INILIFE.RU
Башкы бет / Без рубрики (page 4)

Без рубрики

1-октябрь,..Эл аралык карыялар күнү…

Ала-Бука районунда 1-октябрь эл аралык карыялар күнүнө карата иш-чара өттү. Эмгектин алдыңкы ардагерлерине  ыраазычылык билдирүү менен, маданият үйү даярдаган көрүнүш, айылдык аймактардагы»Шайыр апалар» топтору менен биргеликте концерттик номерлер тартууланып, 100 кишиге сый тамак берилди. Белектер райондук социалдык фонд тарабынан уюштурулду
Район ичинде 100 жаштан ашкан эки карыялар бар. Алар: Көк-Таш айылдык аймагынан Эгемова Ажар эне 1914-жылы төрөлгөн, 105 жашта, Ак-Там айылдык аймагынан  Гаипова Майрам эне  1918-жылы төрөлгөн  101 жашта. Белгилей кетсек Ала-Бука районунда жалпысынан 8257 пенсия жашындагы карыялар бар…

«Күндөлүк»- санариптик платформасы, Ата Мекендик санариптештирүү билим берүү системасы…

«2019-жыл  Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылынын алкагында Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмү 2019-2020- окуу жылын иновациялык жаңы технологиялык иш-аракеттер менен баштады.«Күндөлүк»- санариптик  системасы, Ата-Мекендик  билим берүү платформасы болуп саналат. Карт-окутуу систамасы аркылуу ата-энелер мектептеги балдырынын коопсуздугун жана билим алуу деңгээлин толук көзөмөлгө ала алышат.«Күндөлүк» санариптик билим берүү системасынын ушул жана башка пайдалуу артыкчылыктары тууралуу окуу семинары Ала-Бука районундагы Нуркул Орозалиев атындагы орто мектебинин жыйындар залында болуп өттү. Ага райондук билим берүү бөлүмүнүн жектекчилиги, райондун бардык орто мектептерининин дирокторлору менен бирге Чаткал районунун да айрым мектеп директорлору ошондой эле «Күндөлүк» долбоорунун Ала-Бука райондук жана Жалал-Абад областык өкүлдөрү катышышты. Жыйында Карт-окутуу системасы боюнча түшүнбөгөн жана катышуучуларды кызыктырган суроолорго  толук жооптор берилип, сунуштар да эске алынды. «Заман талабына ылайык билим берүү системасына өтүү процессинин алгачкы этаптары ийгиликтүү башталып, өз жыйынтыгын көрсөтөт»- деген ойлорду билдирип калышты семинар катышуучулары…

Апамдын наны….

30670 Аскер бөлүгүндө Ала-Бука айылдык аймагынын Достук айылынын апалары уюштурган » Апамдын наны» акциясы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлдү.Иш -чарада апалар концерт тартуулоо менен, жоокерлердин «Апама кат» сынагы, улуттук аркан тартмай оюндары өткөрүлдү.Мындан сырткары белектер, апалар даярдаган сый тамак тартууланды…

2019-2020- окуу жылына карата даярдыктары тууралуу коллегия..

Ала-Бука райондук иамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондун аймагындагы жалпы билим берүүчү мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жаңы 2019-2020- окуу жылына карата даярдыктары жөнүндө коллегия өттү…

4 000 000 сомдук сертификат тапшырылды….

Ала-Бука райондук аймактык ооруканасында хирургия бөлүмүнүн операциялык блогунун ачылыш аземи болуп өттү. Бул иш-чарага саламаттык сактоо министринин орун басары Каратаев Мадамин Мусаевич, Жалал Абад областынын милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директору Жыргалбек Осмоналиев жана башка коноктор катышты. Хирургия бөлүмүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн салым кошкон ишкерлер К. Кулмурзаевге, И.Дадажановго, ЖКК АРТ курулуш ишканасына райондун акими Э.Абдыкадыров ыраазычылык билдирди. Ал эми оорукананын жугуштуу бөлүмүнүн капиталдык ремонтуна Фулл Голд Майнинг тоо-кен ишканасынын генералдык директору Ли Яо Хуей 4000 000 сом сертификатын тапшырды.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри менен жолугушуу…

Ала-Бука районунда Эмгек жана социалдык өнүгүү министри У.Кочкоров менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда негизинен жөлөк пул, майыптарды кароочу ассистенттерге акча төлөп берүү, майыптарга иш орундарын түзүү, жер участокторун берүү боюнча маселелер көтөрүлдү. 

» Барчын» жайлоо өнүгүү борбору ачылды…

Ала-Бука айыл аймагында наристелердин жайкы эс алуу мезгилинде  ар тараптуу өнүгүүсү, балдардын зээндүү болушуна шарт түзүү максатында » Барчын» жайлоо өнүгүү борбору ачылып, иштөөгө берилди. Жайлоо өнүгүү борборунун негизги максаттары: балдардын жайкы каникулдагы убактыларын натыйжалуу пайдалануу, жайлоонун таза абасынан дем алып, спорт менен машыгышып ден-соолуктарын чыңдоо, комьпютер, телевизор, смартфон жана башка ушул сыяктуу гаджеттерден аз да болсо алыстап,  вертуалдык эмес чыныгы балдар үчүн оюндарды ойноо менен бирге физикалык жана интелектуалдык жөндөмдүүлүктөрүн артыруу. Мындай интерактивдүү ыкма балдардын ар тараптуу өнүгүсүнө жакшы өбөлгө түзөт деген ишеничтебиз….

«Балдар биздин планетанын келечеги» бир айлык акциясы…

«Балдар биздин планетанын келечеги» бир айлык акциясынын негизинде, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар үчүн «Кыялдар орундалат» аттуу акция райондук салык башкармалыгында болуп өттү. Алишер Төрөбаев баштаган коллектив балдар үчүн кийим кече, тамак аш алып берүү менен балдарга жылуу маанай тартуулашты. Мындай акция райондук ички иштер бөлүмүндө, токой чарбасында жана мамлекеттик каттоо кызматтарында да өткөрүлдү. Мындан сырткары ишкерлер да өз салымын кошушту…

Эч ким, эч нерсе унутулбайт!… 9-май Улуу Жеңиш күнү!…

Жеңиш майрамы Ала-Бука районунда чоң салтанат менен белгиленди. Иш-чара Жеңиш эс алуу паркындагы «белгисиз жоокер» эстелигине гүл кою менен башталып, согушта курман болгон жоокерлерге багышталып куран окутулуп, алардын жаркын элестерин эскерүү митинги өткөрүлдү. Майрамдык иш-чара райондун борбордук аянтын көздөй улантылып,»өлбөс полк» жүрүшү өттү. Маданий массалык иш-чаралар, куралдуу күчтөрдөн түзүлгөн аскердик жана оор техникалык парад майрамдык маанайды көркүнө чыгарды.

Райондун акими Э.Абдыкадыров жана Жогорку Кеңештин депутаты А.Турсунбаев жана башкалар райондун калкын дегеле бүтүндөй Кыргызстандыктарды Улуу Жеңиштин 74 жылдык маарекеси менен куттукташты. 9-Май Жеңиштин Улуу майрамына урматына Ала-Бука айыл аймагындагы согуш маалындагы  ооруктун  катышуучуларына,эмгектин ардагерлерине жана майыптарына, согуш ардагерлеринин жесир аялдарына Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбаев Азизбек Атакозуевичтин катышуусунда белектер тапшырылды.

Райондогу мекеме иш-каналардын жетекчилиги, айыл өкмөт башчылары, райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте согуштун 2 ардагерине токулуу жылкы миндиришти.

Курманбаев Абдиназар агабыздын жаркын элесине арналган турнир….

Ак-Там айыл аймагына караштуу Жапа-Салды айылында СССРдин волейбол спорт түрү боюнча курама командасынын оюнчусу жана волейбол боюнча спорт чебери маркум Курманбаев Абдиназар агабыздин жаркын элесине арналган спорттук турнир болуп өттү. Ачылыш аземинде Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Эмилбек Ысакулович баштаган бир катар жетекчилер, маркумдун туугандары сөзгө чыгышып, спортчуларга ийгилик каалашты. Иш-чарага район аймагынан келген волейбол командалары катышышып, жыйынтыгында:1-орунду Сары-Талаа, 2-орунду Кош-Алмурут, 3-орунду Келте жана 4-орунду Баймак командалары ээлешти. Жеңүүчүлөргө турнир кубогу жана акчалай сыйлыктар ташырылды.

Scroll To Top