Бала- бакыт, бала-кубаныч… Рамазан айындагы ары сооптуу, ары пайдалуу иш-аракеттер уланууда. Ала-Бука айылынын С.Ибраимов жана Кулбаев көчөлөрүндөгү эки кабаттуу үйлөрдүн алдына балдар ойноочу аянтчалар курулуп, пайдаланууга берилди. Бала кубанса, аалам кубанат демекчи кичинекей наристелердин кубанычында чек жок!… Ошондой эле Сары-Талаа айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына тургузулган эстеликтин калыбына келтирүү жумуштары да аткарылды.
Ошону менен эле катар Сапалак айылындагы Рыскулбеков көчөсүнө трансформатор орнотулду.
![Рамазан айында сооптуу иштер аткарылууда … Рамазан айында сооптуу иштер аткарылууда …](https://alabuka.kg/wp-content/uploads/IMG_20190523_042700-620x330.jpg)