INILIFE.RU

Эки элдин достугу- өнүгүүгө өбөлгө….

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрциясынын башчысы- аким Кайырбек Чаргынбаев башында турган делегация Өзбекстан Республикасынын Наманган облусуна караштуу Косонсой районунун хакими Кадиров Дилмурод Гафуровичтин чакыруусу менен коңшу өлкөдө болушту.

Иш сапарынын алканында Наманган шаарында өтүп жаткан 62- Эл аралык гүлдөр фестивалына катышып, жергиликтүү багбандардын жана кол өнөрчүлөрдүн эмгегине күбө болушту. Наманган облусунун хакиминин туризм, маданият маселелери, маданий мурастар жана массалык коммуникациялар боюнча орун басары Нуритдинов Ботир Кадирханович делегация мүчөлөрүнө туризм тармагын өнүктүрүү максатында Наманган облусунда жасалып жаткан алгылыктуу жумуштар тууралуу маалымат берди.
Андан соң делегация мүчөлөрү облустун өндүрүш тармагы менен таанышуу максатында, Косонсой районундагы «BarkasTeks» ишканасында болушту. Текстиль тармагын өнүктүрүү, калкты жумуш орундары менен камсыз кылуу маселелери жеринде талкууланды.
Жолугушуунун расмий бөлүгү Косонсой районунун хокимиятында уланып, өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү, ынтымакты чыңдоо, туризмди, өндүрүш тармагын жана ишкердикти колдоо, инвестиция тартуу маселелери талкууланды.
Жолугушуунун соңунда  Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чаргынбаев Кайырбек Кабылбекович жана Косон-Сой районунун хакими Кадиров Дилмурод Гафурович өз ара кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ала-Букалыктар менен жолугушуусу…

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин Ала-Бука районунун жашоочулары менен жолугушуусу.

Облус башчысы жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөн социалдык объектилердин менчиктелиши, жеке менчик мүлккө болгон укуктардын сакталышы тууралуу айтылган көйгөйлөрдү жеринен барып көрдү.

«Канткенде тарбиялуу, билимдүү балдарды коомго чыгарабыз» тематикасында тренинг…

Ала-Бука райондук Ш. Жоробекова атындагы маданият үйүндө, «Канткенде тарбиялуу, билимдүү балдарды коомго чыгарабыз» деген темада тренинг болуп өттү. Бул иш-чарага ата-энелер, мугалимдер, тарбиячылар катышып, он жыл телерадиодо алып баруучу, уюштуруучу, продюсер, администратор болуп иштеп, Кыргыз Туусу гезитинин жылдын мыкты тренери төш белгисинин ээси болуп, учурда «URMAT_SCHOOL Эне жана баланы өнүктүрүү» окуу борборун жетектеген Урмат Турдумат уулунун таасирдүү сабактарын алышты.
Тренингдин алкагында:
🔎 *Балам билим алууга кызыкпайт* Эмне кылам?
🔎 *Балам окуйт бирок оюн ачык, так, даана түшүндүрө албайт* Эмне үчүн?
🔎 *Балам менин сөзүмдү укпайт* Кантем?
🔎 *Канткенде балам лидерлик сапатка ээ болуп чоңоёт*
🔎 *Канткенде баламдын туура кесип тандоосуна жардам бере алам*
🔎 *Канткенде билим сапатын жогорулата алабыз*
🔎 *Бекем үй-бүлө мыкты тарбиянын эшиги* деген темаларда кенен сабак өтүлдү. Ата-энелер суроо берип тренингге активдүү катышып, ыраазычылыктарын билдиришти. Бул Эне жана баланы өнүктүрүү багытындагы иш-чара Ала-Бука ата-энелер мектебинин уюштуруучусу Гүлнура Элтузерова тарабынан сунушталып, райондук мамлекеттик администрациясы жана райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте өткөрүлдү.

Сапат сыйлыктарын ыйгаруу боюнча сынак…

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы сиздерге, Кыргыз Республикасынын Сапат сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңешинин чечими менен 2023-2024-жылдарда Кыргыз Республикасынын Сапат боюнча сыйлыгын алуу үчүн төмөнкү тармактарга сынак жарыяланганын билдирет:
1.Өнөр жай продукциясын жана калк керектөөчү товарларды өндүрүү;
2. Тамак-аш азыктарын жана айыл чарба продукциясын өндүрүү;
3. Кызмат көрсөтүү….

Жарыяланган датасы: 12.04.2023.

 

 

Тиркеме:

Райондук тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилеринин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын катышуусунда отурум…

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында аким К.Чаргынбаев, райондук тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилеринин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын катышуусунда отурум өткөрдү.
Каралуучу маселелер:
— КР Президентинин 24.02.2022-ж. «Үй- бүлөлүк салтанаттарда ысырапкерчиликке жол бербөө» N54 Жарлыгынын аткарылышы;
— аймактарда ачылган социалдык текчелер жана социалдык дүкөндөрдү уюштуруу;
— арзандатылган азык-түлүк жарманкесинин өткөрүү;
— оруп-жыйноонун абалы, түшүмдүүлүк;
— жалпы билим берүү уюмдарынын жаңы 2022-2023-жж.окуу жылына даярдыгы, ремонт иштеринин абалы;
— мыйзамсыз курулуштар жана трансформациялоо, КР Министрлер Кабинетинин 31.05.2022-ж. «Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» N 291 токтомун талкуулоо;
— Санарип Аймак;
— турак-жайларды табигый кырсыктардан жана өрттөн камсыздандыруу;
— жайыт жана башка маселелер боюнча талкуулар жана маалыматтар угулуп, тиешелүү тапшырмалар милдеттендирилди.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата «Таза айыл» бир айлыгы жарыяланып, ар бир аймакта, ишмердүүлүгүнүн түрүнө карабастан, ишембилик өткөрүү тапшырмасы жана көрнөк-жарнактарды тематикага ылайык жаңылоо боюнча тапшырылды.
Ошондой эле аким К.Чаргынбаев тарабынан сунушталган «Коопсуз айыл», «Коопсуз мектеп» пилоттук долбоорунун жүрүшү, пайдаланууга берүү мөөнөтү боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Баймуратовдон жана Ала-Бука айыл өкмөтүнөн суралды…

Жарыя!…. Т. Балтагулов айыл аймагындагы жер участогун узак жылдык мөөнөткө ижарага берүү жөнүндө…

Жер участогун узак жылдык мөөнөткө ижарага берүү жөнүндө жарыя…

Ачык бюджет, өнүгүүгө карай жол…

Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагында 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетинин кирешеси жана чыгашасы боюнча «Ачык бюджет өнүгүүгө карай жол» аталышында Коомдук угуу жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Коомдук угууга Айылдык кеңештин депутаттары, мекеме — уюмдардын жетекчилери, жергиликтүү активисттер, ардагерлер, жалпы эл катышты. Коомдук угууда жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, бюджеттин киреше бөлүгүнүн көбөйтүү, ыксыз чыгымдарды кыскартуу, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн ачык — айкындуулугу жаатында мындан ары да да иштерди активдештирүү милдетттери айыл Өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлдү.
1-Май айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин көлөмү 30 млн. сомдон ашык каражатты түзүп, 2022-жылы республикадагы дотациядан чыккан айыл аймактарынын катарын толуктаган.

КУЛАКТАНДЫРУУ!…

Урматтуу Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагынын тургундары!!!
2022-жылдын 11-февраль күнү «Ачык бюджет- өнүгүүгө карай жол» аталышында, 1-Май айыл аймагынын 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетинин кирешеси жана чыгашасы боюнча Коомдук угуу өткөрүлөт.
Келип, өз сунушуңуздарды айтып, ой-пикир кошуп кетиңиздер!!!
Коомдук угуу айыл Өкмөтүнүн жыйындар залында саат 10-00 башталат.
Келиңиздер, аймагыбызды бирге өнүктүрөлү!!!
Уюштуруу тобу.

«Туруктуу жергиликтүү экономикалык өнүгүү» долбоору…

«Туруктуу жергиликтүү экономикалык өнүгүү» долбоорунун алкагында жумушчу пландарга ылайык квартал сайын максаттуу айыл аймактардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлүп турат.

Жолугушууда долбоордун координатору Эшмамбетов Элдияр: «Долбоордун компоненттери боюнча иш-чаралар жана пландар, ошондой эле максаттуу айылдык аймактарда Инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүү пландарын (ИЖЭӨП) аткаруу боюнча Биргелешкен мониторинг жана баалоо топторун түзүү, алдыдагы иш-чаралар менен тааныштырып, презентация учурунда ал, долбоордун негизги иш-аракеттери жөнүндө кыскача баяндама менен бөлүштү, ошондой эле ИЖЭӨПтү иштеп чыгуу, гранттык арыз сунуштар кандай процессте, максаттуу айыл өкмөттөрү укуктук, курулушка керектелүүчү документтерди чогултуу кайсыл процесске келип калгандыгы жөнүндө мааалымат берилди.
Аталган жыйында Биргелешкен мониторинг жана баалоо топторун түзүү, алардын курамы, укуктары жана милдеттери жөнүндө кеңири баяндалып өтүлдү.
Катышуучулар жергиликтүү деңгээлде мониторинг жана баалоо топторун түзүүнүн мааниси чоң экендигин айтып өтүштү. Анткени ар бир аткарылып жаткан жумуштун ачык-айкын болушу үчүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана калктын маалымдуулугун жогорулатуунун, тараптардын жоопкерчилигин күчөтүүнүн инструменттери катары Социалдык отчеттуулукту мониторинг жана баалоо топторун окутуу керектиги айтылды.
Алдыда долбоор иштеп жаткан 7 айыл аймагында Биргелешкен мониторинг жана баалоо топторун Социалдык отчеттуулук инструментине окутуу чечими кабыл алынды.

Scroll To Top