INILIFE.RU

Район башчысы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик күнү менен куттуктайт!..

Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер сиздер зор жоопкерчиликти аркалап, өлкөбүздүн башкаруу системасын жаңы шартта калыптандырып, элге кызмат өтөп келесиздер. Мамлекетибиздин мындан аркы өнүгүүсү, калкыбыздын турмуш деңгээлинин жогорулашы сиздердин ишмердигиңер менен тыгыз байланыштуу. Жооптуу кызматты ийгиликтүү аркалоо менен өлкөбүздө мамлекеттик башкаруунун жаңы системасын өркүндөтүүдө эмгегиңиздер чоң.

Сиздерге бекем ден-соолук, бакубат турмуш каалоо менен бирге, Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнө ак иштеп, мамлекеттик кызматтын кадыр баркын мындан ары да бийик көтөрөт деген тилектемин!!!

Сиздерди терең урматтоо менен
Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сатаров Нурбек Бейшеналиевич!!!

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нурбек Бейшеналиевич Сатаров кайрадан шайланган Ак-Там айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Камчыбеков, Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Кийикбаев, Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Голибжон Фарманкулов, 1-Май айыл өкмөтүнүн башчысы Мухтар Шербаев жана Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы Самат Койчумбаевдерди Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын атынан атайын сааттар (именные часы) менен сыйлап, кайрадан өкмөт башчы болушу менен куттуктап кетти. Урматтуу М.Камчыбеков, М.Шербаев, Г.Фарманкулов, Р.Кийикбаев жана С. Койчумбаев сиздерге кайрадан ишеним көрсөтүлүп, айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалышыңыздар менен куттуктайбыз. Эмгегиңиздерди аябай, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кызмат кылууга бел байлаган кесибиңиздерге ийгилик каалап, бүгүнкү муниципалдык кызматкерлердин майрамы менен куттуктайбыз.

Көк-Серек жана Көк-Таш айыл өкмөтүнө иш сапар ….

Ала-Бука районунун эң алыскы Көк-Серек, Көк-Таш айыл аймагына райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сатаров Нурбек Бейшеналиевич таанышуу иш сапары менен барды.Жолугушуу алкагында социалдык объектилердин абалы менен жериненин таанышып, жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү укту. Анда жол, чек ара, бүтпөгөн объектилер боюнча суроолор берилип, айыл аксакалдары жаңы акимдин ишине ийгилик каалашып, ак батасын беришти.

Районубузда ири логистикалык борбордун курулушу башталды…

Кыргыз Республикасынын Садыр Нуркожоевдин Өзбекстан республикасына болгон иш сапары учурунда бир топ келишимдерге кол коюлган. Алардын бири соода тармагын жандантуу, ишкерлерди ар тараптан колдоо маселеси да каралган. Жакында эле «Жалал-Абад-Наманган-2021» бизнес форуму болуп өткөн, анда районубуздагы жеке ишкерлер эт багытын экспорттоо, туризм тармагын жандантуу боюнча келишимге кол коюшкан. Келишимди ишке ашыруу максатында Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагынын Баястан айылынына караштуу Кызыл-Кол участкасына “Бай-Талаа” ири соода-логистикалык борбордун курулушу башталды.

Аталган соода логистикалык борбордун пайдубалына капсула салуу иш-чарасына Министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өлкүлү Абсаттар Сыргабаев, Наманган облусунун акиминин орун басары Окибжон Инамов, Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев, айыл банктын төрагасынын орун басары, Жалал-Абад облусундагы район акимдери, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана айыл тургундар катышты.

“Бай-Талаа” соода логистикалык борбору Наманган облусунун Кара-Суу айылына жакын болгон чек ара аймагында жайгашып, жалпы аянты 20 гектар жерди ээлейт. Анда эки областта өндүрүлгөн айыл чарба, эт азыктарын сактоо, экспортко чыгаруу, тери менен жүндү кайра иштетүү жана башка бир канча багыттар боюнча иш алып барылат.

Бүгүнкү күндө керектелүүчү коммуникациялык иштер бүткөрүлүп, 75 метр тереңдиктен суу чагырылып, электр мамычасы тартылган. Долбоордун биринчи этабын ушул жылдын сентаябрь айына бүтөрү пландалып, ал Жалал-Абаддагы «Кыргыз Эко Экспорт» жоопкерчилиги чектелген коому менен Наманган облусунун жеке ишкерлеринин биргелешкен каржылоосунда ишке ашырылат.

Соода логистикалык борбор толук бүтсө 2000 жумуш орундук түзүлүп, жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыздалат. Ал эми экинчи этабы ишке берилсе, аймагыбыздагы туризм тармагы да жандана баштайт.

Кызыл-Атага заманбап мектеп салынды…

Бүгүн Ала-Бука районуна караштуу Ак-Там айыл аймагынын Кызыл -Ата айылындагы Ы.Чаңгылов атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын ачылуу аземи болуп өттү.

Ага Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев, облус башчысынын орун басары Ырысбек Ызабеков, район акими Нурбек Сатаров жана жергиликтүү айыл аймагынын башчысы М.Камчыбеков, Сауд өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү, РБББ башчысы Ч.Турдукулова, кесиптештери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Анда алгач ЖК депутаты, Кызыл-Ата айылынын тургуну А.Турсунбаев мектептин ачылуу аземи менен куттуктап, келечек ээлери заманбап салынган алтын уядан билимдүү жаш кадрлар чыгарын баса белгилеп, өзү да аталган мектептен билим алганын кошумчалады. Ал эми район акими Н.Сатаров жаңы окуу жылына жаңы мектептин ачылуусу билим берүү тармагындагы жылыш экенин баса белгилеп, эмгек жамааттын ишине ийгилик каалап, жаңы имараттуу болушу менен куттуктады.

Ы. Чангылов мектебинин биринчи корпусу 1919 — жылы курулуп, эскилиги жеткендиктен 2019- жылы долбоор даярдалып, ал Сауд өнүктүрүү фондуна өткөрүлүп, курулуш иши башталган. 1 жыл 8 ай аралыгында бир кылымдык мектеп ордуна эки кабаттуу, 225 орунду заманбап мектеп салынып, 69 миллион сом каражат сарпталган.

Сауд өнүктүрүү фонду билим берүү, медицина жана ирригациялык тармактарды жандантуу боюнча акча каражатын бөлүп келет. Учурда өлкөбүз боюнча 27 мектеп аталган фонд тарабынан курулуп жатат.

Мектеп директорунун айтуусуна караганда Кызыл -Ата айылындагы аталган мектептин экинчи корпусу 190 окуучуга ылайыкташып салынганына карабай 500 окуучу эки мөөнөт менен билим алышып, бош класстын жоктугунан эч кандай кошумча ийримдерди өтүүгө мүмкүнчүлүк болбой келген.

Районубузда жалпы 45 мектеп болсо, 6 мектеп жана РБББ имараты авариялык абалда. Быйылкы жаңы окуу жылына бүгүнкү жаңы бүткөн мектептен сырткары Кок-Таш айыл аймагынын жергиликтүү бюджеттин эсебинен салынып жаткан сентябрь айына толук бүткөрүлөрү пландалууда. Андан сырткары 1-Май айыл аймагында 2 мектепте курулуш иштери жүрүүдө.

Райондук мамлекеттик администрациясынын номиналдык сааты алгачкы жолу тапшырылды…

Нурсултан Нурдоолотович спорттун «Кикбоксинг» түрүнөн Европа чемпиону болсо, дагы бир кулунубуз Бекбердиев Нурисбек Мадалбекович спорттун «Самбо» туру боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болгон. Ала-Бука районубуздун эле намысын коргобой кыргыз желегин чет өлкөдө бийик көтөргөн спортчуларды райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында куттуктоо аземи болуп, ага райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Н.Бейшеналиевич, орун басары Асель Айткуловна, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы Самат Койчумбаев, жергиликтүү кеңештин төрагасы Адыл Умаров, Т.Балтагулов айыл аймагынын башчысы, Ала-Бука райондук спорт комитети Эмил Мергенбай уулу, РБББ дан Ч.Турдукулова, Алмаз Ашырбай уулу, спортчулардын жакын туугандары катышты. Анда райондук мамлекеттик администрациясы башчысы-аким Сатаров Нурбек Бейшеналиевич спортчуларды жеңиши менен куттуктап, «Силер кыргыз мамлекетинин намысын чет өлкөдө коргоп, желегин желбиретип, жаш өсүп келе жаткан спорт ышкыбоздоруна үлгү болдуңар, мындан ары да спорт чөйрөсүндө сапарыңар байсалдуу болуп, Ала-Буканын кулуну, кыргыз элинин уулу деген атка татыктуу болуп жүрө бергиле» деген жакшы тилектерин билдирип, биринчи жолу районубуздагы жеңиш менен келген эки спортчуларга Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын номиналдык сааты жана «Ардак грамота» менен сыйлады. Ал эми айыл өкмөттөр өзунун айылынан чыккан балбандарга жакшы изги тилектерин билдирип, белектерин тапшырышты.

Жалал-Абад-Наманган 2021″ бизнес форум өткөрүлдү…

Жалал-Абад-Наманган облустарынын 100гө жакын ишкерлеринин катышуусундагы «Бизнес форум» өткөрүлүп, ага Ала-Бука районунан барган жеке ишкерлер катышты.

«Жалал-Абад-Наманган 2021» бизнес-форуму эки өлкөнүн достугун бекемдөө жана ишкерлер арасындагы карым-катнашты жакшыртууну көздөгөн иш-чара эки күнгө созулуп, ага эки өлкөнүн ишкерлери катышып, бир топ келишимдерге кол коюлууда. Алардын катарында Ала-Бука районун барган ишкерлер 3 келишимге кол коюшту.

 

Жол маселеси талкууланды…

Бүгүн 2-июнь күнү Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Сатаров Нурбек Бейшеналиевичтин демилгеси менен 3 райондун акимдери жолугушуп, Терек-Сай Таш-Көмүр жолунун 165 чакырым стратегиялык жолдун көйгөйлөрүн талкулоо боюнча атайын жыйын өткөрүштү.

Жыйынга Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сыдыков Замир Бейшенович, Чаткал районунун акими Сенирбаев Алтынбек Жыргалбаевич
жана ДЭП ишкана жетекчилери, «Каз Минералз Бозумчак» кенинин коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Умар Изабаев, «Эти Бакыр Терек-Сай» компаниясынын коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Асел Акматалиева, «Фулл Голд Майнинг» Иштанберди алтын кенинин генеральный директору Чи Шуантан, Терек-Сай, Өрүктү айыл аймагынын башчылары катышты.

Жыйынды Ала-Бука акими Нурбек Бейшеналиевич ачып берип, райондогу эң чоң көйгөйлөрдүн бири жол маселесине токтолуп, тоо-кен тармагынын оор жүк ташуучу унаалардын ашыкча салмакта ташылып, жаңы салынган жолдор кыска убакытта бузулуп жаткандыктан ыңгайлуу болгон жерге жүк ташуучу унаалардын салмагын текшерүү үчүн тараза орнотуу боюнча оюн билдирип, тоо-кен тармагынан келген адистердин оюн укту. Бул боюнча эки райондун акимдери да ушул көйгөйдү өкмөттүк деңгээлде көтөрүп чыгып транспорт министрлиги менен биргеликте сүйлөшү жүргүзүү керектигин билдирип, Ала-Бука акиминин сунушун колдошту.

Андан сырткары жыйындагы экинчи маселе Чаткал, Ала-Бука, Аксы районунун элин облус менен байланыштырган Таш-Комур шаарчасынан Аксы районуна келе жаткандагы Кызыл-Жар 12 айылы тараптагы болжол менен 30 чакырым жолду 3 район биргеликте оңдоо боюнча атайын долбоордун суммасын сметалары жакынкы күнгө даярдоо боюнча ДЭП 17 ишканасына тапшырма берилди.

Өз сөзүндө Ала-Бука районунун акими Н.Бейшеналиевич учурдагы мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын эске алуу менен жолду оңдоого кеткен каражатты алтын кендерден жана райондогу өнүктүрүү фондунан андан тышкары коомчулукка талкууга коюп, ашар жолу менен болсо да оңдоо керектигин белгилеп өттү.

Жыйынга келген тоо-кен тармагынын өкүлдөрү райондук мамлекеттик администрациясы тараптан расмий кат жолдонсо жогоруда каралган маселелерди колдоорун билдиришти.

1-июнь. Балдарды эл аралык коргоо күнү…

1-июнь балдарды коргоонун эл аралык кунуно карата Ала-Бука районунда «Жениш» эс алуу багынын ачылышы болуп, У.Алыбаев атындагы балдар искусство мектебинин окуучулары, балдар чыгармачылык үйү, Добул Шабданов атындагы балдардын билим берүү борбору тарабынан кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмө жарманкеси жана концерттик кече уюштурулуп, Ала-Бука айыл аймагынын социалдык маселелер боюнча адиси тарабынан такталган турмуш шарты оор жарандардын балдары учун майрамдык белектер берилди.

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Нурбек Сатаров, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы С.Койчумбаев, РБББ.Ч Турдукулова, эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Ж.Токтогулов жаш наристелерди майрамы куттуктап, жаратылыштын жандуу гүлдөрү, эртеңки келечек ээлерине бактылуу балалык каалашты.

Алдыңкы окуучулар менен жолугушуу…

Бүгүн РБББ башчысынын уюштуруусу менен районубуздагы жакынкы мектептердин жакшы окуган бүтүрүүчүлөрү, аким Нурбек Сатаров менен жолугушту.

Анда окуучулар өздөрүнүн жүрөк түйшөлткөн суроолорун беришип, аким менен ой бөлүштү.
Келечектен көптү үмүттөндүргөн бүтүрүүчүлөргө эң негизгиси тил үйрөнүүгө, билим алуудан эч качан тажабай изденүүнүн үстүндө иштөөгө, тааныш издебей ар бир ишти билим менен чече билүүгө чакырып, берилген суроолор өз көзөмөлүндө болоруна токтолуп, өзүнүн иш тажрыйбасынан, жаштык күндөрүн айтып берди.

Ачык эшик күнүнүн соңунда окуучулар акимдин белектерин алышып, эстеликке сүрөткө түшүштү.

Айыл аймактарда эң керектүү долбоорлор ишке ашырылат…

 

«Туруктуу жергиликтүү экономикалык өнүгүү» долбоорунун алкагында жумушчу пландарга ылайык квартал сайын максаттуу айыл аймактардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлүп турат.
Жолугушууда долбоордун координатору Эшмамбетов Элдияр: «Долбоордун компоненттери боюнча иш-чаралар жана пландар, ошондой эле максаттуу айылдык аймактарда Инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүү пландарын (ИЖЭӨП) аткаруу боюнча алдыдагы иш-чаралар менен тааныштырып, презентация учурунда ал, долбоордун негизги иш-аракеттери жөнүндө кыскача баяндама менен бөлүштү, ошондой эле ИЖЭӨПтү иштеп чыгуу, гранттык арыз сунуштар кандай процессте, максаттуу айыл өкмөттөрү укуктук, курулушка керектелүүчү документтер жөнүндө мааалымат берилди.

Иш-чаранын катышуучулары долбоорлорду ишке ашырууда бюджеттик маселелер бар экендигин жана АПШ(Архитектуралык пландоо шарттары), ИТШ (Инженердик-техникалык шарттар), ДСД (Долбоордук-сметалык документтер) даярдоо үчүн убакыт керектиги айтылды.

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынынын башчысы — аким Сатаров Нурбек Бейшеналиевич бул жаатта айыл өкмөттөрү тийиштүү мамлекеттик мекемелерге уруксат берүүчү кагаздарды кепилдик каты аркылуу даярдатып баштоо керектигин баса белгилеп өттү.

Иштин кызыкчылыгы үчүн жыйынга Ала-Бука райондук электр тармактары мекемесинин, Ала-Бука райондук Кадастр мекемесинин, Ала-Бука райондук шаар курулуш жана архитектура мекемесинин жетекчилери келип, долбоор менен иштеп жаткан айыл аймактардын аталган көйгөйдү өз ара макулдашуу менен тездетилген убакытта чечип берүүгө убада беришти.

Ага Хан Фондунун демилгеси менен ишке ашырылган долбоорлор айыл аймактарга муниципалдык базарларды шарты менен ачуу, скважина, жашыл бактардын санын көбөйтүү жана башка бир топ айылдын инфраструктурасын жакшыртуучу, көйгөйүн чечүүчү долбоорлор ишке ашырылат.

Scroll To Top