INILIFE.RU
Башкы бет / АЙМАКТАР / АК-КОРГОН

АК-КОРГОН

«Кыргыздан чыккан Чыңгызым, кылымга өчпөс жылдызым»…

Ак-Коргон айыл өкмөтүндө «Кыргыздан чыккан Чыңгызым, кылымга өчпөс жылдызым» аттуу чоң иш чаара болуп өтту. Аны Ч.Айтматов мектебинин мугалим окуучулары уюштурушту. Иш чарага Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн орун басары Ө.Төрөбеков жана Ала-Бука районунан жетекчилер катышышты. Бул саамалыкта жаштар арасындагы зордук-зомбулук боючада көптөгөн создор айтылды.

Тазалык акциясы…

21-сентябрь Кыргыз Республикасы боюнча өткөн тазалык акциясына карата Ак -Коргон айыл өкмөтү да четте калган жок. Тазалык акциясына Айыл Өкмөт кызматкерлери жана мугалимдер, жөнөкөй жарандар катышышы. Ак-Коргон айылынын көчөлөрү, мекеме иш-каналардын айлана тегеректери тазаланып, бак-дарактар, көчө дубалдары акталып сырдалды. Тазалык акциясы айыл көркүнө дагы көрк берип, айыл ажары дагы да жашаргандай түс алды…

Эл аралап келди ыр кесе, элеттиктер эргийт ыр десе…

Ак-Коргон айыл аймагында 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнүн 30 жылдыгына карата 13-сентябрь күнү, «Эл аралап келди ыр кесе, элеттиктер эргийт ыр десе» аттуу ыр кесе майрамы болуп өттү.Бул иш чарага райондук маданият үйүнөн жана Балтагулов айыл аймагынанда коноктор катышышты.Бул маданий иш-чарада кыргыз, өзбек, тажик улутундагыларда катышып, көтөрүнкү маанайда өттү. Ыр кесени Балтагулов айыл аймагына өткөрүп беришти.

«Элдердин достугу» фестивалы Ак-Коргон айыл аймагында…

2019-жыл региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында, Ак-Коргон айыл аймагында 16-апрель күнү «элдердин достугу» аттуу фестиваль болуп өттү.Бул иш чарага район акими Э.Абдыкадыров, райондук администрация башчысынын орун басары К.Усенбаева, Ташкенттен келген журналист В.Турдубаева жана областык телевидениядан, КР улуттук «Кызыл жарым ай» коомунан келип катышып, белектерди тапшырышты.Бул иш-чарада кыргыз, өзбек, тажик улутундагылар өз салттарын, тамак аш, улуттук кийимдерин көрсөтүштү.Фестивалдын максаты улуттар достугун чындоо болуп,жогорку деңгээлде өттү.

Балдарга карата ырайымсыз мамилелерди жана зордук зомбулук, укук бузуулардын алдын алуу боюнча, көчмө жыйын Ак-Коргон айыл өкмөтүндө…

Ак-Коргон айыл өкмөтүндө, 2019-жылдын 3-апрелинде, балдарга карата ырайымсыз мамилелерди жана зордук зомбулук, укук бузуулардын алдын алуу боюнча, көчмө жыйын болуп өттү.Көчмө жыйынга Ала-Бука РМА башчысынын орун басары К.Усенбаева, райондук СОС өнүгүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Г.Чокоева жана айыл аймагындагы мектеп, ҮБДТ, ГСВ  оруукана жетекчилери,соц. педагогтор, соц кызматкерлер, айыл башчылары катышышты. Жыйынды Айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т. Төрөбеков алып барды. Жыйында ар кандай көйгөйлүү маселелер каралып талкууланды.

Ак-Коргон айылдык аймагында отчеттук жыйналыш….

Бүгүн Ак-Коргон айылдык аймагында райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.Абдыкадыровдун эл менен болгон жолугушуусу жана Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Фарманкуловдун отчеттук жыйналышы болуп өттү. Мында 2018-ж. аткарылган иштер жана 2019-жылга коюлган милдеттер тууралуу айтылып, суроо-жооптор айтылды. Эң көйгөйлүү болгон сугат суу, Падек айылындагы таза суу, оорукана, жол, балдар үчүн күбөлүк алуу үчүн аймакка филиал ачуу проблемалары көтөрүлдү. Райондон барган жетекчилер суроолорго жооп беришип, көйгөйлөрдү чечүүдө чечкиндүү кадамдарга баруу керек экендиги аким тарабынан белгиленди. Жыйындын аягында айылдык аймактын социалдык-экономикалык тармагына зор салымын кошкон тургундар айыл өкмөтүнүн»Ардак грамоталары»менен сыйланышты.

Ак-Коргон айыл аймагында жыл жаңырткан нооруз майрамы….

Ак-Коргон айыл аймагында жыл жаңырткан нооруз майрамы болуп өттү. Бул майрамга Кыргыз Республикасынын Жалал-Абал областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ызабеков Ырысбек Темирбекович, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Абдыкадыров Эмилбек Ысакулович жана Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Фармакулов Голибжон Рахманбердиевич катышышты. Аба ырайынын ынжыктыгына карабастан топтолгон эл көтөрүңкү маанайда тосушту. Көптөгөн кол өнөрчүлүк, элдик тамак-аш,ыр-бийлер менен коштолду. Жыйылган эл майрамдык көтөрүңкү денгээлде тосушту.

Айлана тегеректи тазалоо жана көрктөндүрүү иштери Ак-Коргон айыл аймагында…

16-Март күнү Кыргызстан боюнча баардык жерлерде тазалоо, көрктөндүрүү иштери болуп өттү. Бул иш чарадан Ак-Коргон айыл өкмөтүда четте калган жок. Айыл өкмөт башчысы өзү баш болуп, баардык кызматкерлер жана мектеп мугалим, окуучулар жана жергиликтүү эл менен биргеликте тазалоо, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү. Тазалык ден-соолуктун башаты эмеспи.

8-Март Аялдардын эл аралык майрамы..

Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылдык аймагында 8-Март Аялдардын эл аралык майрамына карата иш чара айыл өкмөтү тарабынан уюштурулуп өткөрүлдү. Иш чарага эмгектин ардагерлери, баатыр энелер, аялдар кеңештери чакырылып, майрамдык концерт, сый белектери менен тартууланды. Концерттин акырында энелер үчүн фуршет уюштурулду. Ак-Коргон айыл өкмөт башчысы Г.Фарманкулов, райондук этностор аралык агенттиктин катчысы Ю. Тураббаев жана айыл аймактын белгилүү инсандары куттуктоо жолдошту. Райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси Г.Курманбаева райондун акими Э.Абдыкадыровдун куттуктоосун жалпы айылдык аймактын аялдарына арнады.

Ак калпак майрамы Ак-Коргондо..

Ак-Коргон айыл аймагында, 21 чи лицей мугалимдери,окуучулары жана Ак-Коргон айыл өкмөтү биргеликте 5-март ак калпак күнүнө карата жүрүш жасашты. Анын негизги максаты, улуттук баш кийимибиздин баркын даңазалоо жана баалуулугун түшүндүрүү болуп саналат.Ак калпак күнүнөр кут болсун.

Scroll To Top