INILIFE.RU

Күнүмдүк архив: 09.05.2019

Улуу жеңиш күнү 1-Май айылында….

1-Май айыл аймагынын эли Улуу Жеңишти 74 жылдык майрамын согуштун ардагери, кадырлуу аксакал  Насирдин ата менен бирге майрамдады.
Салтанатка Жогорку Кенештин депутаты А.Турсунбаев,Ала-Бука районунун акими Э.Абдыкадыров баштаган жетекчилер катышышты. Ардагерге  тойлорго, жакшылыктарга минип жүрсүн деп, жорго тулпар белеке берилди. Ооруктун,эмгектин ардагерлерине баалуу, акчалай сыйлыктар тапшырды.

Курманбаев Абдиназар агабыздын жаркын элесине арналган турнир….

Ак-Там айыл аймагына караштуу Жапа-Салды айылында СССРдин волейбол спорт түрү боюнча курама командасынын оюнчусу жана волейбол боюнча спорт чебери маркум Курманбаев Абдиназар агабыздин жаркын элесине арналган спорттук турнир болуп өттү. Ачылыш аземинде Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Эмилбек Ысакулович баштаган бир катар жетекчилер, маркумдун туугандары сөзгө чыгышып, спортчуларга ийгилик каалашты. Иш-чарага район аймагынан келген волейбол командалары катышышып, жыйынтыгында:1-орунду Сары-Талаа, 2-орунду Кош-Алмурут, 3-орунду Келте жана 4-орунду Баймак командалары ээлешти. Жеңүүчүлөргө турнир кубогу жана акчалай сыйлыктар ташырылды.

Scroll To Top