INILIFE.RU
Башкы бет / 2019 / Декабрь

Айлар боюнча архив: Декабрь 2019

Санарип Кыргызстан 2019-2023… «Санариптештирүү-өнүгүүнүн өзөгү»

Бүгүн Ала-Бука районунун мамлекеттик администрациясында “Санарип кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациянын концепциясынын алкагында райондук телекоммуникациялык диалог: «Санариптештирүү-өнүгүүнүн өзөгү» аттуу регионалдык диалог болуп өттү. Аталган иш чараны — Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эмилбек Абдыкадыров алып барып, иш-чарага ААК “КЫРГЫЗТЕЛЕКОМ” Жалал-Абад областтык филиалынын жетекчилиги, ООО “Скай-Мобайл” Жалал-Абад областтык регионалдык бөлүмүнүн жетекчиси, ЗАО “Альфа Телеком” Жалал-Абад областтык регионалдык бөлүмүнүн жетекчиси, ООО “Нур Телеком” Аксы, Ала-Бука райондор аралык бөлүмүнүн менеджери, Телерадио релейлик станциялардын түштүктөгү бөлүмүнүн кызматкери катышып, алдыга коюлган максаттары жана чечүү жолдору боюнча талкуу болуп өттү. Иш-чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондор аралык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын, райондук мамлекеттик “Кадастр” мекемесинин, Ала-Бука райондук социалдык фонд башкармалыгынын жана Ала-Бука райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчилери жана айылдык аймактардын башчылары санариптештирүү боюнча аткарылган иштери жана алдыдагы аткаруучу иштери боюнча маалымат беришип, электрондук кызмат көрсөтүүнү күчөтүү, биргелешип иш алып баруу, бирдиктүү терезелердин ишин жандандыруу менен элдин убарагерчилигин кыскартуу боюнча райондук масштабдагы диалог болуп өттү.
Ошондой эле райондук жаш техниктердин эмгегин баалоо менен, келечектин техник инженерлерине дем берүү максатында “Жаш техник” аттуу окуучулар арасында райондук конкурс өткөрүлүп, “Жаш техник” сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар жана байгелүү орундар ыйгарылды.

1-Май айылдык аймагынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна тез жардам унаасы тапшырылды…

Ала-Бука районунун 1-Май айылдык аймагында КР ЖКнин депутаты А.Турсунбаевдин катышуусунда 1-Май айылдык аймагынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна ФОМС тарабынан берилген УАЗ — Э962 маркасындагы жаңы тез жардам унаасын тапшыруу аземи болуп өттү. Тез жардам унаасын тапшыруу аземине Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Э.Абдыкадыров жетектеген мекеме ишканалардын жетекчилери, райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кызматкерлери жана 1-Май айылдык аймагынын жергиликтүү тургундар катышып, ыраазычылыгын билдиришти.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна тез жардам автоунааларды тапшырылды…

Ала-Бука районунда КР ЖКнин депутаты А.Турсунбаевдин катышуусунда Ала-Бука райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна КР ЖК депутаты А.Турсунбаевдин жардамы менен ФОМС тарабынан 2​ 800​ 000 сом акча каражаты бөлүнүп, ага УАЗ — Э962 маркасындагы жаңы 2 даана тез жардам унаасы жана 1 даана жаңы тайота үлгүсүндөгү 7 орундуу атайын тез жардам унааларын алып берип, аталган унааларды тапшыруу аземи болуп өттү. Тез жардам унааларын тапшыруу аземине Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Э.Абдыкадыров жетектеген мекеме ишканалардын жетекчилери, райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Улуттун ден-соолугу,мамлекеттин келечеги! …

Улуттун ден-соолугу,мамлекеттин келечеги! Ак-Там айыл аймагында жакшы саамалык. Жапа-Салды айылында жаңы ФАПтын ачылуу аземи болуп өттү. Аземге айыл эли өтө кубануу менен катышты. Курулушка көмөктөшкөн атуулдарга, куруучуларга айыл өкмөтү жана жалпы элдин атынан ыраазычылык билдирилди.Ушул ден-соолук очогу элге кызмат кылып, дени сак улутту коомго кошууга өз салымын кошуусуна тилектешпиз…

Scroll To Top