалпы эл катышты. Коомдук угууда жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, бюджеттин киреше бөлүгүнүн көбөйтүү, ыксыз чыгымдарды кыскартуу, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн ачык — айкындуулугу жаатында мындан ары да да иштерди активдештирүү милдетттери айыл Өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлдү.
1-Май айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин көлөмү 30 млн. сомдон ашык каражатты түзүп, 2022-жылы республикадагы дотациядан чыккан айыл аймактарынын катарын толуктаган.

КУЛАКТАНДЫРУУ!…

Урматтуу Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагынын тургундары!!!
2022-жылдын 11-февраль күнү «Ачык бюджет- өнүгүүгө карай жол» аталышында, 1-Май айыл аймагынын 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетинин кирешеси жана чыгашасы боюнча Коомдук угуу өткөрүлөт.
Келип, өз сунушуңуздарды айтып, ой-пикир кошуп кетиңиздер!!!
Коомдук угуу айыл Өкмөтүнүн жыйындар залында саат 10-00 башталат.
Келиңиздер, аймагыбызды бирге өнүктүрөлү!!!
Уюштуруу тобу.

Район башчысы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик күнү менен куттуктайт!..

Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер сиздер зор жоопкерчиликти аркалап, өлкөбүздүн башкаруу системасын жаңы шартта калыптандырып, элге кызмат өтөп келесиздер. Мамлекетибиздин мындан аркы өнүгүүсү, калкыбыздын турмуш деңгээлинин жогорулашы сиздердин ишмердигиңер менен тыгыз байланыштуу. Жооптуу кызматты ийгиликтүү аркалоо менен өлкөбүздө мамлекеттик башкаруунун жаңы системасын өркүндөтүүдө эмгегиңиздер чоң.

Сиздерге бекем ден-соолук, бакубат турмуш каалоо менен бирге, Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнө ак иштеп, мамлекеттик кызматтын кадыр баркын мындан ары да бийик көтөрөт деген тилектемин!!!

Сиздерди терең урматтоо менен
Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сатаров Нурбек Бейшеналиевич!!!

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нурбек Бейшеналиевич Сатаров кайрадан шайланган Ак-Там айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Камчыбеков, Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Кийикбаев, Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Голибжон Фарманкулов, 1-Май айыл өкмөтүнүн башчысы Мухтар Шербаев жана Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы Самат Койчумбаевдерди Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын атынан атайын сааттар (именные часы) менен сыйлап, кайрадан өкмөт башчы болушу менен куттуктап кетти. Урматтуу М.Камчыбеков, М.Шербаев, Г.Фарманкулов, Р.Кийикбаев жана С. Койчумбаев сиздерге кайрадан ишеним көрсөтүлүп, айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалышыңыздар менен куттуктайбыз. Эмгегиңиздерди аябай, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кызмат кылууга бел байлаган кесибиңиздерге ийгилик каалап, бүгүнкү муниципалдык кызматкерлердин майрамы менен куттуктайбыз.

Ак-Там айыл аймагындагы алгылыктуу иштер!…

Ала-Бука райондук өнүктүрүү фонду жана Ак-Там айылдык аймагы, региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештируу жана балдарды колдоо жылында Ак-Там айылында жалпы сметалык баасы 7 450 000 сомдук кичи футболдук спорт аянтчасынын курулуш иштери бүтүү алдында турат. Бул спорттук аянтча улуттар ортосундагы ынтымакты чындоодо, жаштардын бош убактыларын туура пайдаланууда өзүнүн жемишин берери анык. Ушул долбоорго салымын кошкон аппарат кызматкерлерине, фонддун жетекчилигине, куруучуларга, айылдык кеңешке  терең ыраазычылык билдирилди. Бакубат муун өлкө келечеги!

Коронавурус эпидемиясын алдын алуу иш аракеттери…

Ак-Там айылдык аймагында бүгүнкү күндө контрольдук өткөрүү пункттары иштеп жатат. Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги айыл тургундарына түшүнүк менен мамиле жасоолорун өтүнөт. Зарылчылык болбосо, сыртка чыкпоого чакырат. Коомдук жайларга, мечиттерге дизинфекция иштери жүргүзүлүүдө. Шарттуу түрдө массалык дезинфекциялык иштер жүргүзүлүүдө. 24 саат бою айылдык штаб иштөөдө.  Жаш балдарды көчөгө чыгарбоого чакыртат! Атайын схема боюнча дарылоо иштери жүрүүдө.

8-март… Аялдардын эл аралык майрамы…

Аял затынын эл аралык майрамы Ак-Там айыл өкмөтүндө көтөрүңкү маанайда өткөрүлдү. Айылдын ак элечек энелерине, эже-карындаш, жеңелерге негизи эле ааламдын түркүгү болгон аял затына жүрөктөн чыккан жылуу каалоо тилектер айтылып, эстелик  үчүн белектер тапшырылды … «Урматтуу дуйнонун жаркын жарымы болгон асылзат айымдар, бугунку майрамыныздар менен! Апалар, эжелер, карындаштар жана замандаштар , бугунку айтылчу жакшы аруу тилектер сиздер учун. Аман болунуздар!»- деп айтылат Ак-Там айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Камчыбековдун майрамдык куттуктоосунда…

Scroll To Top
Translate »