INILIFE.RU

Күнүмдүк архив: 08.03.2019

Аялдардын эл аралык майрамынын урматына салтанаттуу майрамдык иш-чара 1-Май айыл аймагында…

Аялдардын эл аралык майрамынын урматына салтанаттуу майрамдык иш-чараны жогорку денгээлде өткөрүлдү. Аймагыбыз Сиздер менен ар убак сыймыктанат!!! Бар бол,аялзаты!!!

Ааламдын ажарлуу айымдарына арналган майрамдык маанай Ак-Там айыл аймагында…

Ааламдын ажарлуу айымдары майрамыныздар менен!Ак-Там айылдык аймагында айымдардын майрамына арналган иш-чаралар болуп отту.Жогорку Кенештин депутаты АзизбекТурсунбаевдин, аймактагы 100 айымга арналган белектери жана Айылдык аймактын атынан чыгаан айымдарга майрамдык белектер тапшырылды.

 

Эң ыйык инсандар майрамы…Апалар майрамы…

8-март аялдардын эл аралык майрамына арналган иш чара райондук маданият үйүндө болуп өттү. Майрамда райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Э. Абдыкадыров, депутаттардын кошмо жыйынынын төрагасы М. Мамырбеков, Ала-Бука айылдык аймагынын башчысы М. Дооранбек уулу куттуктоо айтып, жалпы аялзатын майрамы менен куттуктады. 30670 Аскер бөлүгүнүн жоокерлери аялдарды тосуп алып, гүлдөрдү беришти. Ошондой эле Жогорку кеңештин депутаты А.Турсунбаевдин белектери, райондук мамлекеттик администрациясынын белектери райондун социалдык-экономикалык экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Ардак грамота менен белектер берилди. Баткен согушунун катышуучулары Ш.Мадраимов, М.Ашырбековдун энелерине «Эне даңк» медалы, Ала-Бука колледжинин директору, доцен С.Рысбаевага төш белги тапшырылды. Иш чараны райондун жигиттери маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулган концерт коштоп турду. Ошону менен бирге райондук үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун директорунун орунбасары Ж.Тажибекова, Т.Балтагулов атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын завучу К.Сатиева КРӨ Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Сатыбалдиевдин Ардак грамоталары тапшырылды.

Scroll To Top