INILIFE.RU

Күнүмдүк архив: 18.03.2019

1-Май айыл аймагында эл аралык деңгээлдеги ишембилик…

         Республикалык масштабда жарыяланган ишембилик  1-Май айыл аймагында эл аралык деңгээлге чыгып, жогорку даражада өткөрүлдү!!! Коншулаш Өзбекстан Республикасынын Касан-Сай районунан ишембиликке 21 даана атайын техника, 200 чукул коноктор келишти. Ишембиликтин кульминациясы-район хокими Баходир аке өзү баштап, кечке чейин Ала-Бука районунун акиминин орун басары Бектур Сагымбаев баштаган жетекчилер менен бирге болду!!! Эки элдин ынтымагына багышталып, мал союлуп, бата тиленип, ыр-бий аралашкан эмгек майрамы өзгөчө болду!!!

Нооруз майрамы Ала-Бука аймактык ооруканасында…

  Бүгүн Ала-Бука районунун аймактык ооруканасында  «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын» алкагында ишембилик өткөрүү менен Нооруз майрамына карата иш чара болуп өттү. Бул оорукана жыл жыйынтыгы менен эки жылдан бери райондук мекеме ишканалардын ичинен биринчиликти алып келет. 2017-жылы 3 млн.жакын инвестиция тартса, өткөн жылы 1,5 млн инвестиция тартып, оорукананын инфраструктурасы кыйла оңолду. Андан сырткары заманбап аппараттар менен толукталып, калктын ден соолугу үчүн 350 дөн ашык кызматкер иштеп келүүдө. Бүгүнкү жаз майрамына арналган иш чара да жогорку деңгээлде белгиленип, кыргыздын улуттук каада салттары даңазалануу менен улуттук ыр куулор жаңырып жатты. Ушул эле жерде кыргыздын улуттук тамагы сүмөлөк кайнатылып, ооруканада дарыланып жаткан бейтаптарга, келген конокторго тартууланды.

Адистерден куралган топ» тушоо кесүү» салты менен чуркашып, жаңы баскан наристенин тушоосун кесип, келечекте эли үчүн кызмат кылган инсан болушун каалап, бата беришти. Иш чарага райондун акими Э.Абдыкадыров катышып, жалпы дарыгерлер жамаатына ийгиликтерди каалап кайтты.

Scroll To Top