Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча 1 айлык иш-мерчемге ылайык 13.09.2019-жылы Ак-Там айыл аймагы менен биргеликте Н.Бекменбетов орто мектебинде иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында өрттүк-тактикалык машыгуу, жөө-жүрүш, концерттик программа, сүрөт конкурсу, аркан тартыш, дил баян конкурс-викториналар өткөрүлүп, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан кызыктыруучу белектер тапшырылды.
![Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чара… Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чара…](https://alabuka.kg/wp-content/uploads/IMG_20190914_101201-620x330.jpg)