INILIFE.RU
Башкы бет / 2019 / Ноябрь

Айлар боюнча архив: Ноябрь 2019

Айыл чарбасын өнүктүрүү-аймакты, өлкөнү өнүктүрүү…

Ала-Бука районунда айыл чарба кооперативдеринин жана фермерлерлеринин конференциясы, регионалдык диалог: «Айыл чарбасын өнүктүрүү-аймакты, өлкөнү өнүктүрүү» аттуу иш чара өткөрүлдү. Мында кооперативдер союзунун төрагасы шайланып, айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган резолюция кабыл алынды. Иш чарага фермер, дыйкандар жана ишкерлер катышып, айыл чарбасын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон, эмгеги сиңген ардагерлер жана дыйкандар сыйланды. Бул иш чараны райондун тургундары үчүн арналган «түшүм майрамы» коштолду. Мында районубуздун тургундары жана коноктору үчүн көргөзмөлөр менен кошо, атайын жармаңке уюштурулуп, арзан баадагы жашылча жемиштер сатылды.  Ошону менен катар эле «Шырдак фестивалы» жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Фестивалга 8 айылдык аймактын ууз чеберлери өз буюмдарын алып келип, көргөзмөгө коюу менен ар кандай сынактарга катышышты. «Эң мыкты шырдак» сынагында Көк-Таш айылдык аймагы ээлесе, «Эң мыкты шырмал шыруу’ сынагында Көк-Серек айылдык аймагынан келген ууз чебер ээледи. «мыкты жип ийруу» сынагында биринчи орунга Ала-Бука айылдык аймагы ээлесе, «Мыкты жүн сабоо конкурсунда» Ак-Там айылдык аймагынын катышуучулары ээлешти. 2- 3 орундар да белгиленип, бардык айыл аймактардан келген катышуучулар орундарга ээ болушту. Мындан сырткары эң мыкты териден буюм жасоо боюнча Өрүктү айыл аймагынын тургуну Г.Кочкорбаева ээлеп, катышуучуларга жана көрүүчүлөргө тери иштетүү жана ийлөө боюнча мастер класс өттү.

Катышуучуларга райондук мамлекеттик администрациясынын номинациялары, акчалай сыйлыктары ыйгарылды.Ошону менен бирге тажрыйба алмашуу айыл өкмөттөр арасында болду

Scroll To Top