INILIFE.RU

Күнүмдүк архив: 22.06.2021

Көк-Серек жана Көк-Таш айыл өкмөтүнө иш сапар ….

Ала-Бука районунун эң алыскы Көк-Серек, Көк-Таш айыл аймагына райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сатаров Нурбек Бейшеналиевич таанышуу иш сапары менен барды.Жолугушуу алкагында социалдык объектилердин абалы менен жериненин таанышып, жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү укту. Анда жол, чек ара, бүтпөгөн объектилер боюнча суроолор берилип, айыл аксакалдары жаңы акимдин ишине ийгилик каалашып, ак батасын беришти.

Районубузда ири логистикалык борбордун курулушу башталды…

Кыргыз Республикасынын Садыр Нуркожоевдин Өзбекстан республикасына болгон иш сапары учурунда бир топ келишимдерге кол коюлган. Алардын бири соода тармагын жандантуу, ишкерлерди ар тараптан колдоо маселеси да каралган. Жакында эле «Жалал-Абад-Наманган-2021» бизнес форуму болуп өткөн, анда районубуздагы жеке ишкерлер эт багытын экспорттоо, туризм тармагын жандантуу боюнча келишимге кол коюшкан. Келишимди ишке ашыруу максатында Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагынын Баястан айылынына караштуу Кызыл-Кол участкасына “Бай-Талаа” ири соода-логистикалык борбордун курулушу башталды.

Аталган соода логистикалык борбордун пайдубалына капсула салуу иш-чарасына Министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өлкүлү Абсаттар Сыргабаев, Наманган облусунун акиминин орун басары Окибжон Инамов, Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев, айыл банктын төрагасынын орун басары, Жалал-Абад облусундагы район акимдери, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана айыл тургундар катышты.

“Бай-Талаа” соода логистикалык борбору Наманган облусунун Кара-Суу айылына жакын болгон чек ара аймагында жайгашып, жалпы аянты 20 гектар жерди ээлейт. Анда эки областта өндүрүлгөн айыл чарба, эт азыктарын сактоо, экспортко чыгаруу, тери менен жүндү кайра иштетүү жана башка бир канча багыттар боюнча иш алып барылат.

Бүгүнкү күндө керектелүүчү коммуникациялык иштер бүткөрүлүп, 75 метр тереңдиктен суу чагырылып, электр мамычасы тартылган. Долбоордун биринчи этабын ушул жылдын сентаябрь айына бүтөрү пландалып, ал Жалал-Абаддагы «Кыргыз Эко Экспорт» жоопкерчилиги чектелген коому менен Наманган облусунун жеке ишкерлеринин биргелешкен каржылоосунда ишке ашырылат.

Соода логистикалык борбор толук бүтсө 2000 жумуш орундук түзүлүп, жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыздалат. Ал эми экинчи этабы ишке берилсе, аймагыбыздагы туризм тармагы да жандана баштайт.

Scroll To Top