INILIFE.RU

КУЛАКТАНДЫРУУ!…

Урматтуу Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагынын тургундары!!!
2022-жылдын 11-февраль күнү «Ачык бюджет- өнүгүүгө карай жол» аталышында, 1-Май айыл аймагынын 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетинин кирешеси жана чыгашасы боюнча Коомдук угуу өткөрүлөт.
Келип, өз сунушуңуздарды айтып, ой-пикир кошуп кетиңиздер!!!
Коомдук угуу айыл Өкмөтүнүн жыйындар залында саат 10-00 башталат.
Келиңиздер, аймагыбызды бирге өнүктүрөлү!!!
Уюштуруу тобу.

«Туруктуу жергиликтүү экономикалык өнүгүү» долбоору…

«Туруктуу жергиликтүү экономикалык өнүгүү» долбоорунун алкагында жумушчу пландарга ылайык квартал сайын максаттуу айыл аймактардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлүп турат.

Жолугушууда долбоордун координатору Эшмамбетов Элдияр: «Долбоордун компоненттери боюнча иш-чаралар жана пландар, ошондой эле максаттуу айылдык аймактарда Инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүү пландарын (ИЖЭӨП) аткаруу боюнча Биргелешкен мониторинг жана баалоо топторун түзүү, алдыдагы иш-чаралар менен тааныштырып, презентация учурунда ал, долбоордун негизги иш-аракеттери жөнүндө кыскача баяндама менен бөлүштү, ошондой эле ИЖЭӨПтү иштеп чыгуу, гранттык арыз сунуштар кандай процессте, максаттуу айыл өкмөттөрү укуктук, курулушка керектелүүчү документтерди чогултуу кайсыл процесске келип калгандыгы жөнүндө мааалымат берилди.
Аталган жыйында Биргелешкен мониторинг жана баалоо топторун түзүү, алардын курамы, укуктары жана милдеттери жөнүндө кеңири баяндалып өтүлдү.
Катышуучулар жергиликтүү деңгээлде мониторинг жана баалоо топторун түзүүнүн мааниси чоң экендигин айтып өтүштү. Анткени ар бир аткарылып жаткан жумуштун ачык-айкын болушу үчүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана калктын маалымдуулугун жогорулатуунун, тараптардын жоопкерчилигин күчөтүүнүн инструменттери катары Социалдык отчеттуулукту мониторинг жана баалоо топторун окутуу керектиги айтылды.
Алдыда долбоор иштеп жаткан 7 айыл аймагында Биргелешкен мониторинг жана баалоо топторун Социалдык отчеттуулук инструментине окутуу чечими кабыл алынды.

Алтын медаль менен кайткан жоокерлер сыйланышты…

Москвада өткөн танковый биатлондо Кыргызстан намысын коргоп, алтын медаль менен кайткан Ала-Бука районундагы 30670 аскер болугунун кызматкерлерин салтанаттуу тосуп алышты. Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сатаров Нурбек Бейшеналиевич чет жерде желегибизди желбиретип, гимнибизди жаныртып, жениш менен кайткан жоокерлердин эмгеги эбегейсиз зор экенин, элиьмздин сыймыктуу уулдары болгонун баса белгилеп, кыргыз армиясы кучтуу, сырткы душмандардан ар дайыма коргой аларына ишенерин билдирип, ден соолук, иштерине ийгилик каалап, администрациянын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусу боюнча окулу А.Сыргабаевдин атынан Ардак грамота жана белектерди тапшырды.Салтанатта районунуздагы айыл аймак башчылары, жеке ишкерлер жакшы каалоо-тилектерин айтышып, жениши менен куттукташты.

Жеке ишкерлерди колдоо-жумушсуздуктун алдын алат….

Жакында Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нурбек Бейшеналиевич жеке ишкерлерди, кичи кооператив ээлерин кабыл алды.

Анда район башчысы жеке ишкерлер менен жакындан таанышып, кыйын кырдаалда мамлекеттин күчү жетпеген көйгөйлөр өлкө боюнча жеке ишкерлер тарабынан аткарылып, кырдаалдан чыгаргандыгына ыраазычылык билдирип, келечек муундун жумуш менен камсыздалып, миграцияны азайтуунун бирден-бир жолу ишкерлерди колдоо экендигин баса белгиледи.

Жыйынга салык кызматы, электр тармактар ишканасы, кадастр жетекчилери катышып, ишкерлер тарабынан жаралып жаткан көйгөйлөрдү угушту. Райондук прокуратура башчысы Мелис Жормонов ишкерликти колдоо боюнча чыгарылган жаңы мыйзамдар боюнча тааныштырып, мындан ары ашыкча текшерүү болбостугун, ишкерлерди жана алардын товарлары бийлик тарабынан коргоого алынарын билдирди.

— Ишкерлерди колдоо менен районубуздун экономикалык-социалдык абалы бир топ жакшырат, алардын бири » Байталаа» логистикалык соода борбор ишке берилсе 2000 жаран туруктуу жумуш менен камсыздалат. Мындан ары ишкерлер менен тыгыз иш алып баруу менен кийинки жылдан райондук «Өнүктүрүү» фондундагы каражаттар негизинен өндүрүштү колдоого, муниципалдык ишканаларды ачууга жумшалат. Себеби, бүгүнкү күндө мектеп, спорт залдарды куруп жатабыз, эгерде тоо-кен өз ишмердүүлүгүн дагы беш, он жылда аяктап аймагыбыздан чыгып кетсе, биз салынган имараттарды республикалык бюджеттен ремонттой албайбыз, ошондуктан эң биринчи жумуш орундарын түзүү, жана кайра эле бюджетке киреше түшүрүү үчүн алдыдагы пландарды ишке ашыруу керек дейт- аким Нурбек Сатаров .

Белгилей кетсек районубузда атайын жеке ишкерлер ассоциациясы уюшулган. Анын башчысы Алмаз Ташанов мырза. Баарыбызга маалым болгондой пандемия мезгилинде ишкерлер жана райондогу активдүү жаштар калктын аярлуу катмарына азык-түлүк жана медицина кызматкерлерине коргонуучу форма, аймактык ооруканага атайын кислород түтүкчөлөрүн орнотуп беришкен.

Ала-Бука район аралык оорулардын алдын алуу санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуу жаңы унаалуу болушту…

Ушул тапта Ковид-19 илдети күн санап өсүп жатат, Ала-Бука район аралык оорулардын алдын алуу санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору жарандардан вирусологиялык ПЦР анализ алып, аны Жалал-Абад областына жеткирүүдө кыйынчылык жаралып жаткандыктан администрация башчысына кайрылуу кат жолдошкон.

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нурбек Сатаров жазган кайрылуу кат негизинде ишкерлерди уюштуруп, элибиздин айрым жарандары жана жаштардын көмөгү менен анализ ПЦР ташыганга автомашина «Жигули» унаасын алып беришти.

Аталган борбор анализдерди буга чейин такси менен жөнөтүп, ал убагында жетпей кыйынчылык жаралып келген болсо, минтип көйгөй чечилип, иштин алдыга жылуусуна шарт түзүлдү.

Төрага Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акими менен жумуш устундо жолугушту…

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун башкармалыгынын төрагасы Мырзабек Жыпаркулов Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу иш сапарынын алкагында Ала-Бука райондук мамлекеттик администрация башчысы Нурбек Сатаров менен жолугушту. Торага оз кезегинде Мамлекетибиз тоолу олко болгондуктан жаратылыш кырсыктары байма бай катталып турарын эске салып, турак жайларды орттон жана табигый кырсыктардан камсыздандыруу бугунку кундун талабы экенин айттып, дегеле камсыздандыруу маданиятын элге жеткизуудо республикалык денгеелде иш чаралар башталганын кошумчалады. Өз кезегинде Ала-Бука райондук мамлекеттик администрация башчысы Нурбек Сатаров эл арасында биргеликте камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүдө бардык куч-аракеттер жумшаларын кошумчалады.

«Алтын тамга» артыкчылык аттестат жана республикалык предметтик тестирлөөдөн жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрүн аким кабыл алды…

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Нурбек Сатаров «Алтын тамга» артыкчылык аттестат жана республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрүн, ийгиликке жеткизген мугалимдерди кабыл алды.Анда аким, райондун намысын билим менен коргогон эртеңки кесип ээлерин ийгилиги менен куттуктап, жогорку окуу жайда да алдыңкы студент, мыкты кесип ээлери болоруна ишенерин билдирип, 2020-2021-окуу жылындагы жетишкендиктери үчүн «Ардак грамота»,»Ыраазычылык» кат жана белектерди тапшырды.Ала-Бука районунда быйылкы жылы 11-классты 839 окуучу аяктап, алардын ичинен 6 окуучу «Алтын тамга» артыкчылык аттестатке ээ болушкан.

Район башчысы айыл өкмөттөрдүн активдүү жаштарын кабыл алды…

Район башчысы айыл өкмөттөрдүн активдүү жаштарын кабыл алды.

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Н.Б.Сатаров айыл аймактардагы ар башка кесип ээси болгон жаштарды кабыл алып, алар менен жакындан таанышып, жаштар мамлекеттик айрым учурда аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон кезде чоң күч болуп, жакындан жардам берип, кырдаалдан чыгарып жатканын белгиледи. Аларга бир эле мисал, пандемия мезгилиндеги учурду эске салып, районубузга атайын жаштар тарабынан демилгелүү топ, мүмкүн болсо фонд түзүү керектигин кошумчалады.

Анда райондук жаштар Кеңешинин төрагасы Нурбек Абдраимов жаштар комитетинин структурасы, башталуу тарыхы, аткарылып жаткан иштери боюнча маалымат берип, жаштар сунуштарын айтышты. Алардын бири Өрүктү айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин депутаты Гүлнура Элтузерова Өрүктү айыл аймагында ачылуу алдында турган «Энелер мектебин» уюштуруу үчүн райондук деңгээлде укуктук тамыр түптөө багытында РМА нын жана РББнүн көмөктөшүү сунушун айтса, көпчүлүк жаштар райондун тазалыгын сактоо, айыл аймактардагы жаштар менен тыгыз иштешүү, спорт тармагын жандантуу боюнча пикирлерин билдиришти.

Аким, мындай жолугушуу ар ай сайын өткөрүлүп, жаштар менен тыгыз иш алып баруу, районубуздун өнүгүүсүнө салым кошуу болорун баса белгилеп, чогу иштешүүгө даяр экендигин билдирүү менен жакынкы күндө ишке ашырылуучу айрым долбоор ээлерине белектерин берди.

Баарыбызга маалым болгондой учурда жаштарды колдоо боюнча эч бир айыл өкмөттөрдө атайын кызмат орундуктар жок, бюджеттен акча каражаты бөлүнбөйт, каржылоо булагын бейөкмөт уюмдардан алышат.

Сугат суунун тартыштыгы, учурдагы кризистик абалдан чыгуу жолдору жана ирригация тармагындагы көйгөйлүү маселелер каралды….

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нурбек Сатаров учурдагы абалга ылайык чукул штаб өткөрдү.

Ага айыл өкмөт башчылары, СПА, суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери, айыл чарба департаментинин кызматкерлери, мураптар жана бир катар мекеме жетекчилери катышышты.Анда район башчысы жайкы суу тартыштыгын жоюу максатында тиешелүү кызматкерлердин ой-пикирин угуп, абалдан чыгуу боюнча сунуштар кенири талкууланды.

Жыйынтыгында, Сумсар, Ала-Бука жана Чанач-Сай системаларындагы дыйкандарга берилип жаткан сууну үнөмдүү пайдалануу, суу жеткирүүнүн даректүүлүгүн жана түнкү сугат ыкмасын уюштуруу максатында атайын кызматтардан группалар түзүлүп, көзөмөлдү күчөтүү керектигин билдирди.

Мураптар дыйкандарга, айыл башчылар, журнал түзүп, ар бир алынган суунун саатына чейин жазып кол койдуруу керектигин кошумчалап, Экотех кызматы жана айыл өкмөттөрү тарабынан сууну үнөмсүз туура эмес пайдалангандарга штраф салынаары эскертилди. Айыл окмот башчылары тарабынан жумушчу топтор түзүлүп, жер-жерлерде сугат сууга муктаж болгон участокторду, эгин талааларын аныктоо, айылдар аралык алгоо ыкмаларын уюштуруу маселелерин сүйлөшүп, мураптарга жакындан көмөктөшүүгө чакырды.

Жыйын учурунда сугат суу былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсе аз келип жаткандыгын адистер билдиришти.

Сел алуу коркунучунда турган жол, алдын ала бекемделди…

Өрүктү айылдык аймагынын Кең-Кол айылы Чаткал районун Ала-Бука жана област менен байланыштыруучу негизги айыл болуп эсептелинет. Жакында аталган айылдагы көпүрөнүн жанындагы жолду сел алып кетип, көйгөй жаралгандыктан район башчысы Нурбек Сатаров жеринен таанышып келген

Анда жолду калыбына келтирүү, кайра сел коркунучун алдын алуу керектиги боюнча ДЭУ 17 ишканасынын жетекчисине, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысына жана тиешелүү жетекчилерге тез арада калыбына келтирүү боюнча тапшырма берип, жол көйгөйүн аким өз көзөмөлүнө аларын баса белгилеген.

Scroll To Top