INILIFE.RU

Айлар боюнча архив: Май 2019

Тазалык- ыймандан башталат…

Ыйык Айт майрамынын алдынан….»Тазалык- ыймандан башталат» дегендей, 1-Май айыл аймагынын Кара-Үңкүр айылынын жаштары Ала-Бука-Пап райондор аралык жолунун Орток-Бел участкасында ишембилик өтктрүп, жол жээктериндеги таштандыларды тазалашты. Ыйык рамазан айынындагы аары сооптуу, аары пайдалуу кылган иштериңиздерин сообун Жараткан акыретте өзү берсин!…Таштандыны жолго ыргытпаңыздар!..Урматтуу  жердештер!!!

Спортту жандай сүйөлү,кылмыштан алыс бололу…

Көк-Серек айыл өкмөтү РИИБү менен биргеликте жаш өспүрүмдөр арасында ар кандай кылмыштуулукту алдын алуу максатында «Спортту жандай сүйөлү,кылмыштан алыс бололу»-деген темада мектептер аралык 5-6-7-8-классынын окуучулар арасында спорттун 8 түрү ,аймактар аралык 9-10-11классынын окуучулар арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Мелдештин жеңүүчүлөрүнө РИИБү жана айыл өкмөт тарабынан диплом,грамота жана төмөндөгүдөй акчалай сыйлыктар тапшырылды. 1-орун дирлом жана 4000 сом.
2-орун диплом  жана 3000 сом.
3 -орун диплом  жана 2000 сом.
Калган 7 командага ар бирине грамота 500 сомдон.
Мыкты оюнчу, мыкты коргоочу жана башка ушул сыяктуу номинациялар боюнча да диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чаранын жалпы чыгым фонду 15000 сомду түздү…

«Балдар биздин планетанын келечеги» бир айлык акциясы…

«Балдар биздин планетанын келечеги» бир айлык акциясынын негизинде, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар үчүн «Кыялдар орундалат» аттуу акция райондук салык башкармалыгында болуп өттү. Алишер Төрөбаев баштаган коллектив балдар үчүн кийим кече, тамак аш алып берүү менен балдарга жылуу маанай тартуулашты. Мындай акция райондук ички иштер бөлүмүндө, токой чарбасында жана мамлекеттик каттоо кызматтарында да өткөрүлдү. Мындан сырткары ишкерлер да өз салымын кошушту…

Ажек айылында түндүк көтөрүлдү…

1-Май айыл аймагынын Ажек айылындагы орто мектептин мындан 10 жыл мурда бүткөн бүтүрүүчүлөрү тарабынан айылдын кире беришине түндүк  орнотулуп,  лентасы  кесилди…
Жаштардын демилгеси,аракети, ынтымагы адамды  кубандырат.
Учурда Ажек айылындагы маданият үйндө, палаткаларда билим алып жаткан окуучуларга, мугалимдерге кыйынчылыктардын баары убактылуу экендиги айтылып,  акыркы коңгуроо майрамы менен куттукталды…

1-Май айылдык паркына павловниялар отургузулууда….

Жаңыга умтулуу, жаңыдан артта калбоо заман талабы… Болгариялык өнөктөштөр менен бирге дагы бир инновациялык долбоор 1-Май айыл аймагында ишке ашканы турат…
Джан ( Болгариялык өнөктөштүн аты) суусу тартыш аймактарда тамчылатып суугаруу системасы жана бак-дарактар боюнча  адистиктин ээси.
1-Май айылдык паркына павловниялар отургузулууда. Айыл аймактын суугат суу тартыштыгын көйгөйлүү маселеси да тамчылатып суугаруу системасы аркылуу сууну экономдоо жаатына өткөрүлүп, чечилгени турат…..

Бүтүрүүчүлөрдөн келе жаткан үлгүлүү жөрөлгөлөр уланууда….

Төрөгелди Балтагулов атындагы орто мектептин мурдагы бүтүрүүчүлөрүнүн арасында түрдүү кайрымдуулук акциялары, билим уясына материалдык жардам берүү иштери уланууда. Ала-Бука айыл өкмөтүнө караштуу АлаБука айылынын Төрөгелди Балтагулов атындагы орто мектебин 10 жыл мурда аяктаган бүтүрүүчүлөрү, имараттын терезелерин жаңылап, жаңы тепкич курдуруп беришип, акыркы коңгуроо аземи менен катар жаңы курулуштун ачылышы да болуп өттү. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы, аким Эмилбек Ысакулович баштаган бир топ мекеме иш-кана мүчөлөрү жана Ала-Бука айыл аймагынын башчысы катышты.Жалпысынан 1 миллионго жакын каражат сарпталды.  «Акыркы коңгуроо» кагылып, кезектеги окуу жылы жыйынтыкталды. Быйылкы жылы бүтүрүүчү класстарга мектепти бүтүрүү аземине карата акча чогултуп, белек алууга, кымбат автоунааларга түшүп, үлпөт куруп, кафе-ресторандарда сайрандоого Билим беруу жана илим министрлиги тарабынан  тыюу салган. Эскерте кетсек республика боюнча 2262 мектепте 9-классты 95 миң,11-классты 61 миң бүтүрүүчүлөр аяктап жатышат…

Бир кылымдан ашык тарыхы бар Уметалы уулу Мергенбай ажы мечити…

Айлардын падышасы болгон ыйык рамазан айында жасалган сооптуу иштердин акысын акыретте жараткан Аллах өзү эселеп берет эмеспи….Бир кылымдан ашык тарыхы бар Уметалы уулу Мергенбай ажы мечитинин былтыркы жылы ремонтоо иштери башталган.  Мечитке Мергенбай ажынын неберелери Акжол,Ашым, Усупбай,Сапаралы,Мамбеталы жана башкалар негизги жумуштарын жасашкан. Сооптуу ишке эхсан катары  Ала-Бука районунун Өрүктү айыл аймагынын Өрүктү-Сай айылынын Бешимов орто мектебин мындан 10 жыл мурун аяктаган 1991-жылкы  юбилей ээлери ички жана сырткы жасалгалоо иштерине жалпы 256 000 сомдук салым кошушкан. Жакшы саамалыка райондук мамлекетик администрциясынан өкүлдөр, айыл өкмөт башчылары, райондук муфтият өкүлдөрү катышышып, каалоо тилек жана ыраазычылыктарын билдиришти. Иш-чара ифтарлык менен улантылып, жаңыртылган мечитте таравих намазы окулду…

З0 жылдык мектеп бүтүрүүчүлөрүнөн рамазанда сооптуу иштер….

1989-жылы азыркы
номер 17 А.Жуманазпров атындагы Орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү башкача айтканда 30 жылдыктар Өрүктү айылдык аймактын айылдарында жашаган турмуш шарты оор, мүмкүнчүлүгү чектелүү, адамдарга, 8 үй-бүлөгө 5000 сомдон акча жана азык-түлүк түрүндө пакет тапшырышты. Баардыгы болуп 8 үй-бүлөгө 45 000 сомдук акчалай жардамдарды беришти. Бул акция турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгарууга чоң туртку болду…

Рамазан айында сооптуу иштер аткарылууда …

Бала- бакыт, бала-кубаныч… Рамазан айындагы ары сооптуу, ары пайдалуу иш-аракеттер уланууда. Ала-Бука айылынын С.Ибраимов жана Кулбаев көчөлөрүндөгү эки кабаттуу үйлөрдүн алдына балдар ойноочу аянтчалар курулуп, пайдаланууга берилди. Бала кубанса, аалам кубанат демекчи кичинекей наристелердин кубанычында чек жок!…  Ошондой эле Сары-Талаа айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына тургузулган эстеликтин  калыбына келтирүү жумуштары да аткарылды. Ошону менен эле катар Сапалак айылындагы Рыскулбеков көчөсүнө трансформатор орнотулду.

Бейиш- Эне таманы астында «…Орозонуздар кабыл болсун!…

Сабыр, мээримдүүлүк, сүйүүнүн үлгүсуюү болгон, үй-бүлө жана коомдук турушубуздун пайдубалы болгон энелерибиздин майрамы Ыйык Рамазан айына туш келди.»Бейиш- Эне таманы астында » демекчи, энелерибиз чооң таазим жана сый-урмат көрсөтүлүп, ифтарлык ( ооз ачуу ) уюштурулду. Орозонуздар кабыл болсун!…

Scroll To Top