Ала-Бука районунда КР ЖКнин депутаты А.Турсунбаевдин катышуусунда Ала-Бука райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна КР ЖК депутаты А.Турсунбаевдин жардамы менен ФОМС тарабынан 2 800 000 сом акча каражаты бөлүнүп, ага УАЗ — Э962 маркасындагы жаңы 2 даана тез жардам унаасы жана 1 даана жаңы тайота үлгүсүндөгү 7 орундуу атайын тез жардам унааларын алып берип, аталган унааларды тапшыруу аземи болуп өттү. Тез жардам унааларын тапшыруу аземине Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Э.Абдыкадыров жетектеген мекеме ишканалардын жетекчилери, райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.
![Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна тез жардам автоунааларды тапшырылды… Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна тез жардам автоунааларды тапшырылды…](https://alabuka.kg/wp-content/uploads/IMG_20191202_150357-620x330.jpg)