INILIFE.RU

Күнүмдүк архив: 27.05.2023

Эки элдин достугу- өнүгүүгө өбөлгө….

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрциясынын башчысы- аким Кайырбек Чаргынбаев башында турган делегация Өзбекстан Республикасынын Наманган облусуна караштуу Косонсой районунун хакими Кадиров Дилмурод Гафуровичтин чакыруусу менен коңшу өлкөдө болушту.

Иш сапарынын алканында Наманган шаарында өтүп жаткан 62- Эл аралык гүлдөр фестивалына катышып, жергиликтүү багбандардын жана кол өнөрчүлөрдүн эмгегине күбө болушту. Наманган облусунун хакиминин туризм, маданият маселелери, маданий мурастар жана массалык коммуникациялар боюнча орун басары Нуритдинов Ботир Кадирханович делегация мүчөлөрүнө туризм тармагын өнүктүрүү максатында Наманган облусунда жасалып жаткан алгылыктуу жумуштар тууралуу маалымат берди.
Андан соң делегация мүчөлөрү облустун өндүрүш тармагы менен таанышуу максатында, Косонсой районундагы «BarkasTeks» ишканасында болушту. Текстиль тармагын өнүктүрүү, калкты жумуш орундары менен камсыз кылуу маселелери жеринде талкууланды.
Жолугушуунун расмий бөлүгү Косонсой районунун хокимиятында уланып, өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү, ынтымакты чыңдоо, туризмди, өндүрүш тармагын жана ишкердикти колдоо, инвестиция тартуу маселелери талкууланды.
Жолугушуунун соңунда  Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чаргынбаев Кайырбек Кабылбекович жана Косон-Сой районунун хакими Кадиров Дилмурод Гафурович өз ара кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Scroll To Top