INILIFE.RU

Күнүмдүк архив: 13.12.2019

Санарип Кыргызстан 2019-2023… «Санариптештирүү-өнүгүүнүн өзөгү»

Бүгүн Ала-Бука районунун мамлекеттик администрациясында “Санарип кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациянын концепциясынын алкагында райондук телекоммуникациялык диалог: «Санариптештирүү-өнүгүүнүн өзөгү» аттуу регионалдык диалог болуп өттү. Аталган иш чараны — Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эмилбек Абдыкадыров алып барып, иш-чарага ААК “КЫРГЫЗТЕЛЕКОМ” Жалал-Абад областтык филиалынын жетекчилиги, ООО “Скай-Мобайл” Жалал-Абад областтык регионалдык бөлүмүнүн жетекчиси, ЗАО “Альфа Телеком” Жалал-Абад областтык регионалдык бөлүмүнүн жетекчиси, ООО “Нур Телеком” Аксы, Ала-Бука райондор аралык бөлүмүнүн менеджери, Телерадио релейлик станциялардын түштүктөгү бөлүмүнүн кызматкери катышып, алдыга коюлган максаттары жана чечүү жолдору боюнча талкуу болуп өттү. Иш-чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондор аралык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын, райондук мамлекеттик “Кадастр” мекемесинин, Ала-Бука райондук социалдык фонд башкармалыгынын жана Ала-Бука райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчилери жана айылдык аймактардын башчылары санариптештирүү боюнча аткарылган иштери жана алдыдагы аткаруучу иштери боюнча маалымат беришип, электрондук кызмат көрсөтүүнү күчөтүү, биргелешип иш алып баруу, бирдиктүү терезелердин ишин жандандыруу менен элдин убарагерчилигин кыскартуу боюнча райондук масштабдагы диалог болуп өттү.
Ошондой эле райондук жаш техниктердин эмгегин баалоо менен, келечектин техник инженерлерине дем берүү максатында “Жаш техник” аттуу окуучулар арасында райондук конкурс өткөрүлүп, “Жаш техник” сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар жана байгелүү орундар ыйгарылды.

Scroll To Top