Ала-Бука районунун 1-Май айылдык аймагында КР ЖКнин депутаты А.Турсунбаевдин катышуусунда 1-Май айылдык аймагынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна ФОМС тарабынан берилген УАЗ — Э962 маркасындагы жаңы тез жардам унаасын тапшыруу аземи болуп өттү. Тез жардам унаасын тапшыруу аземине Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Э.Абдыкадыров жетектеген мекеме ишканалардын жетекчилери, райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кызматкерлери жана 1-Май айылдык аймагынын жергиликтүү тургундар катышып, ыраазычылыгын билдиришти.
![1-Май айылдык аймагынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна тез жардам унаасы тапшырылды… 1-Май айылдык аймагынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна тез жардам унаасы тапшырылды…](https://alabuka.kg/wp-content/uploads/IMG_20191202_181552-620x330.jpg)