Өрүктү айыл аймагынын Өрүктү-Сай жана Кең-Кол айылдарына көпүрө курууга материалдары Өзгөчө Кырдаалдар Министрлиги тарабынан берилип, көпүрө куруу иштери жүрүп жатат. Өрүктү-Сай айылында көпүрөнүн жоктугунан ал эми Кең-Кол айылындагы көпүрө кооптуу абалда болгондуктан калкка шарт түзүү максатында атайын техника жана мал-жандык өтүүгө ылайыкталып курулуп жатат. Көпүрөлөрдү куруу иштерин жергиликтүү тургундар өздөрү колго алышкан. Өрүктү айыл аймагынын тургундары көпүрөгө керектүү материалдарын бөлүп берген Райондук Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин бөлүмүнө терең ыраазычылык билдирет.

АЙМАКТАР
Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чара…
Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча 1 айлык иш-мерчемге ылайык 13.09.2019-жылы Ак-Там айыл аймагы менен биргеликте Н.Бекменбетов орто мектебинде иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында өрттүк-тактикалык машыгуу, жөө-жүрүш, концерттик программа, сүрөт конкурсу, аркан тартыш, дил баян конкурс-викториналар өткөрүлүп, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан кызыктыруучу белектер тапшырылды.

150 орундуу мектептин ачылышы…
2019-жылдын 1-сентябрь күнү Өрүктү айыл аймагынын Өрүктү-Сай айылынын тургундары үчүн абдан чоң майрам болду. Анткени көптөн күткөн жаңы 150 орундуу мектебинин ачылышы болду. Мектептин ачылышына Жалал-Абад областынын губернаторунун орун басары Р. Темирбекович, Ала-Бука районунун башчысы аким Э.Ысакулович, орун басары К.Сатимбаевна, өкмөт башчы Р.Кийикбаев, аппарат кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты. Кечеде концерттик программалар уюштурулуп, салатанат мыкты деңгээлде өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгына карата…
2019-жылдын 30-август күнү Өрүктү айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгына карата иш-чара уюштурулуп, элге концерттик пргорамма жана жаштарга спорттун кичи футбол, таэквандо, грек-рим, бокс ж.б түрлөрү боюнча оюндар уюштурулуп, мыкты деңгээлде болуп өттү. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Эс алуу жайларына баруучу жолдор кеңейтилүүдө…
Ала-Бука-Сай эс алуу жайына, Шаркыратма жана Ак-Балтыркан көлүнө кетүүчү жолдор кенейтилип, табият койнунда эс алуучуларга жакшы шарттар түзүлүүдө.
Ошондой эле кышка карата калктын малга жем-чөбүн даярдоочу Сырт-талаа массивине баруучу жолдор да оңдолуп, оор жүк ташуучу унааларга ыңгайлуулуктар жаралды.
108 миң сомдон ашуун каражат төлөнүп берилди…
1-Май айыл аймагынын тургуну Усен Макамбаевдин турак-жайы өрттүн кесепетинен жабыркаган. Мамлекеттик камсыздандыруу бөлүмү тарабынан 108 миң сомдон ашуун каражат турак-жайын калыбына келтирүү үчүн төлөнүп берилди. Белгилей кетсек өткөн жылы да 1-Май айыл аймагына караштуу Ак-Башат айылында айрым шамалдан жабыркагандарга ушундай акча каражаттары бөлүнүп берилген. 1-Май айыл өкмөтүнүн эмгек жамаатынын дегеле жалпы 1-Май айыл аймагынын элинин атынын айыл аймагын башчысы Мухтар Шербаев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик камсыздандыруу агенттигинин жетекчиси Эгамбердиева Джумагуль Шариповнага жана эмгек жамаатына терен ыраазычылык билдирет!..
” Барчын” жайлоо өнүгүү борбору ачылды…
Ала-Бука айыл аймагында наристелердин жайкы эс алуу мезгилинде ар тараптуу өнүгүүсү, балдардын зээндүү болушуна шарт түзүү максатында ” Барчын” жайлоо өнүгүү борбору ачылып, иштөөгө берилди. Жайлоо өнүгүү борборунун негизги максаттары: балдардын жайкы каникулдагы убактыларын натыйжалуу пайдалануу, жайлоонун таза абасынан дем алып, спорт менен машыгышып ден-соолуктарын чыңдоо, комьпютер, телевизор, смартфон жана башка ушул сыяктуу гаджеттерден аз да болсо алыстап, вертуалдык эмес чыныгы балдар үчүн оюндарды ойноо менен бирге физикалык жана интелектуалдык жөндөмдүүлүктөрүн артыруу. Мындай интерактивдүү ыкма балдардын ар тараптуу өнүгүсүнө жакшы өбөлгө түзөт деген ишеничтебиз….

Кум тазалоочу жай курулуп башталды…
Көк – Серек айыл өкмөтүнө караштуу, Кош- Болот айылына баруучу айылдын эң башындагы арыка кум агызуучу жайга кум тазалоочу жай курулуп башталды. Кум агызуучу жай курулуп бүткөндөн кийин Кош – Болот айылындагы канал, арыктарга, үлүш жерлерге кум агып барбай жалпы аянты 190 га жер пайдаланууга жарактуу болуп калат.

Биздин балдар планетанын келечеги…
Ала-Бука айыл аймагындагы алгылыктуу иш-аракеттер…
2019-жыл жай айлары Ала-Бука айыл аймагында бир топ иштер кызуу түрдө жүргүзүлүүдө. Белгилей кетсек Сары-Талаа айылындагы Н.Орозалиев жана Ала-Бука айылындагы К.Шарипов, Ч.Асанов көчөлөрүнө асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди.

С.Ибраимов көчөсүндөгү селкананы тазалоо жумуштары кызуу жүрүп,Достук айылындагы “Наристе” балдар бакчасын тосмолоо жумуштары башталды. Ошону менен катар Сары-Талаа айылындагы Орто-Коргон көчөсүн шагалдоо жумуштары жүрүп жатат.


Айыл аймактагы балдар бакчаларынын материалдык-техникалык жана социалдык базасын чыңдоо үчүн “Жоогазын”балдар бакчасына 50 даана, “Келечек”балдар бакчасына 10 даана, “Наристе” балдар бакчасына 20 даана эки кабаттуу керебет, ошондой эле “Жоогазын” балдар бакчасына 40 даана, “Наристе” балдар бакчасына 70 даана, “Алтын” балдар бакчасына 50 даана, “Достук” балдар бакчасына 35 даана, “Жылдызча”балдар бакчасына 30 даана отургуч, “Күнчубак”балдар бакчасына балдар үчүн шкафтар сатып алынып берилди.

Ала-Бука айыл аймагындагы билим берүү мекемелерин кайра калыбына келтирүү (ремонт) иштерине керектелуучу материалдар таркатылып, учурда жумуш жүрүп жатат.
Өлкөнү санариптештирүү бүгүнкү күндүн талабы болуп жатат. Ошондуктан жаңы технологияларды пайдаланып, аймагыбыздын өнүгүү темпине дем берүү максатында балдар бакчаларына камералар орнотулду.

Alabuka.kg Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайты


