INILIFE.RU

Күнүмдүк архив: 02.06.2021

Жол маселеси талкууланды…

Бүгүн 2-июнь күнү Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Сатаров Нурбек Бейшеналиевичтин демилгеси менен 3 райондун акимдери жолугушуп, Терек-Сай Таш-Көмүр жолунун 165 чакырым стратегиялык жолдун көйгөйлөрүн талкулоо боюнча атайын жыйын өткөрүштү.

Жыйынга Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сыдыков Замир Бейшенович, Чаткал районунун акими Сенирбаев Алтынбек Жыргалбаевич
жана ДЭП ишкана жетекчилери, «Каз Минералз Бозумчак» кенинин коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Умар Изабаев, «Эти Бакыр Терек-Сай» компаниясынын коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Асел Акматалиева, «Фулл Голд Майнинг» Иштанберди алтын кенинин генеральный директору Чи Шуантан, Терек-Сай, Өрүктү айыл аймагынын башчылары катышты.

Жыйынды Ала-Бука акими Нурбек Бейшеналиевич ачып берип, райондогу эң чоң көйгөйлөрдүн бири жол маселесине токтолуп, тоо-кен тармагынын оор жүк ташуучу унаалардын ашыкча салмакта ташылып, жаңы салынган жолдор кыска убакытта бузулуп жаткандыктан ыңгайлуу болгон жерге жүк ташуучу унаалардын салмагын текшерүү үчүн тараза орнотуу боюнча оюн билдирип, тоо-кен тармагынан келген адистердин оюн укту. Бул боюнча эки райондун акимдери да ушул көйгөйдү өкмөттүк деңгээлде көтөрүп чыгып транспорт министрлиги менен биргеликте сүйлөшү жүргүзүү керектигин билдирип, Ала-Бука акиминин сунушун колдошту.

Андан сырткары жыйындагы экинчи маселе Чаткал, Ала-Бука, Аксы районунун элин облус менен байланыштырган Таш-Комур шаарчасынан Аксы районуна келе жаткандагы Кызыл-Жар 12 айылы тараптагы болжол менен 30 чакырым жолду 3 район биргеликте оңдоо боюнча атайын долбоордун суммасын сметалары жакынкы күнгө даярдоо боюнча ДЭП 17 ишканасына тапшырма берилди.

Өз сөзүндө Ала-Бука районунун акими Н.Бейшеналиевич учурдагы мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын эске алуу менен жолду оңдоого кеткен каражатты алтын кендерден жана райондогу өнүктүрүү фондунан андан тышкары коомчулукка талкууга коюп, ашар жолу менен болсо да оңдоо керектигин белгилеп өттү.

Жыйынга келген тоо-кен тармагынын өкүлдөрү райондук мамлекеттик администрациясы тараптан расмий кат жолдонсо жогоруда каралган маселелерди колдоорун билдиришти.

1-июнь. Балдарды эл аралык коргоо күнү…

1-июнь балдарды коргоонун эл аралык кунуно карата Ала-Бука районунда «Жениш» эс алуу багынын ачылышы болуп, У.Алыбаев атындагы балдар искусство мектебинин окуучулары, балдар чыгармачылык үйү, Добул Шабданов атындагы балдардын билим берүү борбору тарабынан кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмө жарманкеси жана концерттик кече уюштурулуп, Ала-Бука айыл аймагынын социалдык маселелер боюнча адиси тарабынан такталган турмуш шарты оор жарандардын балдары учун майрамдык белектер берилди.

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Нурбек Сатаров, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы С.Койчумбаев, РБББ.Ч Турдукулова, эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Ж.Токтогулов жаш наристелерди майрамы куттуктап, жаратылыштын жандуу гүлдөрү, эртеңки келечек ээлерине бактылуу балалык каалашты.

Алдыңкы окуучулар менен жолугушуу…

Бүгүн РБББ башчысынын уюштуруусу менен районубуздагы жакынкы мектептердин жакшы окуган бүтүрүүчүлөрү, аким Нурбек Сатаров менен жолугушту.

Анда окуучулар өздөрүнүн жүрөк түйшөлткөн суроолорун беришип, аким менен ой бөлүштү.
Келечектен көптү үмүттөндүргөн бүтүрүүчүлөргө эң негизгиси тил үйрөнүүгө, билим алуудан эч качан тажабай изденүүнүн үстүндө иштөөгө, тааныш издебей ар бир ишти билим менен чече билүүгө чакырып, берилген суроолор өз көзөмөлүндө болоруна токтолуп, өзүнүн иш тажрыйбасынан, жаштык күндөрүн айтып берди.

Ачык эшик күнүнүн соңунда окуучулар акимдин белектерин алышып, эстеликке сүрөткө түшүштү.

Айыл аймактарда эң керектүү долбоорлор ишке ашырылат…

 

«Туруктуу жергиликтүү экономикалык өнүгүү» долбоорунун алкагында жумушчу пландарга ылайык квартал сайын максаттуу айыл аймактардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлүп турат.
Жолугушууда долбоордун координатору Эшмамбетов Элдияр: «Долбоордун компоненттери боюнча иш-чаралар жана пландар, ошондой эле максаттуу айылдык аймактарда Инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүү пландарын (ИЖЭӨП) аткаруу боюнча алдыдагы иш-чаралар менен тааныштырып, презентация учурунда ал, долбоордун негизги иш-аракеттери жөнүндө кыскача баяндама менен бөлүштү, ошондой эле ИЖЭӨПтү иштеп чыгуу, гранттык арыз сунуштар кандай процессте, максаттуу айыл өкмөттөрү укуктук, курулушка керектелүүчү документтер жөнүндө мааалымат берилди.

Иш-чаранын катышуучулары долбоорлорду ишке ашырууда бюджеттик маселелер бар экендигин жана АПШ(Архитектуралык пландоо шарттары), ИТШ (Инженердик-техникалык шарттар), ДСД (Долбоордук-сметалык документтер) даярдоо үчүн убакыт керектиги айтылды.

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынынын башчысы — аким Сатаров Нурбек Бейшеналиевич бул жаатта айыл өкмөттөрү тийиштүү мамлекеттик мекемелерге уруксат берүүчү кагаздарды кепилдик каты аркылуу даярдатып баштоо керектигин баса белгилеп өттү.

Иштин кызыкчылыгы үчүн жыйынга Ала-Бука райондук электр тармактары мекемесинин, Ала-Бука райондук Кадастр мекемесинин, Ала-Бука райондук шаар курулуш жана архитектура мекемесинин жетекчилери келип, долбоор менен иштеп жаткан айыл аймактардын аталган көйгөйдү өз ара макулдашуу менен тездетилген убакытта чечип берүүгө убада беришти.

Ага Хан Фондунун демилгеси менен ишке ашырылган долбоорлор айыл аймактарга муниципалдык базарларды шарты менен ачуу, скважина, жашыл бактардын санын көбөйтүү жана башка бир топ айылдын инфраструктурасын жакшыртуучу, көйгөйүн чечүүчү долбоорлор ишке ашырылат.

80 балага гуманитардык жардам берилди…

Ала-Бука райондук баш имам хатибиятынын имамы Шумкарбек Чыналиевдин кайрылуусу орундалып, районубуздагы 80 бала гуманитардык жардам алышып жатканына кубанычы менен бөлүшүп, Пайгамбарыбыздын хадистеринен мисал келтирип, ата энесинен ажыраган балдарга аз болсо да маанайын көтөрүүгө салым кошуп жаткан бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясына өзүнүн жана балдардын жакындарынын атынан терең ыраазычылык билдирди.

Мындай жакшы саамалыкка аким Нурбек Бейшеналиевич, жаштар ассамблеясынын кыргызстандагы өкүлү, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы С.Койчумбаев катышты.

Анда аким Н.Бейшеналиевич мамлекеттин эртеңки келечеги жаштар болгондуктан ар тараптан, жаш жеткинчектерди коргоо керектигин, бүгүнкү жардам менен чектелип калбай, мындан ары эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган ар бир балага өзгөчө көңүл бөлүнөрүнө токтолуп, келе жаткан наристелердин майрамы менен куттуктап өттү.

Пайгамбарыбыздын хадисинде «ким жетим баланын башын сыласа, ал акыретте менин жанымда болот, кайсы бир мамлекетте мечиттин жанында бала күлкүсү угулбаса, ошол мамлекеттин адамдарынын динден алыстаган белгиси» деп жазылат.

Бүгүнкү күндө күнүмдүк жашоо учун эмес, акыреттик үчүн иш жасашып жаткан «Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы» тарабынан Ала-Бука райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган атасы же энеси жок 80 баланын ар биринин өздөрүнүн колдоруна 5 литр май, 10 кг ун, күнүмдүк керектелүүчү азыктар, таттуулар, жайкы кийим кече андан сырткары 1500 сомдон акчалай жардам беришти.

Scroll To Top