INILIFE.RU
Башкы бет / Без рубрики (page 6)

Без рубрики

Нооруз майрамы Ала-Бука аймактык ооруканасында…

  Бүгүн Ала-Бука районунун аймактык ооруканасында  «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын» алкагында ишембилик өткөрүү менен Нооруз майрамына карата иш чара болуп өттү. Бул оорукана жыл жыйынтыгы менен эки жылдан бери райондук мекеме ишканалардын ичинен биринчиликти алып келет. 2017-жылы 3 млн.жакын инвестиция тартса, өткөн жылы 1,5 млн инвестиция тартып, оорукананын инфраструктурасы кыйла оңолду. Андан сырткары заманбап аппараттар менен толукталып, калктын ден соолугу үчүн 350 дөн ашык кызматкер иштеп келүүдө. Бүгүнкү жаз майрамына арналган иш чара да жогорку деңгээлде белгиленип, кыргыздын улуттук каада салттары даңазалануу менен улуттук ыр куулор жаңырып жатты. Ушул эле жерде кыргыздын улуттук тамагы сүмөлөк кайнатылып, ооруканада дарыланып жаткан бейтаптарга, келген конокторго тартууланды.

Адистерден куралган топ» тушоо кесүү» салты менен чуркашып, жаңы баскан наристенин тушоосун кесип, келечекте эли үчүн кызмат кылган инсан болушун каалап, бата беришти. Иш чарага райондун акими Э.Абдыкадыров катышып, жалпы дарыгерлер жамаатына ийгиликтерди каалап кайтты.

Нооруз майрамы, куттуу майрам…

8 миңге жакын калкы бар Ала-Бука районунун Өрүктү айылдык аймагында Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештируу жылынын алкагында «Нооруз 2019» иш чарасы өтүүдө.

Мында улуттук оюндар, каада-салт, спорттук оюндардан сырткары кыргыз боз үйлөрүнүн, улуттук ыр-бийлердин, кол өнөрчүлөрдүн таймаштары өткөрүлүп, элге майрамдык маанай эң жогорку деңгээлде тартуланууда.

 

 

Региондордогу жеке ишкердиктин өнүгүп жаткандыгын дагы бир далили.

Бүгүн Ала-Бука районунун борборунда жеке ишкер, Өрүктү айылынын тургуну Бекимбетов Кылычбектин соода борборунун ачылыш эземи болуп өттү. Кеңсээлерге ылайыкталган кенен, таза, кардарларга ыңгайлуу болгон бул жерден турмуш- тиричиликке керектүү кандай гана буюмдар болбосун, бардыгын табууга болот. Ушул эле жерден тамактанууга да жакшы шарттар түзүлгөн . Бул иш-чара региондордогу жеке ишкердиктин өнүгүп жаткандыгын дагы бир далили.Соода борбору Т.Сартмамбетов көчөсү менен Советская көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан.

 

«Регионалдык өнүгүүнүн өзөгүн ишкердүүлүк түзөт. Биргелешкен аракет, келечектин кадамы»…

«2019-жыл — Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын» алкагында  Ала-Бука райондук мамлекеттик администациясы тарабанан Ала-Бука районунун I ишкерлер конференциасы уюштурулуп, регионалдык диалог: «Регионалдык өнүгүүнүн өзөгүн ишкердүүлүк түзөт. Биргелешкен аракет, келечектин кадамы…» урааны астында иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чарага райондун аймагындагы ар кыл тармактагы ишкерлер, кооператив мүчөлөрү, мекеме иш-ишканалар өкүлдөрү, банк, финансы тармактары кызматкерлери, курулуш тармагындагы ишкелер , инвестиция жаатындагы мамлекеттик эмес уюмдардан өкүлдөр катышышып, ишкердикти өнөктөштүктө өнүктүрүү боюнча өздөрүн кызыктырган багыттар боюнча толук маалымат ала алышты.

Иш-чара район ишкерлери тарбынан райондун аймагында өндүрүлгөн продукциялардын көргөзмө жарманкеси менен коштолду…

 

«Жол кыймылы эрежелерин билип жүр!…»

Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу N1 Т.Балтагулов атындагы орто мектебинин 4-класстарынын ортосунда «Жол кыймылы эрежелерин билип жүр» аттуу иш чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чарага мектеп администрациясы менен кошо райондук ички иштер, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышып, балдардын жол кыймыл аракеттерин канчалык деңгээлде билерин сынашты. Балдар өз билимдерин көрсөтүү менен концерттик тематикалык номерлерди көрсөтүштү. Иш чарага активдүү катышкан окуучуларга, алардын класс жетекчилерине аталган мектептин директору Г. Бейшекеева, башталгыч класстарынын завучу К.Сатиева ыраазычылыгын билдирип, алдыңкы орундарды ээлеген класстарга ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Эң ыйык инсандар майрамы…Апалар майрамы…

8-март аялдардын эл аралык майрамына арналган иш чара райондук маданият үйүндө болуп өттү. Майрамда райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Э. Абдыкадыров, депутаттардын кошмо жыйынынын төрагасы М. Мамырбеков, Ала-Бука айылдык аймагынын башчысы М. Дооранбек уулу куттуктоо айтып, жалпы аялзатын майрамы менен куттуктады. 30670 Аскер бөлүгүнүн жоокерлери аялдарды тосуп алып, гүлдөрдү беришти. Ошондой эле Жогорку кеңештин депутаты А.Турсунбаевдин белектери, райондук мамлекеттик администрациясынын белектери райондун социалдык-экономикалык экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Ардак грамота менен белектер берилди. Баткен согушунун катышуучулары Ш.Мадраимов, М.Ашырбековдун энелерине «Эне даңк» медалы, Ала-Бука колледжинин директору, доцен С.Рысбаевага төш белги тапшырылды. Иш чараны райондун жигиттери маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулган концерт коштоп турду. Ошону менен бирге райондук үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун директорунун орунбасары Ж.Тажибекова, Т.Балтагулов атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын завучу К.Сатиева КРӨ Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Сатыбалдиевдин Ардак грамоталары тапшырылды.

«Дени сак эне — дени сак улут»

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен бардык айылдык аймактарынан, райондук мекеме ишканалардан түзүлгөн аялдар командаларынын арасында 8-Март аялдардын эл аралык майрамына карата’Дени сак эне- дени сак улут» аттуу спорттук мелдеш болуп өттү. Бул мелдеште Ак-Коргон айылдык аймагынын волейболчу кыздары биринчи орунду ээлеп, сыйлыктар жана кубоктун ээси болушту. Ал эми экинчи орунду Ала-Бука айылдык аймагынын кыздары багындырышты, сыйлыктарды райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Усенбаева тапшырып, жеңиштери менен куттуктады.

БАЛАТЫ МАЙРАМЫ….

Ала-Бука районунда акимдин балаты майрамы жогорку деңгээлде өттү. Аз камсыз болгон, турмуш шарты оор үй бүлөлөрдөн 60 бала катышып, белектер менен кайтышты. Балдар үчүн билим берүү бөлүмүнүн чыгармачылык үйүнүн тарбиялануучулары майрамдык маанай тартуулашты. Мындан сырткары Шекафтар шаарчасындагы мектеп интернатта тарбияланып жаткан Ала-Букадан барган 41 турмуш шарты оор балдар да рай администрациясынын башчысы аким Э.Абдыкадыровдун белектерине ээ болушту.

Толугун окуу »

«Биз биргебиз!»

3-декабрь Бүткүл дүйнөлүк ДМЧАдын күнүнө арналган»Биз биргебиз!» иш-чарасы болуп өттү.  Райондун аймагындагы бардык айылдык аймактардан келген 100 жаранга райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.Абдыкадыров, орун басары К.Усенбаева, Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын төрагасы М.Мамырбековдор белектерди тапшырып, «Бакыт Ордо» тойканасында сый тамак тартууланды.

 

1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү!….

Бүгүн Ала-Бука районунун борборунда «Бүткүл дүйнөлүк СПИД ке каршы күнүнө» карата акция болуп өттү. Акцияга аймактык ооруканасынын, үй бүлөлүк медицина борборунун жана Ала-Бука колледжинин студенттеринин, Т.Балтагулов атындагы орто мектебинин окуучулары активдүүлүгүн көрсөтүштү. Жалпы райондун тургундарына жана конокторуна маалыматтар берилип, маалым кагаздар таркатылды

Scroll To Top