1-Май айыл аймагынын эли Улуу Жеңишти 74 жылдык майрамын согуштун ардагери, кадырлуу аксакал Насирдин ата менен бирге майрамдады.
Салтанатка Жогорку Кенештин депутаты А.Турсунбаев,Ала-Бука районунун акими Э.Абдыкадыров баштаган жетекчилер катышышты. Ардагерге тойлорго, жакшылыктарга минип жүрсүн деп, жорго тулпар белеке берилди.
Ооруктун,эмгектин ардагерлерине баалуу, акчалай сыйлыктар тапшырды.
1-МАЙ
1-Май айыл аймагы — спорттун, эмгектин, алдыңкы маданияттын мекени!!! …
Акыркы учурларда спорттун волейбол түрүнөн 1-Май айыл аймагынын курама командасы жакшы ийгиликтерди жаратууда. Чаткал районунун Сумсар айыл аймагында өткөн «Мавлянов Эмирлан» атындагы «Достук » кубогунда 1-Май айыл аймагынын волейболчүлары II орунду багындырышты.
Волейболчулар салтанаттуу кабыл алынып, каалоо-тилектер,алкыштар айтылып, белек-бечкектер тапшырылды.Бул жетишкендик «1-Май айыл аймагы спорттун, эмгектин, алдыңкы маданияттын мекени!!! » деген ураанага дагы бир мисал…
1-Май айыл аймагында эл аралык деңгээлдеги ишембилик…
Республикалык масштабда жарыяланган ишембилик 1-Май айыл аймагында эл аралык деңгээлге чыгып, жогорку даражада өткөрүлдү!!! Коншулаш Өзбекстан Республикасынын Касан-Сай районунан ишембиликке 21 даана атайын техника, 200 чукул коноктор келишти.
Ишембиликтин кульминациясы-район хокими Баходир аке өзү баштап, кечке чейин Ала-Бука районунун акиминин орун басары Бектур Сагымбаев баштаган жетекчилер менен бирге болду!!!
Эки элдин ынтымагына багышталып, мал союлуп, бата тиленип, ыр-бий аралашкан эмгек майрамы өзгөчө болду!!!