INILIFE.RU
Башкы бет / 2019 / Июнь

Айлар боюнча архив: Июнь 2019

Кум тазалоочу жай курулуп башталды…

Көк — Серек айыл өкмөтүнө караштуу, Кош- Болот айылына баруучу айылдын эң башындагы арыка кум агызуучу жайга кум тазалоочу жай курулуп башталды. Кум агызуучу жай курулуп бүткөндөн кийин Кош — Болот айылындагы канал, арыктарга, үлүш жерлерге кум агып барбай жалпы аянты 190 га жер пайдаланууга жарактуу болуп калат.

Биздин балдар планетанын келечеги…

Өрүктү айыл аймагында 15-майдан 15-июнга чейин «Биздин балдар планетанын келечеги» аттуу акцияга 30 турмуш шарты оор , жарым жетим , тоголок жетим балдардын тизмеси такталып, ар бир балага 500 сомдук белектер сатып алынды. Жалпысынан 15 000 мин сомдук белек таркатылып берилди.

Ала-Бука айыл аймагындагы алгылыктуу иш-аракеттер…

2019-жыл жай айлары Ала-Бука айыл аймагында бир топ иштер кызуу түрдө жүргүзүлүүдө. Белгилей кетсек Сары-Талаа айылындагы Н.Орозалиев жана Ала-Бука айылындагы К.Шарипов, Ч.Асанов көчөлөрүнө асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди.  С.Ибраимов көчөсүндөгү селкананы тазалоо жумуштары кызуу жүрүп,Достук айылындагы «Наристе» балдар бакчасын тосмолоо жумуштары башталды. Ошону менен катар Сары-Талаа айылындагы Орто-Коргон көчөсүн шагалдоо жумуштары жүрүп жатат. Айыл аймактагы балдар бакчаларынын материалдык-техникалык жана социалдык базасын чыңдоо үчүн «Жоогазын»балдар бакчасына 50 даана, «Келечек»балдар бакчасына 10 даана, «Наристе» балдар бакчасына 20 даана эки кабаттуу керебет, ошондой эле «Жоогазын» балдар бакчасына 40 даана, «Наристе» балдар бакчасына 70 даана, «Алтын» балдар бакчасына 50 даана, «Достук» балдар бакчасына 35 даана, «Жылдызча»балдар бакчасына 30 даана отургуч, «Күнчубак»балдар бакчасына балдар үчүн шкафтар сатып алынып берилди. Ала-Бука айыл аймагындагы билим берүү мекемелерин кайра калыбына келтирүү (ремонт) иштерине керектелуучу материалдар таркатылып, учурда жумуш жүрүп жатат. Өлкөнү санариптештирүү бүгүнкү күндүн талабы болуп жатат. Ошондуктан жаңы технологияларды пайдаланып, аймагыбыздын өнүгүү темпине дем берүү максатында балдар бакчаларына камералар орнотулду.

Көк-Серек айыл аймагы Кош-Болот айылында жаңы мечит түптөлүүдө….

Көк — Серек айыл өкмөтүнүн Кош — Болот айылында Араптардын колдоосу менен мечиттин курулушу башталып, айылдын тургундары карап турбастан өздөрүнүн ашар жолу менен бүтүрүп берүү үчүн жумушун башташты. Ошондой эле айыл өкмүтү тарабынанда шагал кумдарын алып келип берилди. Ала-Бука айылынан керектуу курулуш материалдарын алып келүү үчүн жана Жалал — Абад шаарынан кирпичтерди ташып келүүгө техникалар бөлүнүп берилди. Ынтымак бар жерде ырыс бар дегендей ашар жолу менен жардам берген айыл тургундарына жана айыл өкмөтүнүн иштерине ийгиликтер боло берсин….

Балдарды коргоонун Эл аралык майрамы Өрүктү айыл аймагында…

Балдарды коргоонун Эл аралык майрамына карата 2019-жылдын 31-май күнү Өрүктү айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында майрамдык салтанаттар болуп өттү. Майрамдык иш-чаралар жогорку деңгээлде өткөрүлүп, айыл өкмөт тарабынан балдарга 15миң (он беш миң) сомдук белектер даярдалып берилди. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге грамоталар тапшырылды.

Таш-Арыкта сел ташкыны…

Көк — Серек айыл өкмөтүнүн Тенги айылындагы Таш-Арык участкасында катуу жамгыр жагандын кесепетинен сел жүрүп, айылдын тургундарына өтүүчү  жолду, арыктарды сел каптап кеткен. Суу жүрүүчү арыктар тазаланып ,100 кожолука баруучу жолдор оңдолуп, калыбына келтирилип,транспорт каттамдары кайрадан жолго коюлуп, айылдын тургундары суугат суулар менен камсыз болушту.Ошондой эле сайдын жээктери да тазаланууда Белгилей кетчү нерсе катуу нөшөрлөгөн жаан-чачын 2019-жылдын  2-май күнү жааган.

Жеткинчек балдар бакчасында «Бактылуу балалык» аттуу майрам болуп өттү…

1- июнь Балдарды коргоо күнүнө карата Көк-Серек айыл өкмөтүндө жайгашкан Ташбаева Умсунай атындагы «Жеткинчек» балдар бакчасында «Бактылуу балалык» аттуу майрам болуп өттү. Майрамга карата өзгөчө шаң менен даярдык болгону эшиктен аттап киргенде эле көрүнүп турду. Балдардын майрамдык маанайлары, Ата-энлерлердин толкундоолору, бакчанын жасалгасы кудум эле жомоктогудай. Майрамдык кечени бакчанын жетекчиси Салтанат Тоялиева ачып берип, бакчада болуп жаткан жетишкендиктерге токтолуп өттү. КазМинералс компаниясы тарабынан 450 м² жерге ашар жолу менен цемент төшөлүп, айыл өкмөтү тарабынан 50 000 сом акча каражаты бөлүнүп, материалдык жактан дагы жардамдар көрсөтүлгөнүн, ата-энелердин демөөрчүлүгү менен 60орунга керебеттер алынганын айтып өтүлдү. Айыл өкмөт башчысы Камчыбек Исраилов балдарга чын дилинен каалоо тилектерин айтып,силер биздин эртеңки келечегибизсиңер, силерди ар тараптан колдогонго даярбыз деп, балдар үчүн алып келген түстүү телевизор жана тамак жылытуучу печкасын тапшырды, ошондой эле балдардын ар бир аткарган концерттик номерлерин кубануу менен кабыл алып жатты. Балдардын жашоосу керемет дүйнө турбайбы деп, кубанганын жашыра албай балдар менен сүрөткө түшкөнгө да үлгүрүштү…

1-июнь- Балдарды коргоонун Эл аралык күнү…

1-июнь- Балдардын майрамы, балдарды коргоонун Эл аралык күнү!..  Ала-Бука айыл өкмөтү жана айылдык кеңештин депутаттары жалпы кичинекей балдар баарыбыздын колдообузга да, коргообузга да муктаж экендигин, балдарга татыктуу тарбия берүү, жетиштүү билим алуусуна, өз келечегине ишенимдуу карап, илгери үмүт байлоосуна кеңири жол ачып берүү- биздин милдет экенибизди эске алып, калоо тилектерин, куттуктоо сөздөрүн айтып, жардамга муктаж болгон чүрпөлөргө белек тартуу кылышып, майрамдык кечеге катышкан жалпы кичинекей балдарга шириндиктерди беришти.
Балалык дооруңар камкордукта, бактылуу өтсүн, ардактуу бөбөктөр!..

Балдар жердин жандуу гүлдөрү….

«Балдар жердин жандуу гүлдөрү!…» Ушундай аталыштагы иш-чарага 1-Май аймагындагы «Майская» чек ара заставасы, милиция бөлүмү, учаскалык оорукана, ГСВ, мектеп директорлору, Кыргыз почта бөлүмү, балдардын искусство мектеби, жеке ишкерлер катышышты. Жетекчилерден белек алышкан балдар аллеяда чакан концерт көрүшүп, кошула ырдашып, балмуздак жешип, футбол боюнча чемпионатын да өткөргөнгө үлгүрүштү.
Балдар үчүн убактысын, белек бечкегин аябаган жетекчилерге, жеке ишкерлерге 1-Май айыл өкмөтүнүн жалпы жамааты терең ыраазычылык билдирет…

Scroll To Top