Өрүктү айыл аймагынын Өрүктү-Сай жана Кең-Кол айылдарына көпүрө курууга материалдары Өзгөчө Кырдаалдар Министрлиги тарабынан берилип, көпүрө куруу иштери жүрүп жатат. Өрүктү-Сай айылында көпүрөнүн жоктугунан ал эми Кең-Кол айылындагы көпүрө кооптуу абалда болгондуктан калкка шарт түзүү максатында атайын техника жана мал-жандык өтүүгө ылайыкталып курулуп жатат. Көпүрөлөрдү куруу иштерин жергиликтүү тургундар өздөрү колго алышкан. Өрүктү айыл аймагынын тургундары көпүрөгө керектүү материалдарын бөлүп берген Райондук Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин бөлүмүнө терең ыраазычылык билдирет.
![Көпүрө куруу иштери жүрүп жатат… Көпүрө куруу иштери жүрүп жатат…](https://alabuka.kg/wp-content/uploads/IMG_20190914_235940-620x330.jpg)