Бүгүн Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы райондун карыларын майрамы менен куттуктады. Алар үчүн «Адашкан адам» аттуу спектакль тартууланып, Ала-Бука ресторанында сый тамак тартууланып, белектер берилди. РМА нын башчысы-аким Э.Абдыкадыров майрам менен куттуктап, район үчүн эмгеги сиңген чоң ата, чоң энелерге «Акылман Ата»,»Кадырлуу карыя»,»Ажарлуу Эне»ж.б. наамдарды тапшырды. Иш-чарага айылдык аймактардын башчылары, райондук маданият бөлүмү, социалдык фонд жана социалдык өнүгүү башкармалыктары активдүү катышышты.
Без рубрики
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 27 жыл.
Бүгүн районубузда Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгы белгиленди. Иш чарага райондун акими Эмилбек Абдыкадыров баштаган жетекчилер катышып, райондун элин майрамы менен куттукташты.
Келечектен көптү үмүттөндүргөн таланттуу жаштарыбызга, ууз чебер эжелерге, сүрөтчү балдарга райондук жаштар,дене тарбия жана спорт бөлүмү сыйлыктарын ыйгарышты. Ала-Бука айылдык аймагынын башчысы Дооронбек уулу Мунарбек спорт чеберлерине ийгиликтерди каалады.
Иш чараны жаштардын атынан, жаңы гана өсүп келе жаткан таланттуу уулубуз Абдраимов Нурбек алып барды.
Эң сыймыктуу инсандар сыйланышты.
КыргызРеспубликасынын президентинин жарлыгынын негизинде Ала-Бука районунун баатыр энелерине ардактуу наамдар ыйгарылды. Биздин баа жеткиз сыймыгыбыз болгон апа-энелер, 19 «Баатыр эне» ордени жана 7 «Эне даңкы» медалдары менен салтанатуу түрдө сыйланышты. Иш-чара Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтүп, райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программалар менен коштолду. Дүйнөдөгү бардык мактоолорго татыктуу болгон энелерге таазим кылынып, алкыш сөздөрү менен жакшы каалоо тилектер айтылды.
Айта кетчү нерсе: «Баатыр эне» ордени менен энелер — жети жана андан көп бала төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган, балдардын ден соолугу, билими, дене боюнун жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө талаптагыдай камкордуктун деңгээлин камсыз кылган Кыргыз Республикасынын жарандары сыйланышат. «Эне даңкы» медалы менен энелер — алты бала төрөгөн жана аларды татыктуу тарбиялаган, алтынчы баласы бир жашка толгон жана башка балдары тирүү Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле жетим балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн окуу-тарбиялоо мекемелеринде 15 жылдан ашык кынтыксыз иштеген аялдар сыйланышат. (КР 2017-жылдын 28-июлу №157 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндөгү мыйзамы.)