INILIFE.RU
Башкы бет / 2019 / Сентябрь

Айлар боюнча архив: Сентябрь 2019

21-сентябрь Тазалык күнүнө карата…

Өрүктү айыл аймагы боюнча 2019-жылдын 20-сентябрь күнү ишембилик өтүп, жолдун боюндагы таштандылар чогултулуп, атайын таштанды төгүүчү жайга төгүлдү.
Ишембиликке айыл аймактагы мекеме ишканалардын кызматкерели, окуучулар тартылып, Өрүктү айылына кире беришинен баштар жалпы жолдун боюндагы ар кандай таштандылар чогултулду. «21-сентябрь Тазалык күнүнө» карата Өрүктү айыл аймагында ишембилик жогорку деңгээлде өттү.

Көпүрө куруу иштери жүрүп жатат…

Өрүктү айыл аймагынын Өрүктү-Сай жана Кең-Кол айылдарына көпүрө курууга материалдары Өзгөчө Кырдаалдар Министрлиги тарабынан берилип, көпүрө куруу иштери жүрүп жатат. Өрүктү-Сай айылында көпүрөнүн жоктугунан ал эми Кең-Кол айылындагы көпүрө кооптуу абалда болгондуктан калкка шарт түзүү максатында атайын техника жана мал-жандык өтүүгө ылайыкталып курулуп жатат. Көпүрөлөрдү куруу иштерин жергиликтүү тургундар өздөрү колго алышкан. Өрүктү айыл аймагынын тургундары көпүрөгө керектүү материалдарын бөлүп берген Райондук Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин бөлүмүнө терең ыраазычылык билдирет.

Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чара…

Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча 1 айлык иш-мерчемге ылайык 13.09.2019-жылы Ак-Там айыл аймагы менен биргеликте Н.Бекменбетов орто мектебинде иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында өрттүк-тактикалык машыгуу, жөө-жүрүш, концерттик программа, сүрөт конкурсу, аркан тартыш, дил баян конкурс-викториналар өткөрүлүп, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан кызыктыруучу белектер тапшырылды.

«Күндөлүк»- санариптик платформасы, Ата Мекендик санариптештирүү билим берүү системасы…

«2019-жыл  Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылынын алкагында Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмү 2019-2020- окуу жылын иновациялык жаңы технологиялык иш-аракеттер менен баштады.«Күндөлүк»- санариптик  системасы, Ата-Мекендик  билим берүү платформасы болуп саналат. Карт-окутуу систамасы аркылуу ата-энелер мектептеги балдырынын коопсуздугун жана билим алуу деңгээлин толук көзөмөлгө ала алышат.«Күндөлүк» санариптик билим берүү системасынын ушул жана башка пайдалуу артыкчылыктары тууралуу окуу семинары Ала-Бука районундагы Нуркул Орозалиев атындагы орто мектебинин жыйындар залында болуп өттү. Ага райондук билим берүү бөлүмүнүн жектекчилиги, райондун бардык орто мектептерининин дирокторлору менен бирге Чаткал районунун да айрым мектеп директорлору ошондой эле «Күндөлүк» долбоорунун Ала-Бука райондук жана Жалал-Абад областык өкүлдөрү катышышты. Жыйында Карт-окутуу системасы боюнча түшүнбөгөн жана катышуучуларды кызыктырган суроолорго  толук жооптор берилип, сунуштар да эске алынды. «Заман талабына ылайык билим берүү системасына өтүү процессинин алгачкы этаптары ийгиликтүү башталып, өз жыйынтыгын көрсөтөт»- деген ойлорду билдирип калышты семинар катышуучулары…

150 орундуу мектептин ачылышы…

2019-жылдын 1-сентябрь күнү Өрүктү айыл аймагынын Өрүктү-Сай айылынын тургундары үчүн абдан чоң майрам болду. Анткени көптөн күткөн жаңы 150 орундуу мектебинин ачылышы болду. Мектептин ачылышына Жалал-Абад областынын губернаторунун орун басары Р. Темирбекович, Ала-Бука районунун башчысы аким Э.Ысакулович, орун басары К.Сатимбаевна, өкмөт башчы Р.Кийикбаев, аппарат кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты. Кечеде концерттик программалар уюштурулуп, салатанат мыкты деңгээлде өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгына карата…

2019-жылдын 30-август күнү Өрүктү айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгына карата иш-чара уюштурулуп, элге концерттик пргорамма жана жаштарга спорттун кичи футбол, таэквандо, грек-рим, бокс ж.б түрлөрү боюнча оюндар уюштурулуп, мыкты деңгээлде болуп өттү. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Scroll To Top