Ала-Бука райондук аймактык ооруканасында хирургия бөлүмүнүн операциялык блогунун ачылыш аземи болуп өттү. Бул иш-чарага саламаттык сактоо министринин орун басары Каратаев Мадамин Мусаевич, Жалал Абад областынын милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директору Жыргалбек Осмоналиев жана башка коноктор катышты. Хирургия бөлүмүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн салым кошкон ишкерлер К. Кулмурзаевге, И.Дадажановго, ЖКК АРТ курулуш ишканасына райондун акими Э.Абдыкадыров ыраазычылык билдирди. Ал эми оорукананын жугуштуу бөлүмүнүн капиталдык ремонтуна Фулл Голд Майнинг тоо-кен ишканасынын генералдык директору Ли Яо Хуей 4000 000 сом сертификатын тапшырды.
![4 000 000 сомдук сертификат тапшырылды…. 4 000 000 сомдук сертификат тапшырылды….](https://alabuka.kg/wp-content/uploads/IMG_20190718_211934-620x330.jpg)