INILIFE.RU
Башкы бет / АЙМАКТАР / ӨРҮКТҮ (page 2)

ӨРҮКТҮ

Өрүктү айыл аймагында жыл жыйынтыгынын жыйыны…

Өрүктү айыл аймагынын башчысы Рустам Кийикбаев 2018-жыл аралыгында аткарылган иштер боюнча бүгүн жергиликтүү тургундарга отчёт берди.  Иш-чарага Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Абдыкадыров Эмилбек Ысакулович жана мекеме уюмдардын жетекчилери  катышты.2018-жылда айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкош тургундарга, ишкерлерге, спортсмендерге «Ардак грамота» жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Өрүктү айылынын тургуну,акын, «Жазуучулар союзунун мүчөсү» Турумбетова Василяга Өрүктү айыл аймактын «Ардактуу айымы» наамы жана акчалай сыйлык берилди.

Нооруз майрамы, куттуу майрам…

8 миңге жакын калкы бар Ала-Бука районунун Өрүктү айылдык аймагында Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештируу жылынын алкагында «Нооруз 2019» иш чарасы өтүүдө.

Мында улуттук оюндар, каада-салт, спорттук оюндардан сырткары кыргыз боз үйлөрүнүн, улуттук ыр-бийлердин, кол өнөрчүлөрдүн таймаштары өткөрүлүп, элге майрамдык маанай эң жогорку деңгээлде тартуланууда.

 

 

Аялдардын эл аралык майрамы Өрүктү айыл аймагында…

Өрүктү айыл аймагында «Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылынын алкагында 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата «Кайнене берген сабактан келиндер өсөт дарактай» аттуу концерттик программа райондук денгээлде болуп өттү.

Ага утурлай Р. Надырбеков атындагы маданият үйүндө айылдар аралык жылына өтүүчү «Ыр кесе» аттуу концерттик программа болуп, майрамдык маанаай шаан-шөөкөт менен уланды.

Ошону менен эле бирге Шакен Жоробекова атындагы маданият үйүндө 8- март Аялдардын эл аралык майрамына карата уюштурулган концерттик программага Өрүктү айыл аймагынан 9 аял катышып Ызабаева Гуля айым ардак граммота менен сыйланды.

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын Өрүктү айыл аймагына иш-сапары…

2018-жылдын 13-ноябрында райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Абдыкадыров Эмилбек Ысакович Өрүктү айыл айманынын аппарат кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда төмөнкү маселелер каралды:
1. Аппарат кызматкерлери менен таанышуу.
2. Айыл аймагында 2018-жылга түзүлгөн иш пландардын аткарылышын талкуулоо.
3. 2019-жылдын иш план түзүү жана иш пландын аткарылышы тиешелүү адистерге жүктөлдү.

 

Аймактарды өнүктүрүү жылына карата иш-аракеттер…

Өрүктү айыл аймагынын Орто-Токой, Чолок-Тума айылдарында жаңы курулуп жаткан 75 орундуу «Ширин» мектепке чейинки билим берүү  уюмунун капиталдык курулушунун капсула коюу аземи болуп өттү. Балдар бакчасы Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондунан каржыланып, 20 865 000 миң  сомдук тендерди Мавлянкулов Жаркынбек жетектеген ОсОО «ТЧК» компаниясы утуп алды.

 

Scroll To Top