INILIFE.RU
Башкы бет / 2019 / Июль

Айлар боюнча архив: Июль 2019

4 000 000 сомдук сертификат тапшырылды….

Ала-Бука райондук аймактык ооруканасында хирургия бөлүмүнүн операциялык блогунун ачылыш аземи болуп өттү. Бул иш-чарага саламаттык сактоо министринин орун басары Каратаев Мадамин Мусаевич, Жалал Абад областынын милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директору Жыргалбек Осмоналиев жана башка коноктор катышты. Хирургия бөлүмүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн салым кошкон ишкерлер К. Кулмурзаевге, И.Дадажановго, ЖКК АРТ курулуш ишканасына райондун акими Э.Абдыкадыров ыраазычылык билдирди. Ал эми оорукананын жугуштуу бөлүмүнүн капиталдык ремонтуна Фулл Голд Майнинг тоо-кен ишканасынын генералдык директору Ли Яо Хуей 4000 000 сом сертификатын тапшырды.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри менен жолугушуу…

Ала-Бука районунда Эмгек жана социалдык өнүгүү министри У.Кочкоров менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда негизинен жөлөк пул, майыптарды кароочу ассистенттерге акча төлөп берүү, майыптарга иш орундарын түзүү, жер участокторун берүү боюнча маселелер көтөрүлдү. 

Эс алуу жайларына баруучу жолдор кеңейтилүүдө…

Ала-Бука-Сай эс алуу жайына, Шаркыратма жана Ак-Балтыркан көлүнө кетүүчү жолдор кенейтилип, табият койнунда эс алуучуларга жакшы шарттар түзүлүүдө.

Ошондой эле кышка карата калктын малга жем-чөбүн даярдоочу Сырт-талаа массивине баруучу жолдор да оңдолуп, оор жүк ташуучу  унааларга ыңгайлуулуктар жаралды.

108 миң сомдон ашуун каражат төлөнүп берилди…

1-Май айыл аймагынын тургуну Усен Макамбаевдин  турак-жайы өрттүн кесепетинен жабыркаган. Мамлекеттик камсыздандыруу бөлүмү тарабынан 108 миң сомдон ашуун каражат турак-жайын калыбына келтирүү үчүн төлөнүп берилди. Белгилей кетсек өткөн жылы да 1-Май айыл аймагына караштуу Ак-Башат айылында айрым шамалдан жабыркагандарга ушундай акча каражаттары бөлүнүп берилген. 1-Май айыл өкмөтүнүн эмгек жамаатынын дегеле жалпы 1-Май айыл аймагынын элинин атынын  айыл аймагын башчысы Мухтар  Шербаев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик камсыздандыруу агенттигинин жетекчиси Эгамбердиева Джумагуль Шариповнага жана эмгек жамаатына терен ыраазычылык билдирет!..

» Барчын» жайлоо өнүгүү борбору ачылды…

Ала-Бука айыл аймагында наристелердин жайкы эс алуу мезгилинде  ар тараптуу өнүгүүсү, балдардын зээндүү болушуна шарт түзүү максатында » Барчын» жайлоо өнүгүү борбору ачылып, иштөөгө берилди. Жайлоо өнүгүү борборунун негизги максаттары: балдардын жайкы каникулдагы убактыларын натыйжалуу пайдалануу, жайлоонун таза абасынан дем алып, спорт менен машыгышып ден-соолуктарын чыңдоо, комьпютер, телевизор, смартфон жана башка ушул сыяктуу гаджеттерден аз да болсо алыстап,  вертуалдык эмес чыныгы балдар үчүн оюндарды ойноо менен бирге физикалык жана интелектуалдык жөндөмдүүлүктөрүн артыруу. Мындай интерактивдүү ыкма балдардын ар тараптуу өнүгүсүнө жакшы өбөлгө түзөт деген ишеничтебиз….

Scroll To Top