80 балага гуманитардык жардам берилди… | Alabuka.kg
INILIFE.RU
Башкы бет / Без рубрики / 80 балага гуманитардык жардам берилди…
80 балага гуманитардык жардам берилди…

80 балага гуманитардык жардам берилди…

Ала-Бука райондук баш имам хатибиятынын имамы Шумкарбек Чыналиевдин кайрылуусу орундалып, районубуздагы 80 бала гуманитардык жардам алышып жатканына кубанычы менен бөлүшүп, Пайгамбарыбыздын хадистеринен мисал келтирип, ата энесинен ажыраган балдарга аз болсо да маанайын көтөрүүгө салым кошуп жаткан бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясына өзүнүн жана балдардын жакындарынын атынан терең ыраазычылык билдирди.

Мындай жакшы саамалыкка аким Нурбек Бейшеналиевич, жаштар ассамблеясынын кыргызстандагы өкүлү, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы С.Койчумбаев катышты.

Анда аким Н.Бейшеналиевич мамлекеттин эртеңки келечеги жаштар болгондуктан ар тараптан, жаш жеткинчектерди коргоо керектигин, бүгүнкү жардам менен чектелип калбай, мындан ары эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган ар бир балага өзгөчө көңүл бөлүнөрүнө токтолуп, келе жаткан наристелердин майрамы менен куттуктап өттү.

Пайгамбарыбыздын хадисинде «ким жетим баланын башын сыласа, ал акыретте менин жанымда болот, кайсы бир мамлекетте мечиттин жанында бала күлкүсү угулбаса, ошол мамлекеттин адамдарынын динден алыстаган белгиси» деп жазылат.

Бүгүнкү күндө күнүмдүк жашоо учун эмес, акыреттик үчүн иш жасашып жаткан «Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы» тарабынан Ала-Бука райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган атасы же энеси жок 80 баланын ар биринин өздөрүнүн колдоруна 5 литр май, 10 кг ун, күнүмдүк керектелүүчү азыктар, таттуулар, жайкы кийим кече андан сырткары 1500 сомдон акчалай жардам беришти.

www.alabuka.kg

Scroll To Top
Translate »