Аймактарды өнүктүрүү жылы! АРИС уюму жана Ак-Там айылдык аймагынын биргелешкен долбоорунун алкагында дагы бир МТЗ-82 макраксындагы трактор айыл чарба шаймандары менен кошо алынды. Жалпы суммасы 2 361 000 сомду тузот. Долбоордун 25 пайызы жергиликтуу бюджеттин эсебинен 75 пайызы АРИС уюму тарабынан каржыланды.
Жылдык архив: 2018
Адам сатууга каршы күрөшүү… 100 күн…
«Адам сатууга каршы күрөшүү 100 күн» аталышындагы Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2017-2020-жылдарга адам сатууга каршы күрөшүү» программасын ишке ашыруу максатында Ала-Бука ҮМБнын ден соолукту чыңдоо бөлүмүнүн адистери Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жыйындар залында»Эне мээрими» акциясы өткөрүлдү. Акцияны ДЧК адистери менен биргеликте рай. администрациясынын башкы адиси Г.Курманбаева, жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын райондогу адиси С.Айтиева жана Ала-Бука Айыл өкмөтүнөн К.Мырзалиева сөзгө чыгышты. Акцияга 26 кош бойлуу жана 2 жашка чейинки балдардын энелери катышышты жана энелерге өлкөдө энелер менен балдардын ортосундагы мамиле, ымыркайларды жакындарына таштап ички жана тышкы миграцияга азгырылып кетүүсүнүн себебинен ортодогу мээримдин жоголуп бараткандыгынын себебинен ортодогу мээримдин жоголуп баратканды боюнча маалыматтар берилди. Үй-бүлөдө баланы пландоо менен түзүп, мээрим менен балдарды өстүрүү сунушталып кеңештер берилди.
«Чакадагы сууну жеткирели»…
2018-жылдын 11-октябрында Жалал Абад областынын Кара-Көл шаарында «Чакадагы сууну жеткирели» ураанынын астында ДМЧАлар арасында областтык IX спартакиада болуп өттү. Ага областын аймагынан келген спортко ышкыбоз жана чыныгы чемпиондор катышышып, ДМЧАлар күч сынашты. Быйылкы спартакиадага да Ала-Бука районунан барган 12 оюнчудан турган курама команда да катышып, 1-орунду камсыз кылышты. «Спорт — ден соолуктун булагы» демекчи, ДМЧА спортчулар дайыма сергек жашоого умтулушуп райондун намысын коргоп, байгелуу орундарга ээ болушуп, диплом сыйлыктар менен сыйланып келишти.
Ала-Букарайондук мамлекеттик администрациясынын кезектеги коллегиясы…
Бүгүн 11.10.2018-ж. райондун экономика тармактарын жана калкын 2018-2019-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдоонун абалы жана милдеттери жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясынын кезектеги коллегиясы болуп өттү. Коллегияда кышка карата даярдык боюнча айыл өкмөттөрдүн, электр тармактары ишканасынын, ДЭУ-17 жол ишканасынын маалыматтары угулуп, тапшырмалар берилди. Ал эми кышка карата мектеп, бала бакчалардын, ФАП-ҮДТ, ооруканалардын даярдыгы боюнча кеңири токтолуп, герметизация, көмүр отун менен камсыз кылуу, электр кубаттуулуктарын текшерүү, электр чубалгыларына тоскоол болгон бак дарактарды кыюу боюнча тапшырмалар берилди.
Региондорду өнүктүрүү жылы… Ак-Там айылдык аймагында.
Региондорду өнүктүрүү жылы! Ак-Там айылдык аймагынын Кызыл-Ата айылында көп жылдардан бери айыл эли күтүп келген балдар бакчасынын пайдубалын түптөө аземи, айыл аксакалдары, район жетекчилери жана КР Жогорку Кеңешинин депутаты Азизбек Турсунбаевдин катышуусунда болуп өттү! Балдар бакчасынын жалпы сметалык баасы 22.480.000 сом. Балдар бакчасы 90 орунга ылайыкташтырылган.Курулуш райондук өнүктүүрүү фонду тарабынан каржыланууда. Айылдык аймагыбызда социалдык курулуштардын башаты болсун!
Ак-Там айылдык аймагында дыйкандар комбайндуу болушту.
Ак-Там айылдык аймагында жакшы саамалык болуп өттү.Президентибиздин аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында, дыйкандар көптөн бери самап келген дан оруучу «Палессе» үлгүсүнөгү комбайндуу болушту.Райондук өнүктүрүү фондуна атайын долбоордун негизинде өздүк баасы 5 650 000 сомдук техника, Ак-Там айыл өкмөтү тарабынан сатып алынды.
Карысы бардын, ырысы бар…
Бүгүн Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы райондун карыларын майрамы менен куттуктады. Алар үчүн «Адашкан адам» аттуу спектакль тартууланып, Ала-Бука ресторанында сый тамак тартууланып, белектер берилди. РМА нын башчысы-аким Э.Абдыкадыров майрам менен куттуктап, район үчүн эмгеги сиңген чоң ата, чоң энелерге «Акылман Ата»,»Кадырлуу карыя»,»Ажарлуу Эне»ж.б. наамдарды тапшырды. Иш-чарага айылдык аймактардын башчылары, райондук маданият бөлүмү, социалдык фонд жана социалдык өнүгүү башкармалыктары активдүү катышышты.
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 27 жыл.
Бүгүн районубузда Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгы белгиленди. Иш чарага райондун акими Эмилбек Абдыкадыров баштаган жетекчилер катышып, райондун элин майрамы менен куттукташты.
Келечектен көптү үмүттөндүргөн таланттуу жаштарыбызга, ууз чебер эжелерге, сүрөтчү балдарга райондук жаштар,дене тарбия жана спорт бөлүмү сыйлыктарын ыйгарышты. Ала-Бука айылдык аймагынын башчысы Дооронбек уулу Мунарбек спорт чеберлерине ийгиликтерди каалады.
Иш чараны жаштардын атынан, жаңы гана өсүп келе жаткан таланттуу уулубуз Абдраимов Нурбек алып барды.
Кыргыз Республикасынын 2018-жыл аймактарды онуктуруу жылы деп жарыялаган жарлыгына карата Көк-Серек айыл өкмөтунун маалыматы
Кок-Серек айыл аймагы Жалал-Абад областына караштуу Ала-Бука районунун туштук батыш жагында жайгашкан.Айыл аймакта 6 айыл бар ,калкынын саны 6985 адамга жетип 1242 кожолук катталган.
Айыл аймгында 1 мектепке чейинки балдар бакчасы,3 орто мектеп,2 башталгыч мектеп,1 айылдык оорукана,1 уй-булолук дарыгерлер тобу,2 акушердик-фельдшердик пункт,1 чайкана ,3 мечит,2 мончо,1 чачтарачкана,1 почта туйуну,1 айылдык милиция болумчосу,1 тигуу цехи,1 АЗС жана бир канча сода-сатык дукондор бар.
Кок-Серек айыл окмотун 2013-жылдан тарта азыркы кунго чейин экинчи моонотко шайланып Исраилов Камчыбек Абазбекович ийгиликтуу жетектеп келуудо. Бул аралыкта Кок-Серек айыл аймагында коптогон жетишкендиктер,ири жанылануулар болду. Мунун далили катары бугунку кундо Кок-Серек айыл аймагы мамлекеттик дотацияда отурганына карабай социалдык-экономикалык жаатында коптогон чон ийгиликтерге жетишти.
Атап айтсак Камчыбек Исраиловдун инвестор менен натыйжалуу иштешуу жолу менен айылдык торот уйун, айылдык оорукананы толук ремонттоп элдин пайдалануусуна берди.Ошондой эле Тенги айылындагы Токтогул атындагы орто мектебинин жылытуу системасы менен полун жанылап, айылдык мечитти жана Бирлешкен,Кош-Болот айылдарындагы ФАПтарды капиталдык ремонттон чыгарды.Ак-Тайлак айылына 1 млн 248 мин сомго 1,5 км аралыктагы кочого тунку жарыкыктандыруу жана 2560000 сомго аралы 1 км асфалть курулуп элдин пайдалануусуна берилди.Тенги айылындагы Таш-Арык участкасына жергиликтуу бюджеттин эсебинен 440 мин сом жана АКТЕД тарабынан 398832 сом, жалпы суммасы 838832 сомго узундугу 1650 метр электр линиясы тартылды.Мындан башка айыл чарба тармактарын сугат суу менен камсыз кылуу максатында АКТЕД тарбынан 840900 сом, айыл окмотунун бюджетинен 235100 сом жалпы суммасы 1 млн 76 мин сомго узундугу 380 метр канал ишке берилди. Онуктуруу фонд аркылуу 1844610 сомго Кош-Болот,Тенги айылдарынын кочолоруно тунку жарыктандыруу орнотулду.АРИС жана айыл окмотунун колдоосу менен 1860200 мин сомго МТЗ-82 трактору прицеп сокосу менен элдин пайдалануусуна берилди.Кош-Болот айылындагы негизги копуро 6 млн тегерегинде Республикалык бюджеттин эсебинен курулуп элдин пайдалануусуна тапшырылды.Ушундай ийгиликтуу иштердин натйыжасында Кок-Серек айыл окмоту 2016-жылдын жыйнтыгы менен райондо мыкты айыл окмот деп таанылып кочмо кызыл туу менен сыйланды, андан тышкары «Кыргыз Туусу»улуттук газетасы жарыялаган жалпы республикалык сынагынан утуп чыгып «Жылдын мыкты айыл аймагы деген ардактуу наамга татыды.
2018-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин аймактарды онуктуру жылына карата Кок-Серек айыл аймагындагы аткарылган жана аткаруу алдында турган иштер боюнча маалыматы
№ | Аткарылган жумуш | Наркы | Мооноту | Каржылоо булагы |
1 | Кош-Болот айылындагы негизги копуро | 6000000 | аткарылган | Республикалык
бюджет |
1 | Бирлешкен айылына 1500м асфальт тошоо | 8479924 | аткарылууда | Онуктуруу фонд
Айыл окмоту
|
2 | Бирлешкен айылына 1500м жарыктандыруу | 974037 | аткарылууда | Онуктуруу фонд
Айыл окмоту
|
3 | Тенги айылына 2500м асфальт тошоо | 12482534 | 31.08.2018-ж
буткорулот
|
Онуктуруу фонд
Айыл окмоту
|
4 | Тенги айылынын Таш-Арык участкасына жарыктандыруу | 967000 | Август айы
|
Дем беруучу грант
Айыл окмоту
|
5 | Тенги айылына спорт зал куруу | 15291594 | Июль айында
башталат |
Онуктуруу фонд
Айыл окмоту
|
6 | Трактор Беларусь МТЗ-82-1 (2 даана) | 2822400 | Проект
откорулгон |
Арис
Айыл окмоту
|
7 | Соко ПЛН-3-35 (2 даана) | 200000 | Проект
откорулгон |
Арис
Айыл окмоту
|
8 | Прицеп АЗ-8524 ( 2 даана) | 698000 | Проект
откорулгон |
Арис
Айыл окмоту
|
9 | Прессподборщик | 82000 | Проект
откорулгон |
Арис
Айыл окмоту
|
Бардыгы | 41997489 |
Мындан тышкары Кок-Серек айыл окмотунун башчысынын суранычы менен «КазМинералз Бозумчак» компаниясы тарабынан июнь айында айылдык ооруканага бир тез жардам машинасы жана стаматалогиялык аппарат тартууланат. 2020-жылга карата Кош-Болот айылына спорт зал жана Тенги айылынын Таш-Арык участкасына мини футбол аянтчасынын проектери буткорулуудо.
Кок-Серек айыл окмотунун башчысы: К.Исраилов
Эң сыймыктуу инсандар сыйланышты.
КыргызРеспубликасынын президентинин жарлыгынын негизинде Ала-Бука районунун баатыр энелерине ардактуу наамдар ыйгарылды. Биздин баа жеткиз сыймыгыбыз болгон апа-энелер, 19 «Баатыр эне» ордени жана 7 «Эне даңкы» медалдары менен салтанатуу түрдө сыйланышты. Иш-чара Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтүп, райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программалар менен коштолду. Дүйнөдөгү бардык мактоолорго татыктуу болгон энелерге таазим кылынып, алкыш сөздөрү менен жакшы каалоо тилектер айтылды.
Айта кетчү нерсе: «Баатыр эне» ордени менен энелер — жети жана андан көп бала төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган, балдардын ден соолугу, билими, дене боюнун жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө талаптагыдай камкордуктун деңгээлин камсыз кылган Кыргыз Республикасынын жарандары сыйланышат. «Эне даңкы» медалы менен энелер — алты бала төрөгөн жана аларды татыктуу тарбиялаган, алтынчы баласы бир жашка толгон жана башка балдары тирүү Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле жетим балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн окуу-тарбиялоо мекемелеринде 15 жылдан ашык кынтыксыз иштеген аялдар сыйланышат. (КР 2017-жылдын 28-июлу №157 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндөгү мыйзамы.)