INILIFE.RU

Күнүмдүк архив: 01.06.2019

Жеткинчек балдар бакчасында «Бактылуу балалык» аттуу майрам болуп өттү…

1- июнь Балдарды коргоо күнүнө карата Көк-Серек айыл өкмөтүндө жайгашкан Ташбаева Умсунай атындагы «Жеткинчек» балдар бакчасында «Бактылуу балалык» аттуу майрам болуп өттү. Майрамга карата өзгөчө шаң менен даярдык болгону эшиктен аттап киргенде эле көрүнүп турду. Балдардын майрамдык маанайлары, Ата-энлерлердин толкундоолору, бакчанын жасалгасы кудум эле жомоктогудай. Майрамдык кечени бакчанын жетекчиси Салтанат Тоялиева ачып берип, бакчада болуп жаткан жетишкендиктерге токтолуп өттү. КазМинералс компаниясы тарабынан 450 м² жерге ашар жолу менен цемент төшөлүп, айыл өкмөтү тарабынан 50 000 сом акча каражаты бөлүнүп, материалдык жактан дагы жардамдар көрсөтүлгөнүн, ата-энелердин демөөрчүлүгү менен 60орунга керебеттер алынганын айтып өтүлдү. Айыл өкмөт башчысы Камчыбек Исраилов балдарга чын дилинен каалоо тилектерин айтып,силер биздин эртеңки келечегибизсиңер, силерди ар тараптан колдогонго даярбыз деп, балдар үчүн алып келген түстүү телевизор жана тамак жылытуучу печкасын тапшырды, ошондой эле балдардын ар бир аткарган концерттик номерлерин кубануу менен кабыл алып жатты. Балдардын жашоосу керемет дүйнө турбайбы деп, кубанганын жашыра албай балдар менен сүрөткө түшкөнгө да үлгүрүштү…

1-июнь- Балдарды коргоонун Эл аралык күнү…

1-июнь- Балдардын майрамы, балдарды коргоонун Эл аралык күнү!..  Ала-Бука айыл өкмөтү жана айылдык кеңештин депутаттары жалпы кичинекей балдар баарыбыздын колдообузга да, коргообузга да муктаж экендигин, балдарга татыктуу тарбия берүү, жетиштүү билим алуусуна, өз келечегине ишенимдуу карап, илгери үмүт байлоосуна кеңири жол ачып берүү- биздин милдет экенибизди эске алып, калоо тилектерин, куттуктоо сөздөрүн айтып, жардамга муктаж болгон чүрпөлөргө белек тартуу кылышып, майрамдык кечеге катышкан жалпы кичинекей балдарга шириндиктерди беришти.
Балалык дооруңар камкордукта, бактылуу өтсүн, ардактуу бөбөктөр!..

Балдар жердин жандуу гүлдөрү….

«Балдар жердин жандуу гүлдөрү!…» Ушундай аталыштагы иш-чарага 1-Май аймагындагы «Майская» чек ара заставасы, милиция бөлүмү, учаскалык оорукана, ГСВ, мектеп директорлору, Кыргыз почта бөлүмү, балдардын искусство мектеби, жеке ишкерлер катышышты. Жетекчилерден белек алышкан балдар аллеяда чакан концерт көрүшүп, кошула ырдашып, балмуздак жешип, футбол боюнча чемпионатын да өткөргөнгө үлгүрүштү.
Балдар үчүн убактысын, белек бечкегин аябаган жетекчилерге, жеке ишкерлерге 1-Май айыл өкмөтүнүн жалпы жамааты терең ыраазычылык билдирет…

Балдар жаркын келечектин ээлери…

Балдар жаркын келечектин ээлери! 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата жаш жеткинчектерге көңүл бурулду. Наристе кубанса, аалам куөанат демекчи, ар бир баланын күлкүсү дүйнөдөгү  эң мукамдуу үн!…

Scroll To Top