INILIFE.RU

Күнүмдүк архив: 10.05.2019

Эч ким, эч нерсе унутулбайт!… 9-май Улуу Жеңиш күнү!…

Жеңиш майрамы Ала-Бука районунда чоң салтанат менен белгиленди. Иш-чара Жеңиш эс алуу паркындагы «белгисиз жоокер» эстелигине гүл кою менен башталып, согушта курман болгон жоокерлерге багышталып куран окутулуп, алардын жаркын элестерин эскерүү митинги өткөрүлдү. Майрамдык иш-чара райондун борбордук аянтын көздөй улантылып,»өлбөс полк» жүрүшү өттү. Маданий массалык иш-чаралар, куралдуу күчтөрдөн түзүлгөн аскердик жана оор техникалык парад майрамдык маанайды көркүнө чыгарды.

Райондун акими Э.Абдыкадыров жана Жогорку Кеңештин депутаты А.Турсунбаев жана башкалар райондун калкын дегеле бүтүндөй Кыргызстандыктарды Улуу Жеңиштин 74 жылдык маарекеси менен куттукташты. 9-Май Жеңиштин Улуу майрамына урматына Ала-Бука айыл аймагындагы согуш маалындагы  ооруктун  катышуучуларына,эмгектин ардагерлерине жана майыптарына, согуш ардагерлеринин жесир аялдарына Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбаев Азизбек Атакозуевичтин катышуусунда белектер тапшырылды.

Райондогу мекеме иш-каналардын жетекчилиги, айыл өкмөт башчылары, райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте согуштун 2 ардагерине токулуу жылкы миндиришти.

Scroll To Top