




Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында аким К.Чаргынбаев, райондук тиешел...
«Туруктуу жергиликтүү экономикалык өнүгүү» долбоорунун алкагында жумушчу пландарга ылайык квартал са...
Москвада өткөн танковый биатлондо Кыргызстан намысын коргоп, алтын медаль менен кайткан Ала-Бука рай...
Жакында Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нурбек Бейшеналиевич жеке ишке...
08.05.2019 Комментарии к записи Китеп кербени Ала-Букада…. отключены
26.04.2019 Комментарии к записи Чернобыль апаатынын 33 жылдыгы белгиленди. отключены
Ала-Бука педагогикалык коледжинде Чернобыль апаатынын 33 жылдыгы белгиленди. Ала -Бука районунан 28 ардагер чакырылып, Ала-Бука коледжинин студенттери тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.
Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары К.Усенбаева баштаган мекеме уюмдардын өкүлдөрү катышып, өз сыйлыктарын тартуулашты.Ошондой Чернобыль АЭСнын катышуучуларына ардак громата жана акчалай сыйлыктар Ала-Бука айыл өкмөтү тарабынан да берилди.
Чернобыль апаатынын катышуучулары менен биргеликте үй-бүлө мүчөлөрунө сый-тамак тартууланды.
27.03.2019 Комментарии к записи Өрүктү айыл аймагында жыл жыйынтыгынын жыйыны… отключены
Өрүктү айыл аймагынын башчысы Рустам Кийикбаев 2018-жыл аралыгында аткарылган иштер боюнча бүгүн жергиликтүү тургундарга отчёт берди. Иш-чарага Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Абдыкадыров Эмилбек Ысакулович жана мекеме уюмдардын жетекчилери катышты.2018-жылда айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкош тургундарга, ишкерлерге, спортсмендерге «Ардак грамота» жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Өрүктү айылынын тургуну,акын, «Жазуучулар союзунун мүчөсү» Турумбетова Василяга Өрүктү айыл аймактын «Ардактуу айымы» наамы жана акчалай сыйлык берилди.
18.03.2019 Комментарии к записи 1-Май айыл аймагында эл аралык деңгээлдеги ишембилик… отключены
Республикалык масштабда жарыяланган ишембилик 1-Май айыл аймагында эл аралык деңгээлге чыгып, жогорку даражада өткөрүлдү!!! Коншулаш Өзбекстан Республикасынын Касан-Сай районунан ишембиликке 21 даана атайын техника, 200 чукул коноктор келишти.
Ишембиликтин кульминациясы-район хокими Баходир аке өзү баштап, кечке чейин Ала-Бука районунун акиминин орун басары Бектур Сагымбаев баштаган жетекчилер менен бирге болду!!!
Эки элдин ынтымагына багышталып, мал союлуп, бата тиленип, ыр-бий аралашкан эмгек майрамы өзгөчө болду!!!
18.03.2019 Комментарии к записи Нооруз майрамы Ала-Бука аймактык ооруканасында… отключены
Бүгүн Ала-Бука районунун аймактык ооруканасында «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын» алкагында ишембилик өткөрүү менен Нооруз майрамына карата иш чара болуп өттү. Бул оорукана жыл жыйынтыгы менен эки жылдан бери райондук мекеме ишканалардын ичинен биринчиликти алып келет. 2017-жылы 3 млн.жакын инвестиция тартса, өткөн жылы 1,5 млн инвестиция тартып, оорукананын инфраструктурасы кыйла оңолду. Андан сырткары заманбап аппараттар менен толукталып, калктын ден соолугу үчүн 350 дөн ашык кызматкер иштеп келүүдө. Бүгүнкү жаз майрамына арналган иш чара да жогорку деңгээлде белгиленип, кыргыздын улуттук каада салттары даңазалануу менен улуттук ыр куулор жаңырып жатты. Ушул эле жерде кыргыздын улуттук тамагы сүмөлөк кайнатылып, ооруканада дарыланып жаткан бейтаптарга, келген конокторго тартууланды.
Адистерден куралган топ» тушоо кесүү» салты менен чуркашып, жаңы баскан наристенин тушоосун кесип, келечекте эли үчүн кызмат кылган инсан болушун каалап, бата беришти. Иш чарага райондун акими Э.Абдыкадыров катышып, жалпы дарыгерлер жамаатына ийгиликтерди каалап кайтты.
16.03.2019 Комментарии к записи Нооруз майрамы, куттуу майрам… отключены
8 миңге жакын калкы бар Ала-Бука районунун Өрүктү айылдык аймагында Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештируу жылынын алкагында «Нооруз 2019» иш чарасы өтүүдө.
Мында улуттук оюндар, каада-салт, спорттук оюндардан сырткары кыргыз боз үйлөрүнүн, улуттук ыр-бийлердин, кол өнөрчүлөрдүн таймаштары өткөрүлүп, элге майрамдык маанай эң жогорку деңгээлде тартуланууда.
15.03.2019 Комментарии к записи Региондордогу жеке ишкердиктин өнүгүп жаткандыгын дагы бир далили. отключены
Бүгүн Ала-Бука районунун борборунда жеке ишкер, Өрүктү айылынын тургуну Бекимбетов Кылычбектин соода борборунун ачылыш эземи болуп өттү. Кеңсээлерге ылайыкталган кенен, таза, кардарларга ыңгайлуу болгон бул жерден турмуш- тиричиликке керектүү кандай гана буюмдар болбосун, бардыгын табууга болот. Ушул эле жерден тамактанууга да жакшы шарттар түзүлгөн . Бул иш-чара региондордогу жеке ишкердиктин өнүгүп жаткандыгын дагы бир далили.Соода борбору Т.Сартмамбетов көчөсү менен Советская көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан.
15.03.2019 Комментарии к записи «Регионалдык өнүгүүнүн өзөгүн ишкердүүлүк түзөт. Биргелешкен аракет, келечектин кадамы»… отключены
«2019-жыл — Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын» алкагында Ала-Бука райондук мамлекеттик администациясы тарабанан Ала-Бука районунун I ишкерлер конференциасы уюштурулуп, регионалдык диалог: «Регионалдык өнүгүүнүн өзөгүн ишкердүүлүк түзөт. Биргелешкен аракет, келечектин кадамы…» урааны астында иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чарага райондун аймагындагы ар кыл тармактагы ишкерлер, кооператив мүчөлөрү, мекеме иш-ишканалар өкүлдөрү, банк, финансы тармактары кызматкерлери, курулуш тармагындагы ишкелер , инвестиция жаатындагы мамлекеттик эмес уюмдардан өкүлдөр катышышып, ишкердикти өнөктөштүктө өнүктүрүү боюнча өздөрүн кызыктырган багыттар боюнча толук маалымат ала алышты.
Иш-чара район ишкерлери тарбынан райондун аймагында өндүрүлгөн продукциялардын көргөзмө жарманкеси менен коштолду…
13.03.2019 Комментарии к записи «Жол кыймылы эрежелерин билип жүр!…» отключены
Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу N1 Т.Балтагулов атындагы орто мектебинин 4-класстарынын ортосунда «Жол кыймылы эрежелерин билип жүр» аттуу иш чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чарага мектеп администрациясы менен кошо райондук ички иштер, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышып, балдардын жол кыймыл аракеттерин канчалык деңгээлде билерин сынашты. Балдар өз билимдерин көрсөтүү менен концерттик тематикалык номерлерди көрсөтүштү. Иш чарага активдүү катышкан окуучуларга, алардын класс жетекчилерине аталган мектептин директору Г. Бейшекеева, башталгыч класстарынын завучу К.Сатиева ыраазычылыгын билдирип, алдыңкы орундарды ээлеген класстарга ыраазычылык баракчаларын тапшырды.
08.03.2019 Комментарии к записи Эң ыйык инсандар майрамы…Апалар майрамы… отключены
8-март аялдардын эл аралык майрамына арналган иш чара райондук маданият үйүндө болуп өттү. Майрамда райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Э. Абдыкадыров, депутаттардын кошмо жыйынынын төрагасы М. Мамырбеков, Ала-Бука айылдык аймагынын башчысы М. Дооранбек уулу куттуктоо айтып, жалпы аялзатын майрамы менен куттуктады. 30670 Аскер бөлүгүнүн жоокерлери аялдарды тосуп алып, гүлдөрдү беришти. Ошондой эле Жогорку кеңештин депутаты А.Турсунбаевдин белектери, райондук мамлекеттик администрациясынын белектери райондун социалдык-экономикалык экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Ардак грамота менен белектер берилди. Баткен согушунун катышуучулары Ш.Мадраимов, М.Ашырбековдун энелерине «Эне даңк» медалы, Ала-Бука колледжинин директору, доцен С.Рысбаевага төш белги тапшырылды. Иш чараны райондун жигиттери маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулган концерт коштоп турду. Ошону менен бирге райондук үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун директорунун орунбасары Ж.Тажибекова, Т.Балтагулов атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын завучу К.Сатиева КРӨ Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Сатыбалдиевдин Ардак грамоталары тапшырылды.