«Канткенде тарбиялуу, билимдүү балдарды коомго чыгарабыз» тематикасында тренинг… | Alabuka.kg
INILIFE.RU
Башкы бет / БАШКЫ БЕТ / «Канткенде тарбиялуу, билимдүү балдарды коомго чыгарабыз» тематикасында тренинг…
«Канткенде тарбиялуу, билимдүү балдарды коомго чыгарабыз» тематикасында тренинг…

«Канткенде тарбиялуу, билимдүү балдарды коомго чыгарабыз» тематикасында тренинг…

Ала-Бука райондук Ш. Жоробекова атындагы маданият үйүндө, «Канткенде тарбиялуу, билимдүү балдарды коомго чыгарабыз» деген темада тренинг болуп өттү. Бул иш-чарага ата-энелер, мугалимдер, тарбиячылар катышып, он жыл телерадиодо алып баруучу, уюштуруучу, продюсер, администратор болуп иштеп, Кыргыз Туусу гезитинин жылдын мыкты тренери төш белгисинин ээси болуп, учурда «URMAT_SCHOOL Эне жана баланы өнүктүрүү» окуу борборун жетектеген Урмат Турдумат уулунун таасирдүү сабактарын алышты.
Тренингдин алкагында:
🔎 *Балам билим алууга кызыкпайт* Эмне кылам?
🔎 *Балам окуйт бирок оюн ачык, так, даана түшүндүрө албайт* Эмне үчүн?
🔎 *Балам менин сөзүмдү укпайт* Кантем?
🔎 *Канткенде балам лидерлик сапатка ээ болуп чоңоёт*
🔎 *Канткенде баламдын туура кесип тандоосуна жардам бере алам*
🔎 *Канткенде билим сапатын жогорулата алабыз*
🔎 *Бекем үй-бүлө мыкты тарбиянын эшиги* деген темаларда кенен сабак өтүлдү. Ата-энелер суроо берип тренингге активдүү катышып, ыраазычылыктарын билдиришти. Бул Эне жана баланы өнүктүрүү багытындагы иш-чара Ала-Бука ата-энелер мектебинин уюштуруучусу Гүлнура Элтузерова тарабынан сунушталып, райондук мамлекеттик администрациясы жана райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте өткөрүлдү.

www.alabuka.kg

Scroll To Top
Translate »