БАШКЫ БЕТ | Alabuka.kg
INILIFE.RU
Башкы бет / БАШКЫ БЕТ

БАШКЫ БЕТ

Эл аралык бизнес форуму….

Ала-Бука районунда «Аймактарды ар тараптуу өнүктүрүүдө ички потенциалдын дараметин арттыруу жана шериктештикте өнүгүүгө карай» аттуу эл аралык бизнес-форум болуп өттү.

Эл аралык бизнес форумга Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чаргынбаев Кайырбек Кабылбекович баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Өзбекстан Республикасынын Наманган облусуна караштуу Касансай жана Чуст райондорунан келген коноктор, инвестиция, туризм, бизнес жаатында ишмердүүлүк жүргүзгөн эки өлкөнүн ишкерлери катышты.

Иш-чара Ала-Бука районунун кол өнөрчүлөрү, айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр жана жергиликтүү ишкерлер тарабынан даярдалган көргөзмө-жарманке менен таанышуудан башталды.

Бизнес форумду райондун акими Кайырбек Чаргынбаев ачып, ишкер чөйрөгө жагымдуу шарттарды түзүү, айрыкча чакан жана орто бизнеске инвестицияларды тартуунун актуалдуулугуна токтолуп өттү. Өз сөзүндө коңшу мамлекеттер менен жогорку алакада болуу маселелери өзгөчө орунда турарын белгилеп, бизнес-форумга ийгиликтерди жана бардык катышуучуларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү каалады.

Касансай районунун акиминин орун басары Салимжонов Бахтиёр Рахимжонович жана Чуст районунун акиминин жардамчысы Юсупов Шухратжон Адхамович сөзгө чыгышып, Ала-Бука элинин меймандостугуна ыраазычылыктарын билдирип өтүштү.

Эл аралык бизнес форумдун жүрүшүндө аймактарды ар тараптуу өнүктүрүү боюнча багыттар аныкталып, өз ара кызматташуу боюнча бир катар меморандумдарга кол коюлду.

Эки өлкөнүн кошуна жайгашкан райондорунун ортосунда кызматташуу тууралуу келишимдерге кол коюлуп, бизнес форум жогорку нотада жыйынтыкталды.

Эки элдин достугу- өнүгүүгө өбөлгө….

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрциясынын башчысы- аким Кайырбек Чаргынбаев башында турган делегация Өзбекстан Республикасынын Наманган облусуна караштуу Косонсой районунун хакими Кадиров Дилмурод Гафуровичтин чакыруусу менен коңшу өлкөдө болушту.

Иш сапарынын алканында Наманган шаарында өтүп жаткан 62- Эл аралык гүлдөр фестивалына катышып, жергиликтүү багбандардын жана кол өнөрчүлөрдүн эмгегине күбө болушту. Наманган облусунун хакиминин туризм, маданият маселелери, маданий мурастар жана массалык коммуникациялар боюнча орун басары Нуритдинов Ботир Кадирханович делегация мүчөлөрүнө туризм тармагын өнүктүрүү максатында Наманган облусунда жасалып жаткан алгылыктуу жумуштар тууралуу маалымат берди.
Андан соң делегация мүчөлөрү облустун өндүрүш тармагы менен таанышуу максатында, Косонсой районундагы «BarkasTeks» ишканасында болушту. Текстиль тармагын өнүктүрүү, калкты жумуш орундары менен камсыз кылуу маселелери жеринде талкууланды.
Жолугушуунун расмий бөлүгү Косонсой районунун хокимиятында уланып, өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү, ынтымакты чыңдоо, туризмди, өндүрүш тармагын жана ишкердикти колдоо, инвестиция тартуу маселелери талкууланды.
Жолугушуунун соңунда  Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чаргынбаев Кайырбек Кабылбекович жана Косон-Сой районунун хакими Кадиров Дилмурод Гафурович өз ара кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ала-Букалыктар менен жолугушуусу…

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин Ала-Бука районунун жашоочулары менен жолугушуусу.

Облус башчысы жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөн социалдык объектилердин менчиктелиши, жеке менчик мүлккө болгон укуктардын сакталышы тууралуу айтылган көйгөйлөрдү жеринен барып көрдү.

«Канткенде тарбиялуу, билимдүү балдарды коомго чыгарабыз» тематикасында тренинг…

Ала-Бука райондук Ш. Жоробекова атындагы маданият үйүндө, «Канткенде тарбиялуу, билимдүү балдарды коомго чыгарабыз» деген темада тренинг болуп өттү. Бул иш-чарага ата-энелер, мугалимдер, тарбиячылар катышып, он жыл телерадиодо алып баруучу, уюштуруучу, продюсер, администратор болуп иштеп, Кыргыз Туусу гезитинин жылдын мыкты тренери төш белгисинин ээси болуп, учурда «URMAT_SCHOOL Эне жана баланы өнүктүрүү» окуу борборун жетектеген Урмат Турдумат уулунун таасирдүү сабактарын алышты.
Тренингдин алкагында:
🔎 *Балам билим алууга кызыкпайт* Эмне кылам?
🔎 *Балам окуйт бирок оюн ачык, так, даана түшүндүрө албайт* Эмне үчүн?
🔎 *Балам менин сөзүмдү укпайт* Кантем?
🔎 *Канткенде балам лидерлик сапатка ээ болуп чоңоёт*
🔎 *Канткенде баламдын туура кесип тандоосуна жардам бере алам*
🔎 *Канткенде билим сапатын жогорулата алабыз*
🔎 *Бекем үй-бүлө мыкты тарбиянын эшиги* деген темаларда кенен сабак өтүлдү. Ата-энелер суроо берип тренингге активдүү катышып, ыраазычылыктарын билдиришти. Бул Эне жана баланы өнүктүрүү багытындагы иш-чара Ала-Бука ата-энелер мектебинин уюштуруучусу Гүлнура Элтузерова тарабынан сунушталып, райондук мамлекеттик администрациясы жана райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте өткөрүлдү.

Жарыя!…. Т. Балтагулов айыл аймагындагы жер участогун узак жылдык мөөнөткө ижарага берүү жөнүндө…

Жер участогун узак жылдык мөөнөткө ижарага берүү жөнүндө жарыя…

Scroll To Top
Translate »