Республикалык масштабда жарыяланган ишембилик 1-Май айыл аймагында эл аралык деңгээлге чыгып, жогорку даражада өткөрүлдү!!! Коншулаш Өзбекстан Республикасынын Касан-Сай районунан ишембиликке 21 даана атайын техника, 200 чукул коноктор келишти. Ишембиликтин кульминациясы-район хокими Баходир аке өзү баштап, кечке чейин Ала-Бука районунун акиминин орун басары Бектур Сагымбаев баштаган жетекчилер менен бирге болду!!! Эки элдин ынтымагына багышталып, мал союлуп, бата тиленип, ыр-бий аралашкан эмгек майрамы өзгөчө болду!!!