INILIFE.RU

Күнүмдүк архив: 08.05.2019

Улуу жеңишке 74 жыл! ….

Өрүктү айыл аймагынын жалпы иш коллективи мектеп окуучулары, мугалимлери жана айылдык маданият өкүлдөрү менен биргеликте Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына арналган чакан иш-чара өткөрүштү. Иш-чара согуштун жана тылда эмгектенген ардагерлерин эскерүү менен башталып, Өрүктү айыл аймагынын башчысы Р.Н.Кийикбаев жана А.Жуманазаров орто мектебинин директору Н.Усенбаева- катышуучуларды жана жалпы элибизди улуу жеңиштин майрамы менен куттуктап, окуучуларды патритоттуулукка чакырды. Окуучулар өздөрүнүн даярдаган Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестинен чакан көрүнүш аткарып беришти.

Китеп кербени Ала-Букада….

7-май күнү Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги Америка Ордосу ресурстук борбору менен Жалал-Абад областык китепканасы, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы жана Ала-Бука райондук китепканасы менен биргеликте АКШнын Бишкектеги элчилигинин колдоосу менен STEAM (Илим, технология, инженерия, чеберчилик, жана математика тармагына арналган) «Китеп кербени» Ала-Бука районунда өткөрүлдү. Кербендин жүрүшүндө  компьютердик программалоо, ойлоп табуучулук, кол өнөрчүлүк, ыр-бий, сүрөт конкурстары, китеп көргөзмөсү, англис тилинде конкурстар, Америка спорттук оюндары жана башка кызыктуу иш-чаралара жана мастер класстар өткөрүлдү. Бул конкурстарды, мастер класстарды Америка Ордосунун жана областтык китепкананын кызматкерлери, АКШда окуп келген студенттер, Тынчтык Корпусунун волонтерлору жана жергиликтуу волонтелор өткөрүштү….
Scroll To Top