INILIFE.RU
Башкы бет / 2019 / Октябрь

Айлар боюнча архив: Октябрь 2019

500 метрлик чарбалык арык заманбап түрдө жасалды.

Ийгиликтин чоң кичинеси жок … Ак-Там айыл аймагы алтын кени же чоң өнөр-жай тармагы болбогон менен, адал эмгеги менен коомго салымын кошкон адам ресурсуна бай эл. Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы, айыл өкмөт жана айыл эли тарабынан каржыланып, К.Алимов көчөсүнүн ички 500 метрге жакын чарбалык арыгы заманбап түрдө жасалды. Айыл аймак башчысы жана өкмөт жамааты ушул ишке көмөк көрсөтөкөн айыл элине терең ыраазычылык билдиришти.  Бул ыкманы айыл аймактын башка айылдарына да жайылтуу планы алдыда  турат…

 

 

Баткен окуясына 20 жыл…

1999-2000-жылдардагы Баткен окуясына Кыргыз Республикасынын бүтүндүгүн коргоо үчүн Ала-Бука районунан 85 жоокер аттанып, 2 жарадар болуп кайткан. Баткен окуясынын эскерүү кечесине Ала-Бука колледжинде катышуучулар чакырылып, студенттер менен эрдик сабактары өткөрүлүү менен алар даярдаган концерттик программа тартууланды. Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Э.Абдыкадыров ардак грамоталарды, Баткен коому тарабынан берилген орден, медалдарды сыйлык ээлерине тапшырды. Ушундай эле сыйлыктар райондук аскер комиссариатынын комиссары Т.Сандыбаев тарабынан да тапшырылды. Соңунда айыл өкмөттөр тарабынан даярдалган сый тамактар тартууланды.

1-октябрь,..Эл аралык карыялар күнү…

Ала-Бука районунда 1-октябрь эл аралык карыялар күнүнө карата иш-чара өттү. Эмгектин алдыңкы ардагерлерине  ыраазычылык билдирүү менен, маданият үйү даярдаган көрүнүш, айылдык аймактардагы»Шайыр апалар» топтору менен биргеликте концерттик номерлер тартууланып, 100 кишиге сый тамак берилди. Белектер райондук социалдык фонд тарабынан уюштурулду
Район ичинде 100 жаштан ашкан эки карыялар бар. Алар: Көк-Таш айылдык аймагынан Эгемова Ажар эне 1914-жылы төрөлгөн, 105 жашта, Ак-Там айылдык аймагынан  Гаипова Майрам эне  1918-жылы төрөлгөн  101 жашта. Белгилей кетсек Ала-Бука районунда жалпысынан 8257 пенсия жашындагы карыялар бар…

Scroll To Top