INILIFE.RU

Күнүмдүк архив: 26.05.2019

Ажек айылында түндүк көтөрүлдү…

1-Май айыл аймагынын Ажек айылындагы орто мектептин мындан 10 жыл мурда бүткөн бүтүрүүчүлөрү тарабынан айылдын кире беришине түндүк  орнотулуп,  лентасы  кесилди…
Жаштардын демилгеси,аракети, ынтымагы адамды  кубандырат.
Учурда Ажек айылындагы маданият үйндө, палаткаларда билим алып жаткан окуучуларга, мугалимдерге кыйынчылыктардын баары убактылуу экендиги айтылып,  акыркы коңгуроо майрамы менен куттукталды…

1-Май айылдык паркына павловниялар отургузулууда….

Жаңыга умтулуу, жаңыдан артта калбоо заман талабы… Болгариялык өнөктөштөр менен бирге дагы бир инновациялык долбоор 1-Май айыл аймагында ишке ашканы турат…
Джан ( Болгариялык өнөктөштүн аты) суусу тартыш аймактарда тамчылатып суугаруу системасы жана бак-дарактар боюнча  адистиктин ээси.
1-Май айылдык паркына павловниялар отургузулууда. Айыл аймактын суугат суу тартыштыгын көйгөйлүү маселеси да тамчылатып суугаруу системасы аркылуу сууну экономдоо жаатына өткөрүлүп, чечилгени турат…..

Бүтүрүүчүлөрдөн келе жаткан үлгүлүү жөрөлгөлөр уланууда….

Төрөгелди Балтагулов атындагы орто мектептин мурдагы бүтүрүүчүлөрүнүн арасында түрдүү кайрымдуулук акциялары, билим уясына материалдык жардам берүү иштери уланууда. Ала-Бука айыл өкмөтүнө караштуу АлаБука айылынын Төрөгелди Балтагулов атындагы орто мектебин 10 жыл мурда аяктаган бүтүрүүчүлөрү, имараттын терезелерин жаңылап, жаңы тепкич курдуруп беришип, акыркы коңгуроо аземи менен катар жаңы курулуштун ачылышы да болуп өттү. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы, аким Эмилбек Ысакулович баштаган бир топ мекеме иш-кана мүчөлөрү жана Ала-Бука айыл аймагынын башчысы катышты.Жалпысынан 1 миллионго жакын каражат сарпталды.  «Акыркы коңгуроо» кагылып, кезектеги окуу жылы жыйынтыкталды. Быйылкы жылы бүтүрүүчү класстарга мектепти бүтүрүү аземине карата акча чогултуп, белек алууга, кымбат автоунааларга түшүп, үлпөт куруп, кафе-ресторандарда сайрандоого Билим беруу жана илим министрлиги тарабынан  тыюу салган. Эскерте кетсек республика боюнча 2262 мектепте 9-классты 95 миң,11-классты 61 миң бүтүрүүчүлөр аяктап жатышат…

Бир кылымдан ашык тарыхы бар Уметалы уулу Мергенбай ажы мечити…

Айлардын падышасы болгон ыйык рамазан айында жасалган сооптуу иштердин акысын акыретте жараткан Аллах өзү эселеп берет эмеспи….Бир кылымдан ашык тарыхы бар Уметалы уулу Мергенбай ажы мечитинин былтыркы жылы ремонтоо иштери башталган.  Мечитке Мергенбай ажынын неберелери Акжол,Ашым, Усупбай,Сапаралы,Мамбеталы жана башкалар негизги жумуштарын жасашкан. Сооптуу ишке эхсан катары  Ала-Бука районунун Өрүктү айыл аймагынын Өрүктү-Сай айылынын Бешимов орто мектебин мындан 10 жыл мурун аяктаган 1991-жылкы  юбилей ээлери ички жана сырткы жасалгалоо иштерине жалпы 256 000 сомдук салым кошушкан. Жакшы саамалыка райондук мамлекетик администрциясынан өкүлдөр, айыл өкмөт башчылары, райондук муфтият өкүлдөрү катышышып, каалоо тилек жана ыраазычылыктарын билдиришти. Иш-чара ифтарлык менен улантылып, жаңыртылган мечитте таравих намазы окулду…

Scroll To Top