INILIFE.RU

Күнүмдүк архив: 14.06.2021

Райондук мамлекеттик администрациясынын номиналдык сааты алгачкы жолу тапшырылды…

Нурсултан Нурдоолотович спорттун «Кикбоксинг» түрүнөн Европа чемпиону болсо, дагы бир кулунубуз Бекбердиев Нурисбек Мадалбекович спорттун «Самбо» туру боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болгон. Ала-Бука районубуздун эле намысын коргобой кыргыз желегин чет өлкөдө бийик көтөргөн спортчуларды райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында куттуктоо аземи болуп, ага райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Н.Бейшеналиевич, орун басары Асель Айткуловна, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы Самат Койчумбаев, жергиликтүү кеңештин төрагасы Адыл Умаров, Т.Балтагулов айыл аймагынын башчысы, Ала-Бука райондук спорт комитети Эмил Мергенбай уулу, РБББ дан Ч.Турдукулова, Алмаз Ашырбай уулу, спортчулардын жакын туугандары катышты. Анда райондук мамлекеттик администрациясы башчысы-аким Сатаров Нурбек Бейшеналиевич спортчуларды жеңиши менен куттуктап, «Силер кыргыз мамлекетинин намысын чет өлкөдө коргоп, желегин желбиретип, жаш өсүп келе жаткан спорт ышкыбоздоруна үлгү болдуңар, мындан ары да спорт чөйрөсүндө сапарыңар байсалдуу болуп, Ала-Буканын кулуну, кыргыз элинин уулу деген атка татыктуу болуп жүрө бергиле» деген жакшы тилектерин билдирип, биринчи жолу районубуздагы жеңиш менен келген эки спортчуларга Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын номиналдык сааты жана «Ардак грамота» менен сыйлады. Ал эми айыл өкмөттөр өзунун айылынан чыккан балбандарга жакшы изги тилектерин билдирип, белектерин тапшырышты.

Scroll To Top