Көк-Серек айыл аймагынын Кош-Болот айылынын жаш жеткинчектери өздөрүнүн айылындагы социалдык көйгөйлөрдү АПШИФТ ыкмасы менен аныкташып, аны чечүү жолдорун долбоор жазышып, иштеп чыгышты. Аталган долбоорлордун презентациялары Аксы районунун Кербен шаарында “Питчинг- 2020” аталышында болуп өттү. Жогорудагы иш-чаралар “Youth of Osh” коомдук бирикмеси тарабынан “#Чексиз достук” аталышында уюштурулуп, “Accelerate Prosperity” уюмунун көмөгүндө “ЮНИСЕФ” эл аралык уюму тарабынан каржыланат. Социалдык долбоорлор тынчтык куруу , иновация, туруктуулук, ишке ашыруу реалдуулугу, коомго тийгизген таасири сыяктуу критерийлердин негизинде бааланып, жыйынтыгы 2020-жылдын февраль айында маалым болот.

Иш-чарага Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнөн жана ошондой эле Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, Кербен шаардык мэриясынын вице-мэри, Аксы райондук билим берүү бөлүмүнөн өкүлдөр, жаш активистер, ишкерлер, эл аралык жана мамлекеттик эмес уюм өкүлдөрү менен биргеликте жаш жеткинчекиердин ата-энелери, мектеп жамааты да катышышты.
Эскерте кетсек долбоор “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү ортосунда чек ара аймактарынындагы кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү үчүн 2017-2019-жылдарга биргелешкен иш-чаралардын планы” алкагында “Чексиз достук” аттуу жаштарга багытталган иш-аракеттеринин негизинде ишке ашырылып, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын 9 айыл өкмөттөрүнүн чек-ара аймактагы жаштарынын дараметин өстүрүү жана өзбек жаштары менен кызматташтыгын өнүктүрүүнү максатайт…
Alabuka.kg Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайты

