2020 | Alabuka.kg
INILIFE.RU

Жылдык архив: 2020

Ак-Там айыл аймагындагы алгылыктуу иштер!…

Ала-Бука райондук өнүктүрүү фонду жана Ак-Там айылдык аймагы, региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештируу жана балдарды колдоо жылында Ак-Там айылында жалпы сметалык баасы 7 450 000 сомдук кичи футболдук спорт аянтчасынын курулуш иштери бүтүү алдында турат. Бул спорттук аянтча улуттар ортосундагы ынтымакты чындоодо, жаштардын бош убактыларын туура пайдаланууда өзүнүн жемишин берери анык. Ушул долбоорго салымын кошкон аппарат кызматкерлерине, фонддун жетекчилигине, куруучуларга, айылдык кеңешке  терең ыраазычылык билдирилди. Бакубат муун өлкө келечеги!

Улуу жеңишке 75 жыл…

Ала-Бука районунда Улуу Жеңиштин 75 жылдык майрамы чакан топтун катышуусунда белгиленип өттү. Иш-чара»Белгисиз жоокердин» эстелигине гүл коюу менен башталып, көзү өткөн маркумдарга куран окулуп, андан ары 1-Май айылдык аймагындагы Н.Нармырзаев жана Т.Балтагулов айылдык аймагындагы А.Хайдаров ардагерлерибизге арналган ВАЗ 2107 автоунаасын тапшыруу менен коштолду. Мындан сырткары орукта эмгектенген ардагерлерге да сый көрсөтүлдү. Иш-чарага КРӨнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.Абдыкадыров менен биргеликте уюштуруу тобу катышты. Ардагерлерге жакындан көмөк көрсөтүп, салым кошкон райондук мекеме-ишканалардын жетекчилерине, Ала-Бука, Ак-Коргон, Өрүктү, Т.Балтагулов, Ак-Там, 1-Май айылдык аймактарынын башчыларына чоң ыраазычылык билдилди…

Коронавурус эпидемиясын алдын алуу иш аракеттери…

Ак-Там айылдык аймагында бүгүнкү күндө контрольдук өткөрүү пункттары иштеп жатат. Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги айыл тургундарына түшүнүк менен мамиле жасоолорун өтүнөт. Зарылчылык болбосо, сыртка чыкпоого чакырат. Коомдук жайларга, мечиттерге дизинфекция иштери жүргүзүлүүдө. Шарттуу түрдө массалык дезинфекциялык иштер жүргүзүлүүдө. 24 саат бою айылдык штаб иштөөдө.  Жаш балдарды көчөгө чыгарбоого чакыртат! Атайын схема боюнча дарылоо иштери жүрүүдө.

8-март… Аялдардын эл аралык майрамы…

Аял затынын эл аралык майрамы Ак-Там айыл өкмөтүндө көтөрүңкү маанайда өткөрүлдү. Айылдын ак элечек энелерине, эже-карындаш, жеңелерге негизи эле ааламдын түркүгү болгон аял затына жүрөктөн чыккан жылуу каалоо тилектер айтылып, эстелик  үчүн белектер тапшырылды … «Урматтуу дуйнонун жаркын жарымы болгон асылзат айымдар, бугунку майрамыныздар менен! Апалар, эжелер, карындаштар жана замандаштар , бугунку айтылчу жакшы аруу тилектер сиздер учун. Аман болунуздар!»- деп айтылат Ак-Там айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Камчыбековдун майрамдык куттуктоосунда…

Ата Мекен коргоочулар күнүнө карата «Апамдын наны» акциясы …

Ала-Бука районундагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Падек айылында жайгашкан чек ара кызматкерлерин жана өз кызматын өтөп жаткан жоокерлерди Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктоо максатында «Апамдын наны» аттуу кезектеги акция болуп өттү. Мында Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы,аким Эмилбек Ысакулович, 2030 аскер болугунун командири Ажиев Айбек, Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн адистери, аялдар кенеши, Шайыр апалар тобу, маданият үйү жана мектеп, бала бакчалар, Ак-Там айыл өкмөтүнүн адистери  куттукташып, концерттик программа тартуулашты. Бардык уюштуруу тобуна ыраазычылыктар айтылды.

Жаңырган жылда жакшы ийгилик!….

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр жакшы экендиги эске алынып, Ак-Там айылдык аймагы алдынкы аймак болуп табылды. Аймактагы социалдык сферага: маданият,билим берүү, медицина тармагына көрсөтүлгөн колдоолор татыктуу бааланды. Берилген сыйлык жалпы аймакта жашаган калктын жетишкендиги …  деп билдирди айыл өкмөтү башчысы Мирлан Камчыбеков. Бул берилген сыйлык өкмөттүн эмгек жамаатын мындан ары да чоң ийгиликтерди жаратууга дем күч берет. Сыйлыныныздар кут болсун жалпы эмгек жамааты.

Социалдык көйгөйлөр, иновация жана чексиз достук…

Көк-Серек айыл аймагынын Кош-Болот айылынын жаш жеткинчектери өздөрүнүн айылындагы социалдык көйгөйлөрдү АПШИФТ ыкмасы менен аныкташып, аны чечүү жолдорун долбоор жазышып, иштеп чыгышты. Аталган долбоорлордун  презентациялары Аксы районунун Кербен шаарында «Питчинг- 2020» аталышында болуп өттү. Жогорудагы иш-чаралар «Youth of Osh” коомдук бирикмеси тарабынан «#Чексиз достук» аталышында уюштурулуп, «Accelerate Prosperity» уюмунун көмөгүндө «ЮНИСЕФ» эл аралык уюму тарабынан каржыланат. Социалдык долбоорлор тынчтык куруу , иновация, туруктуулук, ишке ашыруу реалдуулугу, коомго тийгизген таасири сыяктуу критерийлердин  негизинде бааланып, жыйынтыгы 2020-жылдын февраль айында маалым болот.

Иш-чарага Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, Ала-Бука райондук  билим берүү бөлүмүнөн жана ошондой эле Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, Кербен шаардык мэриясынын вице-мэри, Аксы райондук билим берүү бөлүмүнөн өкүлдөр, жаш активистер, ишкерлер, эл аралык жана мамлекеттик эмес уюм өкүлдөрү менен биргеликте жаш жеткинчекиердин ата-энелери, мектеп жамааты да катышышты.

Эскерте кетсек долбоор “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү ортосунда чек ара аймактарынындагы кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү үчүн 2017-2019-жылдарга биргелешкен иш-чаралардын планы” алкагында “Чексиз достук” аттуу жаштарга багытталган  иш-аракеттеринин негизинде ишке  ашырылып, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын 9 айыл өкмөттөрүнүн чек-ара аймактагы жаштарынын дараметин өстүрүү жана өзбек жаштары менен кызматташтыгын өнүктүрүүнү максатайт…

Scroll To Top
Translate »