1-Май айыл аймагынын эли Улуу Жеңишти 74 жылдык майрамын согуштун ардагери, кадырлуу аксакал Насирдин ата менен бирге майрамдады.
Салтанатка Жогорку Кенештин депутаты А.Турсунбаев,Ала-Бука районунун акими Э.Абдыкадыров баштаган жетекчилер катышышты. Ардагерге тойлорго, жакшылыктарга минип жүрсүн деп, жорго тулпар белеке берилди. Ооруктун,эмгектин ардагерлерине баалуу, акчалай сыйлыктар тапшырды.
Күнүмдүк архив: 09.05.2019
Курманбаев Абдиназар агабыздын жаркын элесине арналган турнир….
Ак-Там айыл аймагына караштуу Жапа-Салды айылында СССРдин волейбол спорт түрү боюнча курама командасынын оюнчусу жана волейбол боюнча спорт чебери маркум Курманбаев Абдиназар агабыздин жаркын элесине арналган спорттук турнир болуп өттү. Ачылыш аземинде Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Эмилбек Ысакулович баштаган бир катар жетекчилер, маркумдун туугандары сөзгө чыгышып, спортчуларга ийгилик каалашты. Иш-чарага район аймагынан келген волейбол командалары катышышып, жыйынтыгында:1-орунду Сары-Талаа, 2-орунду Кош-Алмурут, 3-орунду Келте жана 4-орунду Баймак командалары ээлешти. Жеңүүчүлөргө турнир кубогу жана акчалай сыйлыктар ташырылды.